Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Таластык дыйкандар: Казак бажысы алынсын


Таластык дыйкандар Казакстанга нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

8-ноябрда таластык элүү чамалуу дыйкан Бишкектеги казак элчилигине келип, Маймактагы бажы тосмону алып салуу талабын койду.

Талас облусунун элүү чамалуу дыйканы бүгүн Казакстандын Кыргызстандагы элчилигине келишип, Маймак темир жол бекетиндеги бажы тосмону алып салууну талап кылышты. Ушундай эле талап менен өкмөт үйүнүн имаратына барышты.

Алар Казакстандын бажы тосмосунан Кайыңды кант заводун көздөй 10 миң тонна кант кызылчасын бир айдан бери өткөрө албай жатканын айтышууда.

Кыргыз-казак чек арасындагы Маймак темир жол станциясына бажы тосмосун Казакстан акыркы ирет 2-августта коюп, бирок өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра 24-октябрда ачкандыгы маалымдалган.

“Азаттыктын” Таластагы кабарчысы тактаган маалыматка караганда, иш жүзүндө Жамбыл облусунун бажы кызматы бул чечимди аткара элек. Маймак темир жол станциясы аркылуу кант кызылчасынан тышкары Казакстандан, Орусиядан күйүүчү, майлоочу май, мазут, битум сыяктуу жүктөр ташылып турат.
XS
SM
MD
LG