Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Жалал-Абад: Коркутуу болгонбу?


Ташиевдин тарапкерлеринин митингинен бир көрүнүш.
Ташиевдин тарапкерлеринин митингинен бир көрүнүш.

Жалал-Абадда өзүн көз карандысыз атаган "Д каналынын" (элде 7-канал деп таанылган) директору Алтынбек Жумаев бийлик тарабынан кысым болуп жатканын айтып, акыйкатчыга кайрылды. Ички иштер башкармасынын орун басары мындай дооматты четке какты.

Жалал-Абаддагы Д-7-каналы 3-октябрда Бишкекте, ага улай облуста өткөн оппозициянын митингин көрсөткөндөн кийин анын редакциясына бийлик жана күч уюмдары тарабынан телефон аркылуу коркутуу болгонун айтып, телеканалдын директору Алтынбек Жумаев акыйкатчыга кайрылган.

- Белгисиз номурдан эле чалып, "Жалал-Абадда, түштүктө болгон окуяларды көп чагылдыра бербе! Бийликти көп сындаба!" дегендей сүйлөдү. Аты-жөнүн сурасам тигини-муну айтып, трубканы коюп салды. Журналистикада мындай болбошу керек.

Акыйкатчы Турсунбек Акун сөз эркиндигине байланыштуу кайрылууну өз көзөмөлүнө алганын тастыктады:

- “Бизди күнөөлөп атат. 7-канал элди митингге чыккыла деп үндөгөнсүңөр. Чындыгында митингге эл өзү чыккан. Биз эч кимди чакырган эмеспиз, бул - куугунтук, коркутуу-үркүтүү”, - деп мага арыз жазды. Мен каттаттырып койдум.

Облустук ички иштер башкармасынын жетекчи орун басары Нурлан Төрөбеков “Д-7-каналын” коркуткан телефон чалуу болбогонун билдирди. Ошону менен катар эле Нурлан Төрөбеков телеканалдын көрсөтүүлөрүнөн “Ата Журт” партиясына жан тартууну жана бир жактуулукту байкагандыгын кошумчалады.

- Бизде андай коркутуу-үркүтүү деген болбойт. Алардын өздөрүнүн каналы болгондон кийин баары бир “Ата Журт” партиясына тартат да. "Тынчтык митингге чыккыла" деп,3-октябрдан тартып чакырыктары болуп атты.

Жалалабаддык көрөрман Арстан Жээнбеков бир нече телеканалдарды салыштырып көргөн. "Бирок өкмөттүк сыналгылардан айырмаланып 7-канал бир жактуулукка ыктаган жок", - дейт ал. Анын ырасташынча, сыналгы облустагы митингди кыскартпай, ачкачылык акциясын да толук чагылдыруу менен элди тынчтыкка үндөөдө.

Ал эми облустагы “Дил” гезитинин баш редактору Самидин Стамбековдун байкоосунда, өкмөттүк маалымат каражаттары бийликке, жеке менчик, же оппозициялык маалымат каражаттары өз ээсине, же партиясына жан тарткан материалдарды чыгарышат:

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG