Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Кара-Тейиттеги унутулган каргаша


Абдилазиз Сулайманов
Абдилазиз Сулайманов

Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 1999-жылдагы бомбалоонун жарасы али да сакая элек.

Айылга капыс түшкөн бомбадан жараат алып майып болуп калгандар, сырты кыш, ичи фанерден курулган чакан үйлөр, апаатта жакынын жоготкон каармандар азыр да 29-августтагы капсалаңды эске салып турушат.

1999-жылдын 29-августунда кечки саат бештер чамасында кызы менен аялынан айрылып, 7 баласы менен эмне кыларын билбей өксүп калган Абдилазиз Сулайманов азыр 65 жашта.

Бир заматта талкаланган тагдыр

Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы 29-августта Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылы белгисиз учактар тарабынан бомбаланган. Анын кесепетинен Кара-Тейит айылындагы 23 үй талкаланып, үч адам каза болгон. Каза болгондордун экөө айыл тургуну Абдилазиз Сулаймановдун аялы менен секелек кызы эле. Ошол күнкү окуя Абдилазиз Сулаймановдун эсинде.

- Саат бештер чамасы болчу. Аялым кызды арыкта жуундуруп жаткан. Анан мага карап, "сабизден ооз тийип коюңуз" деп, бир сабизди берди. Мен ошону кармаганымды билем. Анан арыктын ичине жыгылып түшүпмүн. Кайра турсам аялым менен кызым кызыл чие кан. Бөлөк-салак болуп жатыптыр. Чуркап үйгө кирдим. Үйдүн ичи туйтунуп туман. Сыйпалап отуруп, балдарымды алып чыктым. Байбичемди четке жаткырып, ээгин кошуп, кийиз менен үстүн жаап коюп карасам бир да адам жок. Баары качып кетиптир.

Чиедей жаш жети бала, ээги ак чүпүрөк менен таңылган жаш аялдын табыты, бузулган үй, кыйраган дарактар, эми эмне кылам деп өкүрүп отурган Абдилазиздин жүзү учурунда далай гезиттерде жарыяланган. Ошол оор күндөрү досу кеңеш берип, батырак үйлөнүп жашоону кайрадан улантууга чакырган.

- Аялым өлгөндөн кийин эмне кыларымды билбей телбедей болуп жүрдүм. Анча-мынча арак да ичтим. Карасам балдарым кирдеген. Көп шашып баратабыз. "Балдарды жуунтуп бер" деп кимге барабыз? Ушинтип ойлонуп, анан үйлөнүүгө туура келди. Теңтуш досум келип, элдин кебине карабай үйлөн деди. Анан кошуна айылдан жалгыз бой келинге үйлөндүм. Эми өлбөгөндүн тирилиги өтө берет экен. Бир уул, бир кыздуу болдум.

Кара-Тейиттеги унутулган каргаша
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:31 0:00

1999-жылдын күзүндө "Баткенге сакалчандар бастырып кириптир" деген кабар эл оозунан түшпөй турган учур эле. Андан көп өтпөй, ошол сакалчандар Кара-Тейит жайлоосуна жетиптир деген сөз тарап, эл жайлоодон качып түшкөн. Абдилазиз Сулайманов тынч турган айылды бомбалоо туура эмес маалыматтардын кесепети болгонун кийин билгенин айтат.

- Бул бомба бизге түшмөк эмес. Биздин зонада Бөрүбаев деген командачы болгон. Сакалчандар тиякта турса, Бөрүбаев бул жакта, Кара-Тейит айылын сакалчандар басып алды деп маалымат берет. Кара-Тейиттин жайлоосун басып алды деген эмес да. Анан Акаев Каримовдон учак сурайт. Ал самолеттор жайлоону бомбалабай эле Кара-Тейитти бомбалайт.

Унутта калган үй-бүлө

Азыр Абдилазиздин бомбалоого чейинки үйүн малкананын астындагы эски бетондун калдыгы гана эске салып турат. Анткени өкмөт тамарканын башындагы бош жерге жаңы үй салып берген. Бузулган үйдүн ордуна азыр малкана курулган. Деген менен кышын-жайын суук деп, Абдилазиз Сулайманов өкмөт курган үйдүн сапатына ичи чыкпай жүрөт.

- Үйлөрдүн тышы кыш, ичи фанерадан. Кышында жылыбайт. Жазында кирпичтен улам муздак. Азыр эми менин башка үй салып алгыдай да кудуретим жок. Бул үй менин мурунку үйүмдүн үчтөн бир баасында турат. Ошол үй күйүп жок болду.

Айылды бомбалоодон кыйраган 23 үй кайра курулганы менен, айылдыктар тарткан материалдык зыян убагында калыбына келтирилбей калып кеткен. Маселен Абдилазиз Сулайманов бомбалоодон бүт малынан да ажырап калган эле.

- Бак-дарагым бар эле. Үргүлжү алмалар, тал-теректер баары күйүп жок болду. Элүүдөн ашык кой-эчким бар эле. Алты уюм бар эле, ошол сарайда жатып өлдү. Бир атым бар эле, ал кетти. Буларга компенсация төлөнгөн жок. 50 миң сом компенсация беришти. Ошону менен жок.

Айыл тургундары 16 жыл мурунку бомбалоонун кесепеттерин азыр да сезип келишет. Анткени бомбалоодон айылдын ондогон тургундары жаракат алышкан. Айылда үч адам ошол күнү мерт кеткенин, дагы 21 адам бомбалоонун кесепетинен андан кийин каза болушканын айтып жүрүшөт.

Жети баласы менен аялынан ажырап калган Абдилазиз Сулайманов Ош облусунун ошол кездеги губернатору Темирбек Акматалиевге кайрылып, үч уул, бир кызын Майрам Акаеванын демилгеси менен ачылган балдар айылынын карамагына өткөрүптүр. Азыр алар чоңоюп, Бишкектеги тигүү цехтеринде иштеп жүрүшөт. Абдилазиз Сулайманов балдарын андан ары окутууга, аларды үйлөндүргөнгө дарамети жетпей жатканына өкүнөрүн айтат.

- Азыр турмушум капа боло турган деле эмес. Ашып-ташып деле кеткен эмес. Эгер ашып-ташып кетсе ошо балдарымды подвалда жашатпайт элем. Жашоом көп эле жерге жатып кала турган эмес. Курсагыбыз тоёт. Келип эле мен балдарыма жардам бере албай жатам. Ушуга жаман өксүп жүрөм. Балдарым үйлүү-жайлуу болсо экен, анан өлсөм дегенден башканы каалабайм.

Беймаалым бомбалоо

Мурда эч кимге белгисиз Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылы 1999-жылдын 29-августундагы бомбалоодон кийин дүйнөгө таанылган. Тынч жаткан чакан айылды бомбалап кеткен белгисиз учактар белгисиз бойдон калды. Жөндөн-жөн эле бир айылдын бомбаланышына эмне себеп болгону, ага ким буйрук бергени, ал учактар Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп өткөнүн кандайча эч ким байкабай калганы алигече иликтене элек. Бир сөз менен айтканда, айылдын бомбаланышы ушул күнгө чейин укуктук баасын ала элек.

Баяндын башында аты аталган Мурзали Бөрүбаев Баткен тополоңунун соңунда генералдык наам алган. Азыр ардактуу эс алуудагы генерал ошол учурда согушкерлердин турган жери тууралуу маалыматты туура эмес берген деген пикирди четке какты. Генерал Мурзали Бөрүбаев, тескерисинче, Кара-Тейит айылын бомбалоодон сактап калганын айтат.

- Учактардын келиши, ал айылга бомба ташташы мен үчүн күтүүсүз болгон. Эгерде мен ал айылда согушкерлер турарын айтсам, учак менен бомбалоо чечими чыкса, ал мени менен макулдашылмак. Андай болгон жок. Алар айылды бомбалай баштаганда биздин жоокерлер аларды жерден аткылап кайра артка кууган. Болбосо айылды бүт тып-тыйпыл кылып салмак. Бомбалоодон кийин мен коргоо министрине күмүш түстүү учактар келгенин, алар Өзбекстандын учактары болушу мүмкүн экенин айткам. Эгерде менин колум коюлган карта ошол Абдилазиздин колунда болсо көрсөтсүн. Эгерде ошол окуяда менин күнөөм болсо мен азыр да жазаланууга даярмын.

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Тейит айылы Тажикстандын чек арасынан 15 чакырым бериде турат. Айылдын батыш жана түштүк тарабын Тажикстан менен Кыргызстанды бөлгөн бийик аскалуу тоолор курчап турат. Айылдын азыркы жашоосу тынч.

Каарманыбыз Абдилазиз Сулайманов кийинки аялынан бир уул, бир кыздуу болгон. Азыр алар 9-10-класста окуп жатышат.

XS
SM
MD
LG