Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Кайрат: Балалык кыялым орундалды


Кайрат Калыгулова
Кайрат Калыгулова

Журтташыбыз Кайрат Калыгулованын Дубайдагы Fly Dubai авикомпаниясында стюардесса болуп иштегенине жакында бир жыл болот. 2012-жылы Дубайга соода борборлорунун бирине иштегени барган Кайрат кантип стюардесса болуп калганы, жаңы кесибинин оош-кыйыштары тууралуу "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.

"Азаттык": Сиз буга чейин башка авиакомпанияларда иштедиңиз беле? Дегеле Дубайга кандайча барып, бул ишке эмне болуп орношуп калдыңыз?

Кайрат Калыгулова: Дубайга 2012-жылы Бишкектеги Араб борбору аркылуу келгем. Мен эле эмес, көптөгөн кыргызстандыктар ошол борбор аркылуу Араб Эмираттарына, Катарга жана башка Араб өлкөлөрүнө иштегени келишет. Мен да алардын катарында келип, бул жактагы компаниялардын биринде Patek Philippe сааттарын сатуучу болуп ишке орношком.

Бул жактан Fly Dubai компаниясы стюардессаларды кабыл алып жатканын угуп калдым. Дароо компаниянын сайтынан баарын он-лайн толтуруп, керектүү документтерди, сүрөттөрүмдү жибердим. Алардын талаптарына туура келсем керек, алгач телефон аркылуу сүйлөшүп, кийин кеңсесине чакырышты.

Барганда компания жөнүндө айтып беришти. Анан атайын сынактан өттүм. Маселен, учактын ичинен биз көп ишти аткарабыз. Жөн эле ары-бери басып, эл тейлеген стюардесса эмес, официант, сатуучу жана медайымбыз. Эл менен иштегенди билиш керек.

Кыялдар орундалат

"Азаттык": Стюардесса болуу бул кыялыңыз беле? Же жарнамадан көрүп эле ойдо жок жерден өзүңүздү сынап көрүүнү чечтиңизби?

Кайрат Калыгулова: Албетте кичинемде стюардесса деген кесипти билбесем да дүйнө жүзүн кыдырсам, чоң шаарларды көрсөм деп кыялданчумун. Мектепти Нарында аяктагам. Кийин Бишкекке келип, университетте окуп жүргөндө бул кесипке кызыгуум башталды.

Мен деле көптөр ойлогондой стюардесса болуу үчүн 170 сантиметрден кем эмес бой жана моделдик келбет болушу керек деп ойлочумун. Бирок азыр ойлоп көрсөм, ал убакта кыялыма жетүү үчүн өзүм деле аракет кылбаптырмын. Өтпөйм го деп ойлосом керек. Анан чет жакка чыкканда маалымат издей баштадым. Стюардесса болуш үчүн атайын окуусун деле бүтпөсө болоорун билдим, мен өзүм туризм жаатында жогорку билимге ээ болгондуктан, бул кесиптин талаптарына жооп берет экенмин.

"Азаттык": Ишиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Учурда кайсы өлкөлөргө учасыңар? Бул сиз ойлогондой кесип бекен?

Кайрат Калыгулова: Бизден эң негизгиси тактык талап кылынат. Бир мүнөттүк кечигүү үчүн да айыппул салынат. Компания бизге салбаса да, аэропорт биздин компаниядан айыппул талап кылып коюшу мүмкүн. Иш графигибиз ар кандай. Компания жиберген атайын жадыбалга карап иштейбиз. Бирок биз канча саат учсак да, учуп келгенден кийин сөзсүз он бир саат эс алабыз. Ал эми учуу убактыбыз он төрт сааттан ашып кетсе, канча саат учсак ошончо саат эс алууга укугубуз бар.

Азыр Жакынкы Чыгышка, Африка өлкөлөрүнө, Индостан жарым аралына, КМШ өлкөлөрүнө, Европага, Араб өлкөлөрүнө учабыз. Бул жумуштун дагы бир өзгөчөлүгү - бир рейске беш борт тейлөөчү бир учабыз. Алардын бешөө тең ар башка улуттан жана учкан сайын алмашып турат. Маселен, мен бир тарапка учуп барган төрт адам менен кайра келатканда чогуу келбейм, башкалары менен келем. Ошондуктан рейс сайын өзүмдү жаңы жумушка бараткандай сезем.

Тейлөөнү англис жана араб тилдеринде жүргүзөбүз. Жаңы иштеп баштаганда иш графигине көнүү оор болду. Уйкум алмашып, абдан кыйналдым. Бирок кийин көнүп калдым. Негизи ар бир ишти так жана убагында аткарсаң, эч кандай оорчулук деле болбошу керек деп ойлойм.

Талап катуу, иш кооптуу

"Азаттык": Кыялыңызды ишке ашырып, башка өлкөлөрдү көргөнгө жетишип атасызбы?

Кайрат Калыгулова: Ооба, биздин компания негизинен жакынкы аралыктагы мамлекеттерге учкандыктан барып эле кайра келебиз. Ошентсе да айына бир же эки жолу барган өлкөдө эки-үч сутка калганга мүмкүнчүлүк болот. Ишимдин арты менен бир нече өлкөнү көрүүгө жетиштим.

"Азаттык": Учактын жүргүнчүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айта кетсеңиз. Ар кыл улуттагы, ар кыл адамдарды тейлөө оңой болбосо керек? Кыялын көрсөтүп, орунсуз талап койгондор да чыкса керек?

Кайрат Калыгулова: Европалыктар бир аз талапка катуураак болушат. Алар тейлөө жүз пайыз аткарылышын каалашат. Ал эми Шри-Ланка же Бангладешке учкандар көбүнчө жөнөкөй болушат, жакшы тейлеп койсоң ошого ыраазы болуп кете беришет. Ашыкча эч нерсе талап кылышпайт.

"Азаттык": Учакта иштемек түгүл, анда-санда учкандар да аябай коркушат. Өзүңүз билгендей авиакырсыктар да көп болууда. Сиз коркпойсузбу?

Кайрат Калыгулова: Мен жаңыдан уча баштаганда Малайзиянын учагы жоголуп, дагы башка учактар кырсыкка учураган. Ошондо ата-энеме жаңы ишим тууралуу айтып, сүйүнчүлөсөм аябай ойлонуп, коркушкан. Атам бул ишти анча жактырган жок. Кудай да "сактансаң сактаармын" дейт. Адамдын ажалы келсе уктап жаткан жеринен деле ойгонбой калышы мүмкүн. Биз коркуп отура берсек, анда эч нерсеге жетишпейбиз го деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG