Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Бакиевдерге берилген Батыровдун үйүнүн талашы


Кадыржан Батыровдун талашка түшкөн үйү, Сузак району
Кадыржан Батыровдун талашка түшкөн үйү, Сузак району

Бакиевдерге өткөрүлүп берилген Кадыржан Батыровдун турак жайына байланыштуу облустук прокуратура тийиштүү кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду.

Ал арада сот Батыровдун үйүн кайрадан тергөө бүткөнгө чейин убактылуу камакка алды. Айыпталып жаткан кызматкерлер баары мыйзам чегинде берилгенин ырастоодо.

Ушул жылдын 18-майында Санжар Бакиевдин пайдасына чечилип берилген Кадыржан Батыровдун турак жайын райондор аралык сот камакка алды. Ага облустук прокуратура Мамлекеттик каттоонун Сузак райондук бөлүмүнүн жана сот аткаруучулар департаментинин кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоосу негиз болгон. Облустук прокуратуранын бөлүмүнүн ага прокурору Азамат Жунусов буларды айтты:

- Батыровдун үйүнүн Санжар Бакиевге берилүүсүнүн мыйзамдуулугун облустук прокуратура текшерип чыкты. Натыйжада 2012-жылы Кадыржан Батыровдун мүлкүнө карата соттун конфискациялоо чечими толук күчүнө киргенде анын Сузак районунун Дмитриевка айылынын Пахта көчөсү 134 дарегиндеги үйү ал тизмеге белгисиз себептер менен кирбей калган. Бул багытта Сузак райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жана райондук сот аткаруу департаментинин кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдар табылып, эмне себептен үй тизмеге кирбей калганы ачыкка чыгат.

Прокуратуранын айыптоосун Мамкаттоо кызматкерлери четке кагууда. Алар Батыровдун мүлкүн конфискациялоодо эч кандай жасалмалуулукка жана жаап-жашырууга барбаганын айтып жатышат. Болгону Батыровго тиешелүү мүлктөр эки башка формада базага катталып калган.

Ошол себептүү анын турак жайы 2012-жылы базадан чыккан эмес дейт Сузак райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Салмоорбек Турдукулов.

- Биздин мекемеге 2013-жылдары прокуратурадан, милициядан жана соттон Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин берүү боюнча сунуш келген. Биз электрондук системада иштегендиктен анын атындагы бардык мүлктөрдү аныктап бергенбиз. Ал эми азыр талаш жаратып жаткан турак жайы анын энесинен Батыров Кадыржанга мурас катары өткөрүлүп, ушул боюнча биздин базага киргизилген. Ошол себептүү "А" жана "И" тамгалардан айырма болгондуктан анын үйү конфискациялоого кирбей калган. Ал эми Бакиевдер боюнча сот чечимин аткарууда бизге Дмитриевка айылындагы Пахта көчөсүндөгү 134-үй кимге таандык экенин тактоодо, Батыровго тиешелүү деп гана аныктама чыгарып бергенбиз. Бул жерде биз эч кандай документти жасалмалоо жана жаап-жашырууга барган эмеспиз.

Буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде Батыровдун тууганы Гүлчехра Алимова орган кызматкерлери Бакиевдерге, атап айтканда 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси, маркум Жусупжан Бакиевдин уулу Санжар Бакиевге мүлктү мыйзамсыз өткөрүп берип жатканын айткан. Анткени бул турак жайды Кадыржан Батыров 1998-жылы эле тун уулу Батыржандын наамына мурас катары калтырган. Бирок бул маалыматты Салмоорбек Турдукулов ырастаган жок.

- Батыровдун туугандары бизге уулуна мурас калтырган турак жайдын документинин көчүрмөсүн гана алып келип көрсөттү. Ал эми анын түп нускасы бизде да жана алардын өзүндө да жок экен. Алар чыныгы документти көрсөтөбүз дегени менен аны бизге алып келген жок. Биздин ишкана 1999-жылы Сузакта катталган сел кырсыгынан кийин жаңыдан түзүлгөн. Ага чейинки архивдик документтердин көпчүлүгү бизде жок. Ошол себептүү Батыров баласына мурас катары 1998-жылы өткөрүп берген үйүнүн документтери жок болуп чыкты.

2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров Би-Би-Си өзбек кызматына курган маегинде үйүнүн Бакиевдерге берилишине кыргыз бийлиги кийлигишип, мыйзамсыз берилип жатат деп айыптаган. Бирок Санжар Бакиев булардын баарын төгүнгө чыгарып, учурда баары соттун чечими менен жана мыйзам чегинде алынып жатканын кошумчалады:

- Өзүнүздөр билесиздер, 2010-жылы атамдын, чоң атамдын жана акемдин турак жайын Батыров баштаган адамдар өрттөп кетишкен. Буга байланыштуу прокуратура кылмыш ишин козгоп, Батыровду күнөөлүү деп тапкан. Жалал-Абад шаардык сотунун 2010-жылдагы чечимине ылайык, сот Бакиевдерге 7,4 миллион сом Батыровдон өндүрүп берүүнү туура деп тапкан. Бул чечимди 2012-жылы облустук сот да күчүндө калтырган. Кийин сот аткаруучулар Кадыржандын турак жайын аныктап, Сузак райондук сотунун 2015-жылдын май айындагы чечими менен мага карызым үчүн өткөрүп берди. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу орун алган жок деп эсептейм. Батыров сыртта жүрүп баатыр болбой, ушул жакка келип сот аркылуу өз укугун талашсын. Мен кайсыл жерде болбосун ал менен соттошконго даярмын. Прокуратура кылмыш ишти туура эмес козгоду деп эсептейм.

Батыровдун адвокаты Леонид Бусыгин “Азаттыкка” берген маегинде талашка түшкөн үй 1998-жылы Батыровдун уулу Батыржанга мурас катары өткөнүн айтты:

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
Түз линк

Батыровдун мүлкүн алып жаткан Санжар Бакиев Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жусупжан Бакиевдин уулу. Ал 2010-жылдын май айында Жалал-Абадда башаламандык уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө карата курал колдонгон деген айыптар менен алгач 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийинчерээк Жогорку Сот бул өкүмдү жокко чыгарып, беш жылга эркинен ажыраткан. Санжар 2014-жылдын ноябрь айында жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу абактан бошотулган.

Ал эми Кадыржан Батыровдун бардык мүлкү 2011-жылы соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана анын жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн болчу.

XS
SM
MD
LG