Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Жалал-Абад: Малга тоют жетпей жатат


Жалал-Абад облусунда жем-чөптүн жетишсиздигинен мал арасында өлүм-житим болууда. Ошондуктан малчылар чөптү кымбат болсо да сатып алышууда.

Сузактын Ачы өрөөнүнөн Жалал-Абаддагы чөп базарга келген Жумалы Мамашев былтыр камдаган үймөк чөбү кыштын узакка созулганынан түгөнгөнүн айтууда. Ал жаз эрте келсе, эми сатып алаар тоюту жетээрин, өз мал-кою арыктабаганы менен чөбү тартыш адамдардын жандыктары чыгымга учураганын билдирди:

- Чөп кымбат, 150дөй коюм бар, үч-төрт кара малым бар. Кыргыздарды билесиз го, чөптү үймөк кылып жыят. Былтыр бир үймөк чөп жыйгам. Ошол жетпей калды. Айылдарда суукта жылкы өлүп жатат. Чөбү жетишсиз болгондордуку, чөптү ченеп бергендердики анча-мынча өлүп атат. Азыр мен жүз таңгак чөп алайын деп атам, үч-төрт күндүк чөп калган. Бийлик өзүнүн эле казанында кайнап атат, элге пайдасын тийгизейин дегендер жок. Кайсы жерде арзан чөп, саман болсо, ташып келип, элге берсе жакшы болмок. Азыр беденин таңгагын 280 сом деп атат, чөптү 250 сомдон, самандын бир таңгагын 180 сом деп атат, мал өзүн актабай калды.

Аксы районуна караштуу тоолордо кардын калыңдыгы бир метрден ашат. Анын айынан чөпкө жетпей эки ай ичинде райондун Акжол жана Аксуу айылдарында 18 баш жылкы, үч баш бодо мал, 113 баш кой, 80 эчки өлгөнүн мурдагы аким Кадыркул Өмүрбеков ырастады.

Тоо кырларында ачка жылкы өлгөнүн Аксынын Кызыл-Туу айылынын жашоочусу Айбек Сатыкулов да көрүптүр.

Мал ээлери кыштын оор болуп, чөптүн баасы кымбат болгонунан улам кыйналууда. Замира Кадыркулованын туугандарына малын кыштатууга 26 миң сомго сатып алган тоюту жеткен эмес. Мал тургай отун-көмүрдүн кымбаттыгы жарандардын кендирин кесүүдө:

- Үймөк чөптүн бир метри беш миң сом болуп атат. Айылдыктардын баары эле кыйналып атат. Чөбү жетпей малдары жыгылып, көтөрүм болуп, койлору өлүп атат. Мамлекет эмнени бермек эле? Малды карамак түгүл адамдарды карабай атат. Мен билем, экинчи топтогу майыптарга көмүр берилбейт, алар каралбайт, жарык өчүп атат, суук. Көмүрүбүз жок, алайын десек кымбат. Мен он кап көмүр алдым, 250 сомдон. Ал канча күнгө жетет?

Кыштын өз убагынан бир жарым ай мурда түшөөрүн эч ким күткөн эмес. Ошондуктан облбийликтин бөлүм башчысы Жаныбек Осмоналиев былтыр тоюттун 70-80 пайызы гана камдалганын маалымдады. Анын билдиришинче, учурда райондордо мал кыштатуу штабдары түзүлгөн:

- Райондордун жер-жерлеринде адамдардын пулдарына уюштуруп, алып келип жатышат. Аксыда, Чаткалда, Ноокен, Базар-Коргон, Сузакта Чүйдөн ташып келип атпайбы, Ош, Баткенге чейин, күнүнө беш-алты машинадан, саманды 160 сомдон. Жүгөрү, буудай алып келип атышат. Тоют болгон учурда деле “малдын өлүмү болбойт” деп айтканга кыйын, айрым жерлерде каралбай, талаада калса...

“Кыш камын жазда көр” дегендей, мал күткөндөр жем-чөптү убагында ашыгы менен камдап алганы оң. Элеттиктердин малын багып-сатып жашаганын белгилеген Анара Алимова жайында башка жумуштарды жыйыштырып коюп, чөп чабыкка чыккан Кара-Кулжа, Алай райондорунун калкынын өрнөгүн башкалар үйрөнсө деген сунушун айтты:

- Азыркы учурда айыл жергесинде мал менен эле тирилик кылып калган, эч жерде иштебеген, үйүндө отуруп калгандар. Айыл жеринде чөптөн, мал тоютунан кыйынчылык болуп атат, биздикин деле жетет деп айта албайм. Ар бир үй-бүлө кол күчүнө, шартына карабай көп мал багып алып, кыйналып атышат да. Кыйналбай турган болуп, сарамжалдуулук менен пайдаланса болот да. Эмки жаздан баштап, күзгө, кышка чейин тоюттарды топтоп алса, кышында кыйналышпайт эле. Кышка жапа тырмак камданып, август айларында чөп чабыкка чыгып, эч жакка кетпей, той-ашка да барбай, бир ай чөп камдашат. Ошентип жем-чөптү көп топтоп алып, кышы менен кыйналбагандар бар.

Облбийлик былтыр облуста мурунку жылдагыдан кой-эчки 10 пайызга, бодо мал 3 пайызга, жылкы 2 пайызга көбөйгөнүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG