Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Кыргызстан аза күтүүдө


Оштогу "Энелер ыйы" эстелигинин ачылышы, 10-июнь, 2011.
Оштогу "Энелер ыйы" эстелигинин ачылышы, 10-июнь, 2011.

Кыргызстан бүгүн июнь каргашасынын жылдыгын эскерип, аза күтүүдө. Негизги эскерүү иш-чаралары Ош, Жалал-Абад жана Бишкек шаараларында өтүүдө.

Бүгүн эртең менен Ош шаардык мэриясынын алдында өткөрүлгөн эскерүү жыйынында коогалаңдын курмандыктарына арналып куран окулду. Коогалаңдын жылдыгына арналып тургузулган “Энелердин ыйы” аттуу эстелик ачылды.

Оштогу эскерүү иш-чараларына президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана коңшу өлкөлөрдөн келген өкүлдөр катышты.


Эскерүү жыйынында сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева мындан бир жыл мурдагы окуяларга токтолуп, азыр да кандуу кагылышууну кайрадан уюштурууну каалаган күчтөр өз аракеттерин токтотпой келе жатканын, июнь коогалаңын саясий күрөштүн куралы катары колдонууну каалаган адамдар жок эместигин белгиледи. Мындан улам президент калкты ынтымакка, биримдикке үндөдү.

Ош шаарында июнь курмандыктарын эскерүү иш-чарасы бүткөндөн кийин коогалаңда жакындарын жоготкон 20-30га жакын тургун бүгүнкү иш-чарага чакырылбай калышканын, курман болгондордун туугандарына көңүл бурулбай жатканын билдирип чыгышты.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Эрнист Нурматовдун билдиришинче, алар бүгүн шаардык мэриянын алдындагы расмий ачылышы болгон “Энелердин ыйы” аттуу эстеликтин көрүнүшүнө нааразы болушту. Чогулгандардын арасында “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, июнь окуяларынан кийин жакындары табылбай калган жарандар да бар. Нааразылык билдирип чыккандарды тартип коргоо органдары тынчтыкка чакырды.
Июнь коогасын эскерүү учурунан. Ош, 10-июнь, 2011.


Бишкектеги эски аянтта да бул каргашанын жылдыгы эскерилип, курман болгондорго арналып куран окулду. Иш-чарага катышкан премьер-министр Алмазбек Атамбаев былтыркыдай окуяларга эми жол берилбесин айтып, элди ынтымакка чакырды.
Былтыркы июнь окуяларын эскерүү күнүнө карата Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет өлкөдөгү кыргыз элчиликтеринде мамлекеттик туу түшүрүлдү. Эскерүү иш-чаралары уланууда.

Былтыр 10-июндун кечинде Ош шаарында жаңжал чыгып, улут аралык араздашууга айланып кеткен. Кыргыз-өзбек улуттарынын ортосунда тутанган жаңжал курчуп отуруп, Ош шаарынын тегерегин камтыган. Андан ары Жалал-Абад шаарына жана анын айланасындагы райондорго чейин жеткен. Массалык эки тараптуу тирешүүлөр бир жуманын ичинде араң басылган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, бул коогалаңда коогалаңында Ош жана Жалал-Абад облустарында 400дөн ашуун адам ажал таап, эки миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Ошол эле учурда 23 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде турат. Алардын 21инин жасаты тааныла элек.


Тасмада: Июнь коогасынын жылдыгын эскерүү. Бишкек, 10-июнь, 2011.

Бишкекте июнь коогалаңы эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG