Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Нарын: Көздөн учкан даңгыр жол


Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун учурда Ат-Башы районундагы тилкелери кайра жаңыртылууда. Бул даңгыр жол бүтсө, Нарындын чек ара районуна каттоо кыйла жеңилдеп, саякатчылардын жаңы агымын тартат деп жатышат.

Ат-Башынын Торугарт тарапка кетүүчү жолунун 11 чакырымдан ашык жери төшөлдү.

Жол куруучу JOC жапон фирмасынын инженеринин жардамчысы Келдибек Ибраев иштин жүрүшүнөн буларды айтты:

- Материалдык, техникалык ресурстар жетиштүү, иш жүрүп жатат. Асфальттын биринчи катмары 7 см, анын үстүнө дагы 5 см болот. “Минералдык кошумча” деп койот, бардык сыноодон өтүп, дизайны түзүлүп, Кыргызстанда биринчи жолу ошол цемент кошулуп жасалууда.

Кыргызстандын транспорт жана байланыш министри Эркин Исаков бул эл аралык жолду салууга дүйнөлүк тажрыйбасы бар ири компаниялар тартылганын айтты:

- Азия өнүктүрүү банкынан гранттык негизде 20 миллион доллар менен каржыланып жатат. Учурдагы жолдорду оңдоо долбооруна “Чайна роуд” кытайлык компаниясы жалданган. Ал эми JOC жапон компаниясы көзөмөл жүргүзүп жатат. Жумуштун 30 пайызы бүтүп калды.

Биздин ишенимибизде келерки жылы 39 чакырым аралыктагы жол иштери бүтөт. Жалпы 539 чакырым аралыктагы жолду оңдоо иштерин толугу менен үч донор каржылаган, болжолдуу 2014-жылга бүтөт.


Даңгыраган асфальт жол аркылуу айтылуу Таш-Рабатка турист ташыган айдоочу Жумагул аганын көзүнөн кубаныч чачырайт:

- Рахмат, бул балдар өмүрлүү болсун. Кудай берип атат. Өзүбүздүн чоңдор ушинтип талап кылып, иштетип атканына сүйүнүп турам. Мен 74 жаштамын. Таш-Рабатка баратам, адегенде жол керек да.

Курулуп жаткан жол Ат-Башынын Кара-Суу, Кең-Булуң айылдарын аралап өтөт, айрым жерлерин кеңейтүүдөн жергиликтүү тургундардан жабыр тарткандары бар.

Анткени айрымдарынын жер тилкеси сыртка чыгып кеткен, башкаларыныкын аралап өтүүгө туура келет экен. Ошондуктан арыз-даттанууларды тактоо боюнча топ түзүлгөн.

Кыргызстан акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча өкүлүнүн милдетин аткаруучу Тойгонбай Жаанбаев жабырлануучуларга компенсацияны ким төлөп берээрин ачыктады:

- Биздин билишибизче, 46 субъектке кыргыз мамлекети төлөп бергенге милдеттүү. Ат-Башы району боюнча эле. Арасында негиздүүсү болду, негизсизи болду. Бирок иргеп, такташты. Комиссия иштеди, ошону менен буйруса бул маселе чечилип, компенсациянын өлчөмүн өзүнүн методикасы менен кыргыз мамлекети аныктайт. Ошонун негизинде акча төлөнүп берилет.

Айтор Бишкектен Кытай чек арасына чейин салынып жаткан жол адамдарга кыйла жеңилдиктерди алып келүүдө. Ошону менен катар айрымдарын түйшүккө малууда.

Кыргызстанда эң тоолуу саналган Нарындын айыл-кыштактары жакынкы келечекте даңгыраган жолго ээ болот.

XS
SM
MD
LG