Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Карыз айынан кыз уурдаган келин камакта


Кылмышка шектүү эки кызды Кызыл-Суу айылына жакын жердеги кароосуз калган ушул кашарга алып барган.
Кылмышка шектүү эки кызды Кызыл-Суу айылына жакын жердеги кароосуз калган ушул кашарга алып барган.

Каракол шаардык соту кабыл алган чечимге ылайык, өзүнүн жана кайын сиңдисинин кызын барымтага алып, акча талап кылды деп шектелген Айзада Рыскулова эки айга камакка алынды.

Мындан үч күн мурун барымтага алынган Фатима менен Асема азыр жакындарынын жанында жана саламаттыгы канааттандырарлык. Асеманын атасы Бактияр Амазиев кыздар бир аз коркуп калганын айтты. Ал "мындай шумдук окуя үч уктаса түшүмө кирген эмес" дейт. Кызы мектептен келе жатканда белгисиз бирөөлөр "Мерседес" үлгүсүндөгү унаага салып кеткенин биринчи болуп кошуналары айтышкан.

- Кошуналардан угарым менен эле милицияга кайрылып, иликтөө иштери башталды. Ошол эле күнү жеңебиз келип, анын 8 жаштагы кызы Фатима жана менин кызым уурдалганын, орус улутундагы үч адам кыздар үчүн 10 миң доллар жана 300 миң сом талап кылып жатканын айтты.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Улан Асанбаев окуяга алгач жабырлануучу жана күбө катары келген 35 жаштагы аялды суракка ала баштаганда эле шек өзүнө түшкөнүн айтат. Тергөөчүнүн суроолоруна берген жоопторунун бири төп келсе, бири калп чыга баштаган:

- Орус балдар кимге чалат, эмне кылып чалат деген суроолор пайда болду. Анткени "үч орус телефондорумду тартып алды" деп айтты. Ошентип биздин суроолорго такыр эле туура эмес жооп берип жаткандыктан биз бул аял өзү ушундай иштерди жүргүзүп жатканын сезип калдык. Эртеси карызы көп болгонун, ошолордон кутулуу үчүн туугандарынан акча алууну көздөгөнүн айтып берди.

Кылмышка шектүү Айзада Рыскулова кыздарды инисинин "Мерседес" үлгүсүндөгү унаасы менен уурдаган. Инисинен машинесин товар алып келем деп сурап алган экен. Атайын спорттук кийим кийип, ууртуна мурут чаптап, башына кепка жана капюшон кийген. Алгач Кызыл-Сууга барып, кызын унаага отургузат. Аны менен орусча сүйлөшүп, Караколго жеткенде жолдо бараткан кайын сиңдисинин жети жаштагы кызын алдап чакырткан. Ошентип экөөнү Кызыл-Суу айылына жакын жердеги кароосуз калган кашарга алып барып, колу-буттарын, оозун жана көздөрүн скотч менен чаптап, таштап кетет.

Кызы апасын колдорунан тааныган

Айзаданын сегиз жаштагы кызы Фатима окуяны мындайча айтып берди:

- Асеманы чакырдым, ал отургандан кийин бизди жолдон скотчтоду. Анан бир жерге алып барып камагандан кийин бизге "эми унчукпай отургула же болбосо карышкыр жеп кетет" деп айткан болчу.

Фатима апасы сүйлөп жатканда аны үнүнөн тааныган экен.

- Сүйлөшө баштаганда эле атын сурагам. "Как вас зовут" десем "какая тебе разница" деди. Анан кол кабын чечкенде колдору аппак экен. Ошондо тааныдым.

Кыздарды эртеси күнү түшкө жакын мал кайтарып жүргөн чабан көрүп калып, милиция келгенче үйүндө кармаптыр. Кылмышка шектелип жаткан Айзада Рыскулованын жолдошу мындан сегиз ай мурун каза болгон. Үч кызы бар. Фатима ортончусу болчу. Ушу күнгө чейин келин айылда майда-чүйдө соода-сатык менен алектенип келген.

Айзаданын кайын энеси Көйнөкан апа келининин жүрүм-туруму күйөөсүнүн көзү өткөндөн кийин өзгөрө баштаганын, кимдир бирөөлөргө ири көлөмдөгү акча карыз экенин да угуп жүргөн.

- Келиним жакшы болчу. Балам каза болгондон кийин эле өзгөрө баштады. Күйөөсү каза болгондон кийин кырк күн өткөндө үйгө бекинип алып ыйлады. Анан мен өз энесине тапшырып коюп, үйүмө кетип калдым.

Кайын сиңдисинин жолдошу Бактияр Амазиевдин айтымында, алардын бардар турарын кайнагасынын аялы билген. "Ошондуктан ушундай жол менен акча өндүрүүнү кааласа керек" деп болжойт. Ошентсе да маркум күйөөсүнүн жана үч кызынын кадыры үчүн Айзаданын кылганын кечиришкен экен:

- Тууганбыз, агабыздан үч кызы бар. Мындан 8 ай мурда агабыз өлүп, кыздар жетим калды. Кечээ күнү эле тергөөчүлөргө "эгер мыйзам жол берсе, жеңебизди актап бергиле" деп кайрылдык.

Кылмышка шектүү Айзада Рыскулова тергөө иштери соңуна чыкканча Каракол шаарындагы № 3 СИЗОдо кармала турганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG