Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Бишкек майга, Астана сууга кабатыр


Кыргызстандын премьер-министри Жооматр Оторбаев менен Казакстандын премьер-министр Карим Масимов.
Кыргызстандын премьер-министри Жооматр Оторбаев менен Казакстандын премьер-министр Карим Масимов.

Кыргыз-казак премьер-министрлери эки өлкөнүн чек арасындагы өткөрмө бекеттердеги абал-шартты жакшыртууну, туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүп алууну макулдашты.

Жоомарт Оторбаев менен Карим Масимовдун жолугушуусу 12-июлда чек арада, “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө бекетинде өттү. Анда Бажы биримдигине байланышкан маселелер, күйүүчү май, эт жана сүт азыктарын экспорттоо, сугат суусу жөнүндө да сөз болду.

Кыргыз-казак өкмөт башчыларынын жолугушуусуна журналисттер чакырылган жок. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы болсо жолугушуу тууралуу эки күндөн кийин гана кабарлады. Анда тараптар быйылкы туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүп алууга басым жасады деп айтылат. Карим Масимов Ысык-Көлгө бараткан казак туристтери үчүн чек арадагы тоскоолдуктарды азайтууга чакырды.

- Биздин бүгүн ушул жерде жолушуп жатканыбыз маанилүү. Бул жерде эки өлкөнүн Бажы жана Чек ара кызматтарынын жетекчилери турат. Казакстандык туристтер кыйналбай өтүп барып, эс алып келиши үчүн бардык шарттарды түзүп беришибиз керек.

Расмий Астананын маалыматы боюнча, былтыр Казакстандан Кыргызстанга 2,4 миллион турист келген. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу жарым миллионго көбүрөөк.

Өкмөттөгү ишенимдүү булактардын кабарлашынча, Жоомарт Оторбаев Карим Масимов менен жолугушууда ушул тушта Казакстанда бажы бекетинде кармалып турган Орусиядан Кыргызстанга ташылып келаткан 30 миңдей тонна күйүүчү май маселесин көтөрдү. Бирок Масимов кандай жооп бергени, маселенин чечилип-чечилбегени белгисиз.

Кыргызстандагы “Нефтетрейдерлер” бирикмесинин жетекчи орун басары Улан Кулов кыргыз-казак премьерлеринин жолугушуусунан соң бул маселе бир жаңсыл болуп чечилет деп күтүп жатышканын айтты:

- Азырынча бизде маалымат жок. Сүйлөшө элекпиз. Бирок бизге өкмөттөн ошол маселе боюнча да сүйлөшөт деп айткан. Бирок сүйлөштүбү, же жокпу, жыйынтыгы кандай болду билбей жатабыз. Биз болгон маалыматтын баарын бергенбиз. Эки өкмөт башчы өткөрмө бекеттен көзмө-көз жолукту да. Жыйынтыгы азырынча белгисиз болуп жатат.

Ушул тушта Казакстанды болсо сугат суу маселеси тынчсыздандырып жатат. Быйыл суу тартыш болгондуктан кыргыз тарап аларга суу берүүнү эки эсе азайткан эле. Суу чарба департаментинин жетекчи орун басары Тилек Исабековдун билдиришинче, Кыргызстандын өзүндө суу тартыш болуп жаткандыктан чектегенден башка аргасы жок:

- Киров суу сактагычынан суу берүү чектелген жок. Ал жакта суу кенен эле. Жарым суу бар. Чүй суусунан кыскарттык. Секундасына 30 куб метр суу акчу эле, азыр болсо 12-13 куб метр эле алып жатат. Эми суу өзүбүзгө жетиштүү болгондо, толугу менен бермекпиз. Анан эми минтип өзүбүзгө жетпей жатса, кайдан бере алмак элек. Ишемби күнү казак премьери Масимов келгенде да сөз болду. Ал муну түшүнүү менен кабыл алды. Бирок “карап көргүлө, эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери байкап көрүп суу кенен болуп калса берип тургула”, деди.

Эртең, 16-июлда Бишкекке казак тышкы иштер министри келет. Ерлан Идирисов Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолуккандан кийин, президент Алмазбек Атамбаевдин да кабыл алуусунда болот. Эки күндүк сапар учурунда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, инвестиция, миграция, чек ара жана интеграциялык маселелери талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG