Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Футбол дегенде баарын унуткан Паязов


Республикага эмгеги сиңген машыктыруучу Надыр Паязовдун өмүрү стадиондо өтүп келатат.

72 жаштагы Надыр Паязов Кочкор-Атанын футбол майданында спорт мектептин окуучуларына дүйнөлүк номуру биринчи оюндун сырларын үйрөтөт. Кенедейинен футболго ышкыланган агай өмүрүнүн 47 жылын жалаң машыктырууга арнаган.

Паязов аскерден кийин жергиликтүү “Нефтчи” командасында ойноду. Кийин Москва облустук дене тарбия мамлекеттик институтун бүтүргөн соң “Нефтчи” командасын машыктырып, республикалык деңгээлге чыгарган. Тарбиялаган бир нече шакирттери Кыргызстандын “Алга” жана Москванын ЦСКА командаларында ойногон. Мисалы, Михаил Булгаков аттуу шакирти адегенде “Алгада”, кийин ЦСКАда мөөрөй талашып, мыкты деп таанылган Бүткүл союздук 33 оюнчунун бири болгон.

- Он жашымдан тартып футбол ойной баштагам. Футболдун таасири канга сиңип калган экен. Армияда да футбол ойноп жүрдүм. Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасында ойноп, 70-80-жылдары анын футболчуларына машыктыруучу болгом. Жашымдан бери машыктыруучу ишке кызыгып, балдарды стадиондо топтоп, үйрөтүп жүрөм. Жекшемби күнү стадионго айланып келип калсам көңүлүм ток болот. Өкмөт Булгаков, Мельниченко, Закиров жана башка футболчуларды даярдап чыгарганымды баалап, 1991-жылы республиканын эмгек сиңирген машыктыруучусу деген наамды берген.

Азыр да 72 жаштагы устаттын убактысы Кочкор-Ата стадионунда өтөт:

- Бош убакыт деле болбойт. Эртең менен тогуздарда келем. Ошол бойдон кечки 7-8дерде кетем. Көргөндөр, үйдөгү аялым “бүгүн майрам экен, эмнеге барасың?” деп сурайт. Мен болсо кызыл күн экенин кайдан билейин? “Балдарды машыкканга чакырып койгом, барбасам болбойт” деп келе берем. Машыгуу мен үчүн өзүнчө майрам. Балдар менен күн сайын бирге болуп, алар менен баарлашуу – мен үчүн өзүнчө майрам. Балдар футбол ойногондо канааттануу алса, мен балдарды ойноткондон канааттанам.

Жакында бүткөн облустук мелдеште Паязов таптаган спорт мектептин окуучулары 4-орунду ээледи. Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон устат ушинтип командасы утса сүйүнүп, утулса күйүнөт:

- 4-орун тийгени деле менин балдарым үчүн жакшы жетишкендик. Башка командалар бир аз күчтүү болду. Үч-төрт жыл машыгып, жакшы ойногон балдар бар экен, ошолор жакшы ойноп, алдыңкы орундарды алып кетишти. Менин командамдын тең жарымы жаш болуп, чабалдык кылып коюшту.

Надыр Паязовдун үлүш жери, мал жандыгы да жок. Карандай жумушу менен үй-бүлөсүн багат, сатып алган үйү бар. Уулунун Борбор Азия республикаларынын курама командасында АКШга чейин барып, футбол ойногону болбосо, анын машыктыруучулук жайын балдары тарткан жок. Футболчу окуучуларынын бири Актилек Хасан уулу агайынын жолун жолдогусу келет:

- Машыкканыма үч жыл болду. Азыр 7-класстамын. Чоңойгондо футболчу болуп, “Нефтчи” командасында ойногум келет.

Кочкор-Атадагы балдардын спорт мектебинин деректири Алишер Усманов кесиптеши тууралуу буларды айтты:

- Надыр Паязовичтин өзгөчө касиети – эч качан жалган сүйлөбөйт, адамгерчиликтүү. Адамда миң жөндөм болот го, ошолорду бул агай туура кармаган. Азыр пенсияда болсо да "мен аксакалмын" дебестен жаштар менен тең тайлашып, иштеп келатат. Мелдештерге да, коомдук иштерге да активдүү катышат. Бул кишиде мүмкүнчүлүк көп. Бул агайдан көп нерсени үйрөнсө болот.

Надыр Паязов эмгек сиңирген устаттык наамы болгону менен персоналдык пенсия чегерилбегенине ичи бышат:

- 7 жыл өттү - персоналдык пенсияга деп тапшырган документтеримди облустан өтпөй калды дешип, кайтарып беришти. Анан кийин документтерди толтуруп дагы бердим эле. Ошону менен документтерим азыр Бишкектеги Футбол федерациясында жатат. Ошол иш жылбай атат, эмне кылаарымды, кимге кайрылаарымды билбейм. Азыр 6 миң сом пенсия алам. Пенсиям көбүрөөк болсо жакшы болот эле. Азыр үй-бүлө, бала-чака, небере багуу бул пенсия менен кыйын. Сиңирген эмгегим болгондон кийин персоналдык пенсия берсе, моралдык жактан канааттануу болот эле.

47 жылдан бери машыктыруучу болуп келаткан бул футбол фанаты балдарды эми өзү айткандай жакында Аксыда өтө турган мелдешке камдап жаткан экен.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG