Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Улут аралык чатак кайталанбасы үчүн эмне кылуу керек?


Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 11-июну.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 11-июну.

Ошто жана Жалал-Абадда өткөн улут аралык каргашалуу окуялардын жылдыгы келип калды. Бул эгемен Кыргызстандын тарыхында кара барактардан саналат. Ушул күндөрү Кыргызстан журтчулугу улут аралык кагылышуу кайталанбайбы деп кабатыр болуу менен күн кечирүүдө.

Ошого байланыштуу бул бир чети өтө аярлуу маселе боюнча окурмандарыбыз менен пикир алышууну эп көрдүк. Дүйнөдө эң коркунучтуу жана кесепеттүү эсептелген улут аралык кагылышууну кантип болтурбоо керек, адамга эң оболу адам катары мамиле жасоо керекпи же улутуна (расасына) карап мамиле жасоо туурабы? - бул суроолор боюнча пикириңиздерди ортого салыңыздар.
XS
SM
MD
LG