Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Мусапырлардын багын ачкан Элмар карыя


75 жаштагы жалалабаддык укук коргоочу Элмар Ижков бекер иштейт. Ал колунда мыдыры жок жакыр адамдарды акысыз жактайт.

68 жашында Бишкектеги Юридикалык академияны бүтүргөн юрист 8 кесиптин, беш дипломдун ээси. Аткарган коомдук иштери да арбын.

Облустук адам укугун коргоо боюнча коомдук кеңештин төрагасы Элмар Ижков 75 жашта болсо да коомдук иштен колу бошобой, эмгектенүүдөн тайбайт.

Элмар карыя аскерден кайткан соң шахтер, тракторчу, комбайнер, бульдозерчу, айдоочу болуп иштеген. Кийин Өзбекстандын Кокон, Орусиянын Москва шаарларынан мунай жана газ өнөр жай, Фрунзедеги политехникалык жогорку окуу жайларын бүтүрүп, Шамалды-Сай ГЭСинин, Ош, Жалал-Абадда газ чарбалары менен социалдык-маданий маанидеги курулуштарга катышты.

Элмар карыяга турмушу начар, актоочунун кызматына төлөөр акчасы жок карып адамдар кайрылышат. Жарандык жана кылмыш иштери боюнча жардам берүүнү өтүнүшөт. Жарандык маселе жаатында каржы иштери, турак жай мыйзам бузуулары, турак жайды мыйзамсыз ээлеп алуу, үй-бүлө боюнча ажырашуусу туура эмес болгондор көп кайрылышат.

- Ушул күнгө дейре кайрылган жарандарга юридикалык жактанбы, же гуманитардык маселе болобу, бардык суроолору боюнча жардам берип жүрөм. Ошентип өзүмдүн Кыргызстаныма керек болгонум үчүн жашап келатам. Мен Кыргызстандын атуулумун. Демек мен өзүмдүн Кыргызстаным үчүн иштешим керек.

Ошентип ал беш дипломдун жана 8 кесиптин ээси экенин, картайганына карабай азыр да акысыз иштеп жүргөнүн айтууда. Себеби 68 жашында Бишкектеги Юридикалык академияны кызыл диплом менен аяктаптыр. Андан бери адам укугун коргоо жаатына өткөн. Ал эмки аптада өзүн күнөөсүз эсептеген базаркоргондук кишинин укугун коргоого киришмекчи:

- Киши айыбы болбосо да камакта отурат дешти. Аны бошотуу үчүн кийлигишүүмдү өтүнүп жатышат. Аны менен ишемби күнү жолугушабыз. Кылмыш ишин карап чыккандан кийин кандай болоорун сүйлөшөбүз.

Коргоосу жок бей-бечара адамдар укугумду талашат деп ушул адвокатка келишет. Карт жактоочу бекер кызмат кылып, алардан акы да албайт. Буга дейре ага сотторго катышып, батиринен ажырап, жумуштан мыйзамсыз айдалгандардын, банктардан насыя алган майыптардын укугун талашууга туура келди.

Элмар Ижковдун жактоочулугу менен Жалал-Абадда эки жыл мурда болгон июнь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иштер соттордо утуп чыгып, абакта жаткан үч адам бошонгон экен:

- Улуттар аралык араздашууда айыпталган үч ишти коргодум. Үч ишти тең утуп чыктык. Аларга катуу айыптар коюлган. Күнөөлөрү жок экенин далилдедик. Аларды бошотушту.

Абышка байбичеси экөөнүн 10 миң сом пенсиясы жетпей калганда, короосундагы койон-тооктору, жашылча жемиши жашоого кошумча азык болоорун билдирди. Эки кызы Жалал-Абадда өздөрүнчө очор-бачар. Улуу баласы Израилде жашайт. Аны далай жылдан бери “туулуп-өскөн Жалал-Абадга кайтып кел” деп чакырууда.

Күнүгө эртең менен жарым саат дене көнүгүүлөрүн жасап, Элмар күүлүү-күчтүү жүрүүнүн да камын көрөт:

- Эгер иштебесең чарчайсың, иштеп жүрсөң – жаштык курагың кайтып келгендей туюлат. Көбүнчө эртең менен үйүмдө спорт менен машыгам.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG