Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Шылтоо эмес, иш тапкан тигүүчү


Чаткалдык Жаңылай Багышбаева өз каражатына жакында “ХХ1 кылымдын чеберканасы” аттуу тигүү ишкана ачты. Колундагы бөбөгү менен иштеген жаш тигүүчү өзүнө өзү жумуш таап, анысы менен Терек-Сай шаарчасынын керегине жарап, керектөөчүлөрдүн ажатын ачууда.

Кезектеги буюмду өз бөлмөсүндө тигип жаткан Жаңылай Багышбаева “21-кылымдын чеберканасы” деп атаган ишканасын ачканына бир ай эле болуптур. Ага дейре жаңы туулган баласынан чыга албай, арга жок кардарлардын буюм-тайымдарын үйүндө тигип келген.

Кардарлар катары арбыганда кароосуз турган бөлмөнү өзү жашаган Терек-Сай шаарча өкмөтүнөн сурап алат да, аны өз каражаты менен актап-сырдап, тиги жок, бул жок” деп, боло жүргөн шылтоо издебестен, жип-шуу, кездемелерди камдап, менчик кийим тигүү машинасын жайгаштырып, ишин баштаган экен. Ошентип өзүнө өзү жумуш таап, үй-бүлөсүн да багып, шаарча тургундарынын керегине да жарап жатканы.

Бөлмөдө тигилүү жаздык, жууркан-көрпө тыштагычтар, терезе пардалар жана башка үй-буюмдары менен кийим-кечектер менен али тигиле элек кездемелер беленделген. Терек-Сайда жолду ката дүкөн, ашкана түйүндөрү болгону менен аныкынан башка жеке менчик өндүрүш ишканасы байкалбайт:

- Чеберкананын ачылганына үч жума болду. Шаарча өкмөттөн ушул бөлмөнү сурап алып, өз каражатыма ачтым. Бир жума иштеп, эки күн эс алам. Керектөөчүлөр кандай буюмду кааласа, ошону тигип берем. Мээнетим акталып жатат.

Жаңылай жумушуна бир жашка жаңы чыккан наристесин көтөрө келет. Ишин баласы уктаганда, же аны сиңдиси ойнотуп жүргөндө жасайт. Анткени эмчектеги баласын үйүнө таштап, кайнене-кайнатасын кыйнагысы келбейт.

Ал элет жеринде тигүүчүлүктүн окуусу жоктугуна карабай, жаштайынан бул өнөргө куштарланып үйрөнгөнүн айтууда. Албетте анын чеберчилигине чөлкөмдө уз аталышкан энеси менен тайнесинин да таасири тийген. Орто мектепти бүтөөрдө өзүнө чак кийимдерди тигүүгө жараптыр. Азыр үй ичине керек бардык буюмдарды, анан да улуттук кийимдер менен оймо-чиймелерди да тигүү колунан келет:

- Он сегиз жашымдан тарта өзүмө кийим тиге баштагам. Ишкананын ачылышына шаарча өкмөтү жардам этти. Бул өнөр апамдан мага өттү окшойт. Апамдын чеберчилик жайы бар, тайнемде да бар.

Шаар бийлигинин жооптуу катчысы Наржан Майлиева кызына сеп жасаткандар жана башка той камын көргөндөр ушул Жаңылай Багышбаевага кайрыларын айтып отурат.

Эгин-тегин өстүрөр тегиз жери жок, тоолор курчаган Терек-Сайда дыйканчылык менен жан багуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул тегеректегилердин айрымдары кен жайларда иштегени болбосо, көпчүлүгү ишсиз. Алардын арасында Жаңылай сыяктуу иштин көзүн тапкандар өтө сейрек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG