Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Мектеп турат эскирип...


Жалал-Абад облусундагы Көчкөнбай Абдраимов атындагы орто мектептин мугалимдеринин окуу жайдын имаратын капиталдык жактан оңдоо өтүнүчтөрү орундалбай келүүдө. 1968-жылы курулган мектептин эскирген шыйпырлары алмашууга муктаж.

Мындан дээрлик 42 жыл мурда ишке берилген орто мектептин чатыры эскирип, сынгандары да бар. Мугалим Саадат Мамбетказиеванын ырасташынча, мектеп Ачы суусунун боюна жайгашкандыктан имараттын дубалдарына ишенич жок, кааналардын жараксыз болгон пол-тактайлары жылда алмаштырылат.

- Көчкөнбай Абдраимов атындагы №14 мектеп 1968-жылы курулган, эми оңдоого муктаж. Мектебибиз сайдын жанында жана анын жери саздак болгондуктан дубалдары көчөт. Үстүндөгү шыйпырлары да начар, кар мол жааганда сөзсүз коркунучтуу болот. Кышында шыйпырлары түшүп кетиши мүмкүн, кар жааганда кээ бир жерлеринен тамчы өтөт.

Имараты эскирген мектеп жылына оңдолот. Бирок мектеп башчысы Анаркан Алишованын айтымында, имарат ылайдан эмес, бышкан кыштан тургузулган. Дубал үстүнө бетон плиталар коюлгандыктан кааналарга тамчы өтөрүн да четке какты. Эмгек жамааты мектепти капиталдык жактан оңдоо тууралуу тиешелүү тармактарга жыл сайын кайрылат, бирок андан натыйжа боло элек.

“Чукул кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен район акими жакында келип, жардам берилерин айтышты”, - дейт Анаркан Алишова:

- Мектепте курулгандан бери капиталдык ремонт боло элек. Бир нече жерге кайрылдык, бир топ жыл эле болуп калды. Капиталдык ремонтко макул эле дешет, анан каражат таба албай жатышат окшойт. МЧСтин адистери келип, долбоорлорун чийип кетишти, жакында жардам берилет го чамасы. Парта, стол, эмерек, айтор мектепке керектүү бардык нерселерди жаңылап беребиз деген убадаларын беришти.

Мектептин мугалими Омор Адиев “маалыматтарды бурмалап беришүүдө” деп журналисттерге нааразы болду.

Анын айтымында, кайсы бир сыналгыга ал мектептин абалы тууралуу эмес, чукул кырдаал маалында мектептегилер сыртка кандайча чыгарылат деген суроого жооп узаткан. Ал “мектептин эскилигинен кооптонгон ата-энелер балдарын окууга жибербей жатат жана сабакка 50-60 пайыз окуучу келет” деп да маалымат бербегенин билдирди:

- Мага ГО боюнча гана суроолор берилген. Эвакуация боюнча пландарды өзүм сызчумун. Ошолорду, кайсы класс кайсы жактан сыртка чыгарыларын көрсөтүп, айтып бергем. Мектеп жөнүндө такыр сөз болгон эмес. Эми интернетке биздин мектеп тууралуу берген журналисттер, силер менин алдыма келип, мага учурайсыңарбы, же мен силерге өзүм барайынбы? Кыргыздын уул-кызы болгондон кийин таза сүйлөп жүрүш керек да. Өзүмдүн 8-классымды РайОНОдон Наби деген орун басар келип текшергенде бир бала кем чыккан. Мен “балдардын 50-60 пайызы мектепке келбейт” деп айткан эмесмин. Кудайдан коркуп, так сүйлөп жүрөлүчү.

Деректирдин орун басары Гүлнара Исмаилова мектептин окуу-тарбия иши боюнча ата-энелердин арыздана электигин айтууда.

- Окуу үзгүлтүккө учураган жок. “Мектеп коркунучтуу” деп балдарын жибербей койгон ата-энелер боло элек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG