Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Жалал-Абад: Энергетикадагы көйгөйлөр талкууланды


Электр энергияны ашыкча колдонуу аварияларга алып келүүдө.
Электр энергияны ашыкча колдонуу аварияларга алып келүүдө.

10-февралда Жалал-Абадда электр жарыгына байланыштуу абал талкууланды. Анын катышуучулары тармактык адистердин айынан керектөөчүлөрдүн укугу бузулганын айтышты.

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын өкүлдөрү электр жарыгы менен камсыз кылууда бир пикирге келүүнүн жол-жоболорун талкуулашты. Алар кыш эрте түшкөндүктөн баасы арзан электр тармагы жогорку чыңалуу менен иштеп жатканын белгилешип, көйгөйү арбын тармактын адистери керектөөчүлөрдүн укугун бузган окуялар көп экендигине токтолушту.

Баткен облусунан келген Виталий Лукьянов жараксыз болгон электр жабдууларын текшерүүдөн өткөрүүнү, иштен чыккан жабдууларды алмаштыруу жагын электриктер жарандардын мойнуна жүктөшөөрүн айтып, кур дегенде райондук деңгээлде болсо да тармакты көзөмөлдөөчү топторду уюштурууну сунуш этти.

Жалалабаддык Камбар Каримкулов керектөөчү менен тармактык уюмдун ортосундагы келишим так сакталбагандыктан кыйла убара чеккендигин айтууда. Карыя мамлекеттик энергетика агенттигинин 2005-жылдагы жарыкты жаккандыгы жөнүндө билдирме керектөөчүгө берилген соң жарык акыны ал он күндөн кеч калтырбай төлөөсү жөнүндөгү токтомду көзөмөлчү эске албаганын билдирди:

- Ал билдирме берген жок, мен көзөмөлчүнү көргөн эмесмин. Ишканасына барып, контролерду таап, "аялым күнүгө түштөн кийин үйдө болот, жарыкты өчүргөнүң тууралуу кимибизге айттың" десем, ал “мен жарыкты электр мамысынан өчүргөм” дейт. Электр эсептегичте канча жарыкты жакканыбызды билип алып барсам, 412 сом деп жазып коюшуптур. Эгер 20-январда жарыкты өчүргөн болсо, жарык акысын мен андан он күн өткөндөн кийин төлөшүм керек го!

Облус тургуну Камил Гайбаевдин акыйкаттыкка жетүүсүнө бир жарым жыл керек болгон. Анткени электр тармактар ишканасы анын эки сомдон ашык карызын 2010-жылдын июнь айынан бери эки жүз эселетип төлөөгө мажбур кылган.

Электр тармак ишканасы адегенде жаңылганын мойнуна алганы менен арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин кайра айып пул салган. Ал ортодо анын электр жарыгын эки ирет өчүрүп коюшкан. Ал аргасы түгөнүп, сотко кайрылган. Жалал-Абад райондор аралык соту ушул жылдын январь айында тармактык ишкананын жарык акыны туура эмес эсептегенин аныктаган:

- Эки сом сексен эки тыйын болуптур карызым. Ноябрь айында булар коркутушуп, мыйзамсыз өчүрүп кетишкен. “Айып пул эсеби туура эмес болду” деп, кайра кызматтарын кошуп туруп, 415 сом төлөтүштү. Муну Жалал-Абад райондор аралык соту “415 сом туура эмес эсептелген, кайтарып берилсин” деп чечим чыгарды.

Аталган шаардын электр жарык акысын жыйноочу мекеме башчысынын орун басары Жаныбек Алимбеков керектөөчүлөрдүн дооматтары менен макул болгон жок. Ал тармак адистери мамлекеттик энергетика агенттик 2007-жылы бекиткен эрежеге жараша иштээрин айтууда:

- Бизде график жыл башында бекитилет. Ошого ылайык контролер керектөөчүнүн үйүнө үч жолу барат. Биринчиси, электр эсептегичтеги эсепти көргөнү, экинчиси, ошол эсеп боюнча канча жарык жагылганына жараша акчасы жазылган билдирмени жаранга жеткиргени, үчүнчүсү, андан беш күн өткөндөн кийин жарык акысын төлөбөгөн керектөөчүнүн жарыгын өчүргөнү. Контролердун качан бараарын адамдар биздин ишканадан сурап билсе да болот.

Кадамжай районунда да электр көйгөйлөрү жок эмес. Бирок райондун өкүлү Ташболот Матировдун ырасташында, Кадамжайда алдын ала жарандарга маалымдабай туруп жарык өчүрүү окуялары боло элек:

- Отун-көмүр кымбаттап кеткендиктен элдин көбү жалаң электр энергиясын жагышат. Ошондуктан электр энергия менен камсыздоо Кадамжай районунда жакшы. Трансформаторлор ашыкча иштеп жатат, ооба, кээде өчүп калат, бир-эки саатка, электр зымдары үзүлүп калса, же башка авария болсо. Аны оңдоого убакыт керек да.

Энергетика министрлигинин байкоочулар кеңешинин тең төрайымы Нурзат Абдырасулова тармактык кызматтар эл пикири менен эсептешүүгө тийиш экендигин белгиледи:

- Электр энергиясын калкка жеткирүүдө чоң көйгөйлөр чыгып атат. Ошол социалдык чыңалууларга алып келүүдө. Ошол чыңалууларды азайтуу үчүн, элдин электр энергиясы тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү үчүн энергокомпаниялар эл менен көп иштеши керек. Көптөгөн маселелер элдин өз укугу, жоопкерчилиги бар экендигин түшүнбөгөндүктөн чыгып жатат. Энергияны таркатуучу компаниялар эл, коомдук жана жергиликтүү бийлик уюмдары менен бирге чыңалуулардын бардыгын чечсе болот.

Талкууда электр тармагына оорчулук келтирбөө үчүн отун-көмүрдү жагуу сунуштары болду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG