Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Арстанбапта тинтүүлөргө каршы митинг өттү


Митингден бир көрүнүш
Митингден бир көрүнүш

Бүгүн Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын тургундары милициянын тинтүүсүн токтотуу талабы менен айыл борборуна чогулушту.

Алар тартип сакчыларынын үйлөрдү эскертүүсүз тинтүүгө алып жатканына нааразылыгын билдиришти. Өз кезегинде облустук ички иштер башкармалыгы экстремизмди алдын алуу максатында мындай профилактикалык иштер бардык аймактарда жүрүп жатканын айтышат.

Арстанбаптын борборуна чогулган тынч митингге болжол менен 300дөн ашык киши чыкты. Үйү тинтүүгө алынгандардын бири Хасанбай Токтосунов милициянын аракетин сынга алды.

- Алгач биздин үйгө келишип, "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөсү ушул аймакка качып келген экен, ошол себептүү үйлөрдү текшерүүгө соттон уруксат алдык. Сиз да "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөсү экенсиз" дешти. Мени антип айтууга аларда кандай далилдер бар? Буга чейин кылмыш кылган эмесмин. Милициянын ошол сөзү мага катуу тийди. Кечээ райондо болгон жолугушуу учурунда да мен ушул сөздү милиция башчысына айттым. 43 жыл ушул айылда жашап, мыйзамга каршы аракет жасабасам, же бир жолу диний баракча же диск менен кармалбасам, менин "хизбутчу" экенимди далилдеп бербейби! Алардын үй-бүлөмдү коркутуп, бастырып киргени адилетсиз болуп жатат.

Өткөн жылдын 30-31-декабрь күнү облустук ички иштер башкармалыгы, УКМК жана ИИМдин 10-башкармалыгы менен биргеликте диний экстремисттик уюмга шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алып, Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда атайын операция өткөрүшкөн. Арстанбап айыл аймагындагы төрт үй тинтүүгө алынган.

Үйү тинтилген 60 жаштагы Азимжан Токтосунов тартип коргоо органдары элди улутка бөлүп жатат дейт.

- Арстанбап аймагында көпчүлүгү өзбек улутундагылар жашайт. Орган кызматкерлери топ-топ болуп келип, үйдү текшерсе элде башкача ой пайда болот экен. Булардын баары ыйманды ыйык туткан, динге берилген адамдарга карата колдонулуп жатат. Бул демократияга да туура келбеген иш. Орган келсе элде "буларды бийлик жөнөтүп жатат" деген ой пайда болот экен. Биздин аймактан Сирияга кетти деген бир да киши жок. Биз өзүбүз жаштарды тарбиялап турабыз. Мен өзүм да мечиттерде, эл чогулган жерлерде дин тууралуу туура түшүнүк берип сүйлөп жүргөнүм кээ бирлерине жакпай, "хизбутчу" дегенге чейин барышты окшойт. Өзүм да бул жагдайды түшүнө албай турам. Балким кимдир бирөө ушул аймакта элдин тынчтыгын бузуп, улут аралык мамилени козуткусу бардыр.

Ушундай эле нааразылык менен 100дөй киши 4-январда да Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын алдына чыгышкан. Чогулгандар район акимине кайрылып, милициянын бул аракетине укуктук баа берүүнү суранышкан.

Нааразылык жыйынга айылдын имамынан башка жергиликтүү бийликтен эч ким катышкан жок. Имам Раимжан Мамажанов айылдыктар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

- Мурдагы убактарда көчөлөрдөгү мамычаларга ар кыл баракчаларды жайгаштырып, үгүттөп жүргөн жарандар болгон. Бирок азыркы учурда андайлар жоголду десек болот. Бирөөнүн бешенесине туулганда "Хизб-ут Тахрир" деп жазылып төрөлбөйт да. Мурдагыдай жаштар, айылдыктар саясатка же башка нерселерге аралашкан жери жок. Жума намаздарда тынчтык жана ынтымак багытында баян кылып жатабыз. ИГИЛ тууралуу да түшүнүк берип, андагы халифат туура эмес деп жаштарга жеткирип жатабыз. "ИГИЛ - ислам эмес" деген миңге жакын баракча тараттык.

Тартип коргоо органдарынын эки күндүк биргелешкен атайын операциясынын алкагында 17 кишинин үйү тинтилип, 200гө жакын экстремисттик маанайдагы китеп, баракчалар, флеш карта, дисктер жана “Бекас-12” үлгүсүндөгү курал алынган. Бирок арстанбаптык Акбар Аскаровго тиешелүү ал куралдын мергенчилик үчүн уруксаты бар болгону айтылууда.

Облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдукулов тинтүүлөрдүн баары мыйзам чегинде болгонун айтат.

- Тинтүү жүргүзүү үчүн соттон уруксат алып, мыйзам чегинде жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери калыстардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда тинтүү жүргүзгөн. Табылган далил буюмдарга соттук теологиялык экспертиза дайындалып, райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Үйү тинтүүгө алынган арстанбаптык тургундар "Хизб-ут Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү катары каттоодо тургандар. Үйгө кирерден мурда милиция алардан жашырылган буюмдарды өз каалоосу менен тапшырууну суранган. Бирок алар каршылык көрсөткөн соң бастырып кирип тинтүүгө алышкан.

Расмий маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун аймагында 500гө чукул киши диний экстремисттик уюмдарга мүчө катары каттоого алынган. Алардын кыркка жакыны Арстанбап айылында экендиги айтылат.

Өткөн жылдын 24-декабрында Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашынып жүргөн куралчан топ колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын жанында ок дарылар менен бирге курал табылган. Милициянын маалыматында, алар шаарда теракт уюштурушу ыктымал деп шектелгендер.

XS
SM
MD
LG