Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Аксыда шарп ылаңы күч алды


Аксыда малдын шарп ылаңы уланууда. Малдын жугуштуу бул оорусун дарылоого мал ээлери менен алардын балдары да тартылган.

Аксылык айыл башчы Кубаныч Анарбаев өзү жашаган Жылуу-Булак айылында жугуштуу бул дарт катуу күчөгөнүн жана малдын жугуштуу ооруга каршы эмделгендери деле ооруну кайра жуктурганын айтты:

- Айыл боюнча шарп болгондору 200дөн ашып кетти. Анан 20-30дайы өлүп калды. Анын баарын көмдүрдүк. Мал алыскы жайлоого жете албай жакынкы жайлоолордо кармап турабыз. Жете турган абалы да жок. Элдин көбү жем-чөптөн кыйналды, бул жерде өсө турган чөп калган жок.

Ылаңдаган малды алардын ээлери өздөрү элдик ыкма менен дарылашууда. Бирок Данияр Бусурмановдун аргасы куруду. Анткени айыкты деген музоолуу уйлары кайра эле ылаңга чалдыккан:

- Биздин малдарыбыздан эки уюбуз шарп болду. Ибермек, пенициллин берип атабыз. Айылдагы малдын баарына жукту. Арыгы өлүп атат, бардыгы эмделген. Быйыл кышында жем-чөп жетпей, мал кыйналып калган. Мал доктурлар кабар албайт, чакырсаң келишет. Жайлоодо ооруп жатканы канча? Мал доктурлар жайлоого барбайт да. Эл өзү тапканы менен дарылап аткансыйт.

Оору малдарды дарылоого балдар да тартылды. Марлен Муса уулу шарпка чалдыккан уйларын кандай ыкма менен дарылап жүргөнүн айтып берди:

- Биздин жети уюбуз бар, төртөө шарп менен ооруйт. Азыр төртөө тең оор абалда. Торпоктору да ооруган. Аларга пенициллин менен дагы бир чача турган дарыны кошуп сайдырдык, бирок оңоло албай, өлөйүн деп атат. Токойдо бир уй өлүп калган экен. Аны иттер талап жаткан.

Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө 6 миңден ашык адам жашайт. Он миңдей бодо мал, кой-эчки, жылкыларга көз салууга ветеринардык бир адис бөлүнгөн. Бирок анын өзү да ушул маалда ооруп, жумуштан убактылуу бошоп кеткен. Айыл өкмөт башчы Болотбай Төрөбеков райондук ветеринардык адистерден жардам сураган:

- Кайрылгандар күндөн күнгө көбөйүп атат. Жүздөн ашык малыбыз шарп болуп турат. Мындан сырткары да ооругандары канча, эсебин чыгара элекпиз. Шарпка каршы эмдегиле деп ветеринарларга кайрылып атабыз. Алар шарп болуп турган учурда эмдөө болбой турганын, дары-дармек да жетишсиз болгонун айтышты. Эл өзү ар кимден уккан-билгендерин колдонуп, элдик ыкма менен дарылап атат. Ошондуктан окуу жайды атайын бүтпөгөн адамдарды келишим менен мал доктур кылып иштетип атабыз.

Тоо кыштактарында малдын көптүгүнөн жайыт тартыш. Анын айынан арыктаган малга шарп жугууда. Айыл тургуну Таттыгүл Ботобекова оору малды дарылоого ветеринардык жалгыз адистин үлгүрбөй жатканын белгиледи:

- Биздин үч малыбыздын экөө шарп болду. Белгилери – оозунан шилекейи агып, буту чолок болуп, баса албай, алыс кете албайт. Мал доктурдан кеңеш сурап атабыз, ал келип турат, бирок айыл чоң болгондуктан жетишпей жатат. Майда жандыктан чечек чыгып, дары таасир этпей жатат. Эл деле жетише албай атат. Мына бул уйдун торпогу беш күндөн бери эмбей атат, абалы оор.

Адистер шарп ылаңы малдан адамга жукпайт дешет. Бирок ар бир адамдын жугуштуу кеселден этият жүргөнү жакшы.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG