Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

“Датканын” иши аяктап калды


Жалал-Абадда курулуп жаткан “Датка” көмөк чордонунун 220 киловольт чыңалуусундагы жабдуусун Энергетиктер күнү – 22-декабрга ишке берүүгө белсенип жатышат.

Базар-Коргондун Акман айыл өкмөтүнүн аймагында былтыр август айынан бери “Датка” көмөк чордону курулууда. Долбоорго ылайык, ал бир жарым жылда бүтүүгө тийиш. Көмөк чордондун ишке кирүүсү менен Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары Нарын дайрасын бойлой төмөнкү гидротүйүндөрдөн өндүрүлгөн электр тогун түз алмакчы.

Азыркы күнгө чейин кыргыз ГЭСтеринде чыгарылган электр тогу аталган ушул облустарга гана эмес, бүтүндөй өлкөгө коңшу Өзбекстан аркылуу келет.

Көмөк чордондун жетекчиси Абдимиталип Эшимбетов электр тогун Өзбекстандан алып өткөнү үчүн Кыргызстан коңшуларга жылына 8 миллион доллар каражат төлөп келаткандыгын айтты:

- Бул долбоор “Кыргызстандын түштүгүн электр жарыгы менен камсыз кылууну жакшыртуу" деп аталып, кытайлык ТBEA компаниясы куруп жатат. Бизге электр линиялары Өзбекстандан келет. "Өзбекэнерго” ишканасына көз каранды болбоо үчүн азыр курулуп жаткан “Датка” подстанциясынан Ош, Баткенге электр линиялары кетет. Ошондо биз “Өзбекэнергого” көз карандысыз болуп калабыз. "Датканы” декабрда ишке берүү менен Ош жана Баткенди электр тогу менен камсыздоого аракеттенип жатабыз.

Эшимбетовдун айтымында, келаткан жылы “Кемин” көмөк чордону курула башташы ыктымал. Эгерде ал эки жылда курулса, Өзбекстан менен Казакстан биргелешкен электр түйүнүнөн чыккан күндө да, Кыргызстан электр түйүндөрүнөн электр жарыгын түз алып, толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишет. Учурда Ош облус аймагына жабдуулар коюлуп жаткан экен, бара-бара Баткенге да коюлат. Курулуш эмки жылдын февраль-март айларында бүтүшү мүмкүн:

- Бул көмөк чордон үч бөлүктөн турат. Мындагы 220 киловольт чыңалуудагы жабдуунун 60 пайыз жумушу, 35 киловальт кубатындагы жабдуунун да 60-70% иши, ал эми 500 киловольт чыңалуусундагы түйүндүн 40% жумушу бүттү. Эмне үчүн кырк пайыз дегенде бул жабдуунун толук орнотулушу 2013-жылдын март айында аякташы керек.

Кытайдын TBEA компаниясы куруп жаткан “Датка” көмөк чордонунда автотрансформаторлор куралып, ток жыйноочу жабдуулар илинүүдө. Көмөк чордонду куруу долбоорунун аткаруучу директору Чжан Цзе Мин курулушта 186 кыргыз жана 992 кытай жараны иштерин билдирди:

- Курулушта 1168 адам иштейт. Биздин 220 вольттуу көмөк чордондун курулушу 20-декабрда аяктайт. 500 вольттуу көмөк чордон эмки жылы курулуп бүтөт. “Датка” ишке киргенден кийин биздин топ мындагы 500 вольттуу чордондун электр жабдууларын “Кеминге” тартууну улантат.

“Датка” чордону жети жылдан кийин эки пайыз үстөк төлөнүүчү жыйырма жылга Кытайдан каралган 208 миллион долларга курулууда. Анын эртерээк бүтүүсүнө мында иштеген кыргыз жумушчулар да кызыкдар. Алар долбоордун машинеси менен Акман, Базар-Коргон айылдарынан барып-келип иштешет.

Жумушчу Тыныбек уулу Жаныш иштегенге жараша төлөнгөн маяна бир айда 25 миң сом болорун айтты:

- Күнүнө 820 сомдон эмгек акы төлөшөт. Айлыкты он беш күндө бир беришет. Ошондо бир айда колубузга 23-24 миң сом тиет. Эгер бул жерден тамактансак, анда 750 сомдон акы эсептешет. Дем алгыбыз келсе, бригадирлерден уруксат сурайбыз. Эртең мененки саат жети жарымдан кечки алты жарымга дейре иштейбиз.

Адилбек Алишев жумушчулар тынымсыз иштээрин кошумчалады:

- Дем алышсыз иштейбиз, тыным жок. Транспорт менен бизди айылдардан ташып келишет.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG