Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Акциздик салыктын эсебинен айлык көтөрүлөбү?


“Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борбору, 12-февраль, 2010-жыл
“Манас” аба майданындагы АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борбору, 12-февраль, 2010-жыл

“Ата Мекен” фракциясы учактардын күйүүчү майларына акциздик салык киргизүү маселесин талкууга алууда.

Акциздик салыктын чоо-жайы тууралуу суроолорго аталган фракциянын депутаты Райкан Төлөгөнов жооп берди.

"Азаттык":
Мына бүгүн "Ата Мекен" фракциясы өзүнүн жыйынында реактивдүү отун, же учактар үчүн күйүүчү майларга акциздик салык киргизүү маселесин талкуулайт экен. Айтыңызчы бул демилгенин чыгышына эмне себеп болду?

Райкан Төлөгөнов: Эми кыргыз коому биздин мугалимдердин, врачтардын маянасы аз экенин, турмушу өтө оор экенин билет. Бирок мамлекет башчылары ушуга бир жетиштүү кандайдыр бир көңүл буруп, маянасын көтөрүү маселесин таптакыр чече албады. Бюджетте тартыштык болуп жатат деп, ошону шылтоо кылып элдин ушундай учунда турган катмарын маянасын аз кылып, жашоо турмушун оор кылып, жөн эле мындайча айтканда кор кылып кармап отурабыз. Эми ошо акциздик салыкты салып, ошолордун маянасын көтөрүү маселеси бул болгону аракет. Мындан ары дагы башка аракеттерди жасамакчыбыз. Бул биринчи аракет. Мугалимдердин турмушун оңдоп коёлу деген ниет.

"Азаттык": Азыркы таптагы божомол боюнча акциздик салык киргизилсе, анын көлөмү канча болот, өлкө казынасына канча акча түшөт?

Райкан Төлөгөнов: Бул негизинен чечиле элек. Ошо бүгүнкү жыйында кандай салык болот, бул салык болобу же башка мыйзам чегиндеги төлөмдөр болобу, ошону бүгүн чечишебиз. Эгерде салык боло турган болсо, анда башка эл аралык учууга да оор болуп калат экен. Биз аны каалабайбыз. Ошондуктан бул салык болбосо дагы башка кандайдыр бир формада болсо, ошону дагы бүгүн талкууламакчыбыз.

"Азаттык": Жаңы жыл алдында өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев эгер акциздик салык киргизилсе, башка жактардан май куйуу башталат деген маанайдагы пикирин билдирди эле. Буга сиз эмне дейсиз? Бул май куйуучу фирмаларды чочутпайбы?

Райкан Төлөгөнов: Чочутуп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн биз ар кандай башка формаларын кароого даярбыз. Мыйзам чегинде формалар көп. Ошонун бирөөнү бүгүн сүйлөшөбүз го.

"Азаттык": Негизи Кыргызстанда күйүүчү майлардын басымдуу бөлүгү АКШнын Транзиттик жүк ташуучу борборуна ташылаары маалым. Анан акциздик салык болобу, анын башка түрү болобу, бул нерсе АКШнын ачуусун келтирбейби? Деги эле бул нерсе АКШ менен болгон мамилеге кандай таасирин тийгизет?

Райкан Төлөгөнов: Эми реактивдүү күйүүчү майлардын дүйнөлүк баасы Кыргызстандагы алып жаткан баадан алда ганча жогору да. Ошондуктан биздин коңшу мамлекеттеги бизнесмендер ар кандай салыктарды төлөөгө да даяр. Себеп дегенде мурда төлөм бар болчу. Бирок ал төлөмдү алып таштады. Бүгүн кайра ошол төлөмдү жаңыртканга дагы даяр. Алардын өздөрүнүн бюджети бар. Ошо бюджетте баанын көтөрүлүшү каралган. Ошондуктан алар даярдыгын айтып жатышат. Бирок биз башка жакка дагы зыяны тийбей, бир жакшынакай жол менен чечкенге аракет кылып жатабыз да.

"Азаттык": Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG