Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

"Балдарым менен кайда барам?"


Коогалаңда жабыркагандар үчүн курулган үй
Коогалаңда жабыркагандар үчүн курулган үй

2010-жылы Жалал-Абадда болгон коогалаңда жабыркап, үй алчулардын тизмесине кирген Саясат Миңбаева үй-бүлөсүндөгү жети адам менен баш калкалоого жараксыз эски үйдө ижарага турат.

Эки жыл мурдагы калабада Саясат Миңбаева экинчи топтогу майып болуп калган. Жан сактоо айласынан үйүн таштай качып, тынчыгында кайра келсе, үйүндөгү буюм-тайым, кийим-кечеги, дүкөнү менен мүлкү таланып-тонолгон экен.

Жапа тарткан ишкерлердин катарында 50 миң сом алганы менен, кийин берилмек болгон өкмөттүк жардамдардан куру жалак калып отурат. Ушул маалда жолдошу, балдары жана багып алган эжесинин кызы болуп, сегиз адам үй деп атоого ооз барбаган эски жайда, 60-жылдары курулуп, кийин каралбай калган таш (бетон) үйдө баш калкалап келүүдө.

Саясат Миңбаева турак-жайга муктаж болгону менен июнь окуясында жабыр тарткандар үчүн курулган үйдөн эмдигиче орун тийбей келатат. Шаардык, облустук, жогорку бийлик өкүлдөрүнө жазган кайрылуусунан чеке жылытарлык жооп болбогон соң “Азаттыкка” даттанып келди:

- 2010-жылдын июнь окуясында тополоңдо калып, балдарымды жетелеп качып баратып, жыгылып түшкөндө бир кызым менен өзүм башымдан травма алдык. Ошондон бери оорукчал болуп, кыздарым менен бирге ушул убакытка чейин доктурга көрүнүп жүрөбүз. Ошондон бери ден соолугума байланыштуу иштей албай атам. Өзүмдүн үйүм жок. "Финансы-кредит" банктын батиринде айына үч миң сомдон ижара акы төлөп, сегиз адам жашап келатабыз. Мамлекеттен бериле турган 150 миң сомдук насыяны күрөөгө койор үйүбүз болбогондуктан алалбай келатабыз. "Үй боюнча арызыңыз мамлекеттик комиссияда каралууда", - дейт. Бирок үйдөн алигүнчө дайын жок. Облуска барсак келбегиле дешет. Өкмөт ушундай маалда караса болот эле.

Азыр төрткө чыккан эгиз кыздарынын бири да ошол окуяда алган оорусунан арыла элек. Майда соода иши менен араң жан баккан үй-бүлөдө оорулуу Зуураны айыктырууга каражаты чак. Сыркоо бул бөбөктүн айынан анын түгөйү Батманы да балдар бакчасы кабыл алуудан баш тарткан экен:

- Кыйналганымдан мектепке эки баламды жибере албадым, бир эле балам барат. Эч жерден жардам болбосо, кыш учурунда абалыбыз кандай болот? Аны ойлонуп, эмне кыларымды билбей атам.

Өкмөт башчысынын облустагы өкүлүнүн 1-орун басары Жумагүл Эгембердиева бул үй-бүлөнүн оор абалынан кабардар. Саясат Миңбаева турак жайга муктаж жабырлануучулардын тизмесине кошулган. "Бирок мамлекеттик турак жай комиссиясынын башчыларынын улам алмашып, өкмөт жаңыланган сайын үй-жай маселесин кароо артка жылууда", - дейт ал:

- Үйгө муктаж болгондордун документтерин дагы бир сыйра тактап атабыз. Ушул сентябрда мамлекеттик комиссия карашы керек. Премьер-министр ага кимди төрага кылып дайындайт, кайрадан Ибрагим Жунусов ал милдетти улантып кетеби, же жокпу, мен анысын билбейм. Мурда вице-премьер Асымбекова болчу ,андан мурун И.Жунусов, анан өкмөт алмашты. Документтер даяр. Мамлекеттик комиссия кайсы күнү алып келгиле десе, биз ал документтерди алып барууга даярбыз.

Жалал-Абад шаардык турак жай комиссиясынын башчысы Жеңиш Энназаров өкмөттүн бул маселе боюнча чыгарган эки токтому бири-бирине дал келбей тургандыгын түшүндүрдү. Мисалы, экинчи токтомдо үйлөр кимдерге берилери так жазылган эмес. "Шаардык комиссия ага түшүндүрмө берүүнү сурап жиберген эки жолку кайрылуусуна өкмөттөн жооп келе элек", - деп жооп берди шаардык кеңештин депутаты:

- Саясат Миңбаеванын үй алуу укугу – өкмөттүн 275-токтомуна туура келет. Ал токтомдун жобосун шаардык кеңештин сессиясы кечээ бекитти. Бирок өкмөт кийин 295-токтомун чыгарды. Мында болсо талаш туудурган маселелер өтө көп, кимге үй берүү керектиги конкреттүү жазылган эмес.

Жалал-Абадда турак жайга муктаж 7 миң киши катталган. Улам күн чыкыроон тартканы Миңбаева сыңары бүлөлөр кышкысын кандай тагдырга туш болот деген суроо туулат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG