Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Оозу менен компьютер оңдогон Назирбек


Назирбек иш учурунда.
Назирбек иш учурунда.

Компьютер оңдоочу Назирбек Тайлаковду Ноокен районунда билбеген киши аз. Кичинесинде эки колунан ажырап калган жигиттин шык-жөндөмүнө, өнөрүнө тан бергендер четтен чыгат.

Компьютердин ичеги-кардын аңтарган Назирбектин жашы 22де. Бала кезинде аябай шок да, көп нерсеге ынтызарлыгы күчтүү да болгон экен. Балалык кызыгуусу менен айылга электр тогун бөлүштүрүүчү темир жашиктеги подстанциянын каалгасын ачып көрөм деп жети жашында эки колун алдырып алган.

- Колсуз калганыма карабай, окуганга аракет жасадым. Жазганды үйрөндүм. Мында мага апам жол көрсөттү. Башында кыйналдым, бирок кийинчерээк көнүп кеттим, - дейт.
Назирбек иш учурунда.
Назирбек иш учурунда.
Ал калем-сапты оозуна тиштеп, биздин көзүбүзчө аты-жөнүн жазып койду. Назирбекти азыр Ноокен районундагы эң алдыңкы компьютер устасы дешет. Кошуна райондордо да, облустун борбору Жалал-Абад шаарында да кардарлары бар. Компьютерге түрдүү программаларды орнотуубу, интернеттен маалымат алуудабы, же болбосо бузулган компьютерди оңдоо керек болобу, айтор оозунун жардамы жана чыканагына чейин кесилген колу менен жогорудагы иштердин баарын жасайт. Сапаттуу иштегендиктен ишканасы дайыма кардарга толуп турат.

- 8-класстан бери компьютерге кызыгам. Оңдойм. Адамдарга интернеттен маалымат таап берем, электрондук почта ачам. Рефераттарды жазып берем. Ишканалар менен көбүрөөк иштешебиз. Компьютердин кай бир тетиги күйүп калган болсо же программадан чыып кетсе, түзөтүп, офистик программаларды жайгаштырам,- дейт уста жигит

Ал үй-бүлөдө жалгыз уул. Өзүнөн кийин үч карындашы бар. Атасы Эркин Тайлаков куруучу, апасы Мавлюда Режабалиева мектепте мугалим. Биз барган кезде алар үйдө жок болуп, баарлаша албай калдык. Тааныштарынын айтымында, убагында ата-энеси Назирбектин кызыгууларына көңүл кош карабай, анын максаттарын ишке ашырууга бардык шартты түзүп беришкен.

Азыр Назирбек өзүн жана үй-бүлөсүн кошо каржылайт. Карындаштарынын окуусуна да акча табат. Өзү мектепти бүтүп, Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетине окууга тапшырган экен. Бирок университет берген билимге ыраазы болбой, Ноокенге кайтып келип алыптыр. Эми минтип жеке ишкердик менен алектенип жатат:

- Университеттин алгачкы курстарында жалаң мен билген нерселерди үйрөтөт экен. Убактымды бекер өткөргөнчө, үйгө барып бутка турайын дедим да, окуумду сырткы бөлүмгө которуп, келе бердим.

Назирбекти жакындан билгендер аны жайдары жигит экенин айтышат. Аны менен бала кезден чогуу өскөн Аваз Арипжановдун айтымында, ушул убакка чейин тагдырына наалыган эмес:

- Көңүлүндө кири жок. Дайыма башкаларга жардам берип жүрөт. Ушул убакка чейин ыйлаганын же наалыганын укпадым. Көбүнчө “эгер менин колум соо болсо, ким билет, элге жардамы тийбеген шок, көчө чаңыткан жигит болмокмун”,- деп айтып калат.

Жашоодо өз жолун таап алган Назирбек ийгиликке жетишүү - аракетке гана байланыштуу дейт. Өзү жаш болсо да бир топ шакирттерди тарбиялап чыгарган жигит Ноокен районунун борбору Масы айылында эки ишкана ачкан.

Бирөөсүндө компьютерлерди оңдосо, дагы биринде кишилерге компьютердик кызматтарды көрсөтүп, интернет менен тейлейт. Баса, анын интернет клубу азырынча Масыдагы жападан жалгыз клуб.

Назирбек ушуну менен токтоп калбай, ишканасын кеңейтүү аракетин көрүп жүрүптүр. Үч жылдан соң үйлөнөөрүн айтат.
XS
SM
MD
LG