Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Камалов: Кооганы уюштургандардын жазасын Жараткан берсин


Эл аралык ислам кызматташтыгы борборунун жетекчиси, диний аалым Садыкжан ажы Камалов "Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Былтыркы июнь каргашасынын бир жылдыгы болуп жатат. Мына ушул аралыкта карапайым адамдар, карапайым эл эмне болгондугун, бул окуяны кимдер уюштургандыгын жана алардын кандай максаттарды көздөгөнүн түшүнө алышты деп ойлойсузбу?

- Мен бул окуяны карапайым эл эмес, илим-билимдүү делген адамдар деле түшүнбөй калды деп эсептейм. Бул ишке себепчи болгон, муну атайылап уюштургандардын жазасын Алла-Таалла өзү берсин. Жараткан жазасын берсе аны кылган адамдар бул дүйнөдө да тартат, акыретте дагы жообун беришет. Анан элибиз мына ушундай нерселерге берилбестен, ушак-айыңдарга азгырылбастан кыргызы болобу, өзбеги болобу мындай туура эмес жолдорго барбаш керек экендигин түшүнүшү керек. Миңдеген жылдардан бери өз ара алакада келе жаткан дини бир, тили окшош, каада-салты, маданияты бир элибиз мындай окуяларга жол бербөөнүн жолдорун карап чыгып, буга окшогон көрүнүштөргө козуткан күчтөргө карата биргеликте каршы турушу абзел. Мен эки улут деп да айткым келбейт. Анткени биз бир тууган элбиз. Бир дарактын эки бутагыбыз. Мына ошондуктан келечекте мурдагыдай сый-урматыбызды сактап калып, жакшы бир алакада жашап кетебиз деген тилектемин. Бул жарааттар айыгып, ортодо болгон түшүнбөстүктөр унутулуп, мурда кандай болсок ошондой жылуу мамилелер калыбына келе тургандыгына ишенем. Мына ошону Кудайдан тилейбиз.

- Былтыркы болгон ошол окуя элдин бири-бирине болгон ишенимине көлөкө түшүрүп, өз ара мамилелерге жарака кетирип койду деп айтылып жатат. Мына ошол жараканы кантип бүтөйбүз?

- Ыйманга кайтып келүү менен бүтөй алабыз. Келечекте дагы мына ушундай иштер кайталанбастыгы үчүн динибизге кайтышыбыз керек. Сен өзбек, мен кыргыз деп бөлүнүп-жарылып, бизди карап турган башка күчтөргө колтук ачпай бекем ынтымакта болушубуз зарыл. Жаштарыбыз улуттук аң-сезим менен бирге динге болгон аң-сезимди өзгөртүшү, оңдошу керек. Мына ошондой жалпы баалуулуктарды түшүндүрүү жана аларды сиңирүү иштери алып барылса мындай окуялар кайталанбайт. Мына ошондо өз ара ишеним калыбына келтирилет.

- Буга чейин да айтылды эле. Былтыр ошол чагымчыл аракеттер башталганда эки тараптан тең мына ошол психологиялык абалдын барымтасында калышкан адамдар ага өздөрү аңдабастан аралашып кетишкендиги маалым. Мына ушуга жол бербей койсо болот беле?

- Курани-Керимде Алла-Таала «ыйман келтирген момун мусулмандар сиздер бир жалганчы адамдын айтканына ишенип алып, чечим чыгарбагыла. Кандай нерсе болсо дагы аныгына жетип туруп, анан аракет кылгыла» деген. Мындай опурталдуу нерселерге дароо эле аралашып, жалганга ишенип кара күчтөрдүн жолуна түшпөгүлө деп айтылган. Биз ошол жараткандын айтканына, анын сөздөрүнө амал кылсак адашпайт элек.

- Мына ошол окуя башталган учурдагы биринчи түнкү адам курмандыктары өзгөчө мыкаачылыктар менен ишке ашырылгандыгын белгилеп жатышат. Мына ошол окуяны курчутуш учун, эки тарапты бири-бирине каршы коюшуп, кыжырданууну козгоо үчүн мына ушундай усулдар колдонулган деген бүтүмдөр бар. Ошону менен макул болууга болобу?

- Ошол иштерди уюштургандар, анын пландарын сыртта олтуруп алышып түзүп, жол-жобосун иштеп чыккандардын жана алардын буюртмаларын аткаргандардын жазасын Кудай бере тургандыгына ишенем. Бул эми ошол саясий максаттар болобу, амал талаш, бийлик талаштын айынан болобу, же башка биз билбеген жагдайлардан улам болобу, аларды жараткандын сотуна тапшырабыз. Аны биз пенделер иликтеп, түбүнө чыгабыз десек жана дагы жаман иштер келип чыгышы мүмкүн.

- Мына ушундай окуяларга жол бербеш үчүн бийлик эмне кылыш керек, жарандык коом эмне иштерди аткарышы абзел деп ойлойсуз?

- Президенттен баштап карапайым адамдарга чейин биргеликте болуп, биз бир ата-эненин балдары экендигибизди дайыма эсибизде сактап жүрсөк мындай окуялар кайталанбайт. Биз бири-бирибиздин кемибизди толтуруп, түшүнбөгөн учурларды түшүндүрүп, ынтымакта болсок биздин тынчтыкты эч ким келип буза албайт. Бири-бирибизди жакшылыктарга чакырып, өз ара сый-урмат менен мамиле кылып, келип чыккан маселелерди биргеликте чечсек. Бийлик элдин ынтымагы үчүн колунан келген аракеттерин жан дили менен жасашы керек. Адамдар ошого ишенип, бийликти колдоп, бийлик болсо жарандарынын ким экендигине карабастан бирдей мамиле кылса ар кандай тоскоолдуктарды жеңип, Кыргызстаныбыз гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошулуп кетет деген чоң ишеним бар.

- Карапайым өзбектин карапайым кыргызга же болбосо карапайым кыргыздын карапайым өзбекке жамандыгы жок экендигин туйгузуп, өз ара ишенимди калыбына келтирүү үчүн эмне кылуу керек? Жасалган аракеттердин натыйжасы болобу?

- Пайгамбарыбыздын бир хадиси бар. «Мына ошол өзүнүн эле улутунун кызыкчылыгын көздөп, өзүнүн улутуна эле жакшылыкты каалап, башкаларга жамандык каалай турган болсо ал бизден эмес, андай адамдар мусулман эмес» деген. Ошондуктан өзбек өзүнө каалаганды кыргызга кааласа, кыргыз өзүнө каалаганды өзбекке кааласа ошондо ортодо ишеним болот. Кыргыз менен өзбек бир ата-эненин перзенттери экендигин эстен чыгарбасак Кудай кааласа мурдагы ынтымак, береке-пайыз жана эң башкысы өз ара чон ишеним кайра калыбына келет.

- Маегиңизге рахмат, журтубузда дайыма тынчтык болсун!
XS
SM
MD
LG