Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

ЕАЭБ: Чек аранын ачылышы милдеттерден куткарбайт


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргызстан ЕАЭБге расмий киргенине байланыштуу бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы бажы бекеттери алынары күтүлүүдө.

Уюмга киргенден кийинки чек арадан жүк алып өтүү жагдайы кандай болот? Бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Азамат Сулаймановду кепке тарттык.

"Азаттык": Жаңы уюмга расмий кирдик. Эми чек ара өтмөктөрүндө кандай өзгөрүүлөр күтүлөт?

Азамат Сулайманов: Биримдикте бажы тескөөсү бир болот. Ага байланыштуу бүгүнтөн баштап үчүнчү өлкөдөн келаткан товарларга карата бирдиктүү бажы тарифин колдоно баштайт. Уюм ичиндеги өлкөлөрдө жүгүргөн товарлар ээн-эркин ташылат жана сатылат.

"Азаттык": Ошондо, айталы, Баткендин өрүгү Орусияга эч көзөмөлсүз киреби?

Азамат Сулайманов: Албетте, эч тоскоолдуксуз кирет. Бирок Баткенден алып келген ишкердин милдети калат. Өндүрүлгөн товардын адамдарга коопсуздугу боюнча сертификаты болушу керек. Аны кайсы базарга барса, ошол жерге көрсөтөт.

"Азаттык": Ал эми Кытайдан келип, Кыргызстан аркылуу өтүп аткан товарлар кандай болот?

Азамат Сулайманов: Биримдикке мүчө болбогон өлкөлөрдөн келген товарга биримдиктин бажы алымы алынат. Андан кийин бизге кирген товар Кыргызстандыкы деп эсептелет, уюм ичинде эркин, бажы алымысыз жүгүртүлөт.

"Азаттык": Кыргыз-казак чек арасында кийим-кечек ташыган ишкерлер абдан жүдөчү эле. Өздөрү, же бирөөлөр товарларын кийип өтүп жүрүшчү. Бул көйгөй эми жок болот турбайбы?

Азамат Сулайманов: Ооба, буюрса, жоюлат. Бирок ишкерлерге, жарандарга эскертип кетет элем. Чек ара ачылды деген дарбаза ачылып эле ээн-эркин кирип чыгабыз дегенди тастыктабайт. Бул бирдиктүү талаптарга, милдеттерге кошулдук дегенди билдирет. Анткени салык төлөмү ар бир мамлекеттин улуттук мыйзамдары менен камтылган.

"Азаттык": Эми биримдикке киргенден кийин сырттан келген товарларга бажы алымдары көтөрүлөт да. Канчалык болушу мүмкүн?

Азамат Сулайманов: Мисалы, коңшу Кытайдан кирген товарларга бажы алымы үч-төрт эсе көтөрүлөт. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан менен соода-сатык мурдагыдай эле жүрөт. Анткени бул мамлекеттер КМШнын курамына кирет жана эркин соода аймагы боюнча келишимге да кол коюшкан.

"Азаттык": Мурда аймактык ишкерлер ушундан чочулап атышты эле. Мисалы, баткендик дыйкандар ортого биримдиктин бажы алымы коюлуп калса, Тажикстанга же Өзбекстанга товарын кантип өткөрөт. Ал жактагылар кымбат деп албай коёт деп чочулап атышты эле. Демек, мындай чочулоого негиз жокпу?

Азамат Сулайманов: Жок, көтөрүлбөйт. Көтөрүлбөш керек.

XS
SM
MD
LG