Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 04:06

Азия оюндары: Жээнбеков спортчуларга бата берди


Азия оюндары: Жээнбеков спортчуларга бата берди
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезияда өтө турган XVIII жайкы Азия оюндарына катыша турган спортчулар менен жолугуп, улуттук курама команданын капитаны Каныбек Жолчубековго өлкөнүн желегин тапшырды. Оюндардын ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин волейболчу Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыгары ушул жыйында маалым болду. Азия оюндарында Кыргызстандын 150 жараны спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат. Индонезиянын Жакарта жана Паленбанг шаарларында өтчү оюндар 18-августта башталып, 2-сентябрда жыйынтыкталат. Спорттун 40 түрү боюнча таймаш өтүп, 462 медаль топтому байгеге берилет. Видео баянды Гүлжан Турдубаева даярдады.

XS
SM
MD
LG