Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Президенттин учкучу - Турар Исмаилов


Турар Исмаилов
Турар Исмаилов

"Азыркы кыргызстандык" түрмөгүнүн бул жолку каарманы Кыргызстан президентин тейлеген авиаэкипаждын командири Турар Исмаилов.

33 жаштагы учкуч Турар Исмаилов 2007-жылдан бери Кыргызстандын үч президенти түшкөн учакты башкарып келет. Маектешибиз өлкөдөгү №1 учакты кантип башкарып калганын жана ушул жылдын апрель айында президенттин Европага сапарында кандай сыноолорго туш келгенин айтып берди.

Турар Исмаилов​: Мен 2007-жылдан тарта президенттик экипажда пилотмун. Алгач ТУ-154 учагынын экинчи пилоту катары иштей баштагам. 2009-жылы биздин өкмөт Beechcraft King Air 350 учагын алган. Аны башкаруу үчүн АКШга барып окуп келгем. Ошондон бери президенттик самолеттун экипажынын командири болуп иштеп жатам. 1998-жылы Бишкектеги авиациялык колледжде окугам. 2001-жылы бүтүп, ЯК-40 учагында уча баштагам. Андан кийин “Алтын Эйр” ишканасында АН-24 учагын башкаргам. Алматы шаарындагы Жарандык авиация академиясында беш жыл окуп, кийин Санкт-Петербургдагы жарандык авиация университетин бүтүргөм. Өзүм 2001-жылдан берип учуп келатам, 14 жыл болду. Учуу тажрыйбам 10 миң сааттан ашты.

"Азаттык": Апрель айында Кыргызстандын президенти баштаган делегация Берлинге барганда “Никлас” бороону болуп жаткан эле, ошондо сиз башкарган учак жерге кандайча конгонун чет элдик медиа жазып чыкты. Интернетке видеосу да жарыяланды. Экипаждын мыкты даярдыгынан эле учак ошондой шартта Берлин аэропортуна конууга мүмкүн болгону айтылган. Бул жөнүндө өзүңүздөн уксак.

Турар Исмаилов​: Секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал болуп аткан. Ал кезде кыйынчылыктар болду. Ага карабастан самолетту кондурдук. Бирок ошол маалда Берлинде башка чет элдик учактар деле конуп жатты. Биз деле алардын катарында болдук.

"Азаттык": Берлинге ТУ-154 менен учуп бардыңыздар. Европада бул учак колдонулбай калган. Алтургай сиздер конуп жатканда авиасүйүүчүлөр сүрөткө тартып, өзгөчө кызыккандар болгон турбайбы?

Турар Исмаилов​: ТУ-154 орустар чыгарган самолет, 1970-жылдардан баштап чыгарыла баштаган. Бир аз эскирип калды. Ал учуп-конгондо кыймылдаткычынан катуу добуш чыгат. Ошондуктан ТУ-154түн Европага учканга уруксаты жок. Бирок пилот катары мен ТУ-154 аябай жакшы учак деп айтат элем. Ал эми биздин өлкөнүн самолеттору жакшы абалда.

"Азаттык": Бортто өлкө президенти баштаган жогорку даражалуу адамдар отурганда өзгөчө жоопкерчиликти сезесизби?

Турар Исмаилов​: Албетте, сезилет. Бортто андай кишилер отурганда учуп-конгондо өтө абайлап, жоопкерчилик күчөйт. Бирок кадимки жүргүнчүлөрдүн рейстерин башкарганда деле ошондой эле мамиле кылабыз. Бүтүндөй экипаж бардык жүргүнчүлөргө максималдуу ыңгайлуулукту түзүүгө аракет кылабыз. Учкучтарга талап күчтүү. Бекем ден соолуктан тышкары терең билим, мыкты даярдык керек.

"Азаттык": Турар мырза, Европа, Азия, Африка өлкөлөрүнө чейин учуп жүрөсүз. Көк мелжиген аманда баратканда кандай көрүнүш өзгөчө жагат?

Турар Исмаилов​: Көлдүн, тоо-токойлордун үстүнөн учканда көрүнүш аябай кооз. Өзгөчө биздин Кыргызстандын үстүнөн суктанып учабыз. Бул өзгөчө сезим, аны өз көзүң менен көрүшүң керек. Дүйнөдө канча ажайып кооз жерлер болбосун, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугуна жетпейт.

"Азаттык": Бүгүнкү күндө учкуч жогорку маяналуу кесиптердин бири. Дүйнөлүк таанымал авиакомпаниялар учкучтарга 5-15 миң долларга чейин төлөйт. Албетте кыргызстандык учкучтар андай айлык албайт. Ошентсе дагы учкуч болууну самагандарга эмне кеңеш бересиз?

Турар Исмаилов​: Пилот болом десеңер, бул аябай жакшы кесип. Биринчиден, ден соолугуңарды жакшы карагыла. Андан кийин азыркы жаңы талап - англис тилин жакшы билүү керек. Мектептен баштап эле англис тилин үйрөнүп, спорт менен машыгуу керек. Кийин Бишкектеги Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык колледжге тапшырууга болот. Бул кесип өзгөчө кесип, пилот болуп иштегениме сыймыктанам. Ал үчүн ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем. Менин атам учкуч. Кичинекей кезимде эле атамдын жумушка формасын кийип алып кетип жатканын көрүп, ошондо эле учкуч болом деп самачумун.

Учурда Кыргызстандагы №1 бортту башкарган Турар мырза атасы Таалай Исмаилов менен бирге учат. Атасы учакта башкы штурман.

Ошентип сөз соңунда бала кыялын багындырган президенттин учкучу Турар Исмаиловго ар дайым ачык асман, байсалдуу сапар кааладык.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG