Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:44

“Барахолканы” байырлаган кыргыз мигранттар


Ушул тушта казак жарандыгын алууга аракет кылып жаткан кыргызстандыктар көбөйдү.

Бул Казакстандын салык системасында жаңы жылдан тарта кире турган өзгөрүүлөргө байланыштуу болуп жатат. Ага ылайык, аталган мамлекетте четтен келген мигранттарга соода жана ишкерлик кылууга тыюу салынмакчы.

Мен “Барахолканы” Бишкектеги "Дордой" базарындай эле элестетип алыптырмын. Базарда cоода кылгандардын дээрлик 50-60 пайызы кыргыздар дешкенинен оңой жолуктурсам керек дегем.

Оболу бут кийим сатылган базарга түшүп калып, көпкө аралап жүрдүм. Көбү эле кытай, уйгур экенин көргөндөн кийин, Башкы консулдуктан кыргыздар негизинен “Болашак” жана “Кулагер” деген базарда жыш отурарын билдим.

Үн катпаган кыргыздар

Катарларды аралап, кыргыздардарды көпкө издедим. Сүйлөшкөндөрүнөн таанып калаар бекем деп, кулак түрүп соодагерлердин сөзүн тыңшайм, бирок андан деле майнап чыккан жок. Баары эле казакча сүйлөйт. Эки-үчөөнө кайрылып “Кыргызстандан болосузбу?” деген суроомо терс жооп алдым.

Айтор, кыдыра берип, үшүп, көк муштум болуп чыктым. Кофе ичип, жылынып алайын деп чакан ашканага баш бактым. Алдымда эки аял отурган болчу. Бир убакта “баламды Ошко жиберип...” деген сөзүн угуп, аябай сүйүнүп кеттим. Жанына барып, кыргызстандыктар экенин билдим. Андан кийин алар менен чогуу “Болашактагы” “кыргыз базар” деген жерге бардык.

Кыргызстандык соодагерлер каяктан келгенин билдирбей, ашыкча сөз кылбай, казакча сүйлөөгө мажбур экенин, анткени кайта-кайта текшерүүчү басып, айып пул салып жүрөктөрүнүн үшүн алып койгонун айтып беришти.

Мигранттар Бишкектен келген журналист экенимди уккандан кийин ачылып-чачылып, көйгөйлөрүн айтып берүүгө ашыккан деле жок. Айтып-деп, бирок майнап чыкпагандан улам чарчашкандай.

- Биз Казакстанда темтиреп оокатыбызды кылып жүрөбүз да. Кыргызстанда телегейибиз тегиз болгондо бул жакка келип шылдың болбойт элек, түрткүнчүк болбойт элек. Ошол жакта жакшынакай өз үйүбүздө, бала-чакабыздын окуусуна акча төлөп, тарбия берип жашайт элек. Бир үй-бүлөбүз бул жакта, бири Ошто, бизге деле кыйын.

- Кыскасы тынчтык жок. Айласыз жүрөсүң. Көнүп калгандан кийин, контейнериң болгондон кийин жүрөсүң. Чыдап үйрөнүп калганбыз. Канча айып пул салса деле, кармап-камаса деле чыдайбыз. Анын ордун кайра толуктайбыз деп тырмышып иштейбиз. Азыр эми катуу болуп жатат. Алы жеткендер туруктуу жашоого уруксат алып жатат. Алы жетпегендер жүрөт.

Бийликке үмүт арткандар

Ар кандай кыйынчылыктарга кайыл болуп, 10-15 жылдап мыйзамсыз соода кылып жүргөн кыргызстандыктардын абалы эми дагы оорлошкону турат. Казакстанда жаңы жылдан тарта салык системасы өзгөрөт. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга соода жана ишкерлик кылууга тыюу салынат. Ошондуктан азыр казак жарандыгын алууга аракет кылгандар көп. Бирок ага жеткирбей кыргыз бийликтери аракет көрсө дешет:

"Биздин бийлик эгер элине күйсө, өлкөнүн сакталып калышын кааласа, бул маселени мамлекеттик деңгээлде чечиш керек. Казактар өздөрү “биз бир тууган элбиз” деп айтышат. Ошондой болсо биздин өкмөт башчылар, депутаттар, президент эмне иш кылып жатат? Сүйлөшпөйбү казак мамлекети менен. Азыр күнүнө ондон адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгып келип атат. Менин да оюм ошондой. Мен да эртең барып Кыргызстандын жарандыгынан чыгып келем. Бул жактын азаматтыгын алам. Анткени мага бул пайдалуу. Эгер мен ал жакта ачка отурсам, мага ал жактын жарандыгынын эмне кереги бар? Азыр Кыргызстанда кемпир-чал эле калды. Төрөй турган кыздар Орусияда, Казакстанда жүрөт. Бул демографиялык проблема".

"Жарандык алгыла дебей эле, иштегенге уруксат берсе жакшы эле болот эле. Биз салыгын да, патентин да төлөй беребиз. Жарандык алгыла деп бизди мажбурлабаса деп суранат элек. Азыр биз баарыбыз эле чуркап жүрөбүз".

Бирок буга чейин деле Казакстанда туруктуу жашоого уруксат алгандар деле жыргап кетпептир:

- Мен 2010-жылы туруктуу жашоого уруксат алгам. Аны менен деле Кордай облустарга иштегенге уруксат эмес экен. Кармап кетип, айып пул төлөтөт. Алматы шаарынын ичине гана уруксат. Эми 2013-жылдан тарта патент болот деп атат. Аны бир жылга аласыңар дейт. Ай сайын төлөсөк бизге жеңил болмок. 10 миң теңгени алдын ала сурап атат. Бул биз үчүн өтө эле оор. Себеби азыр соода жакшы жүрбөй калды. Былтыркыга салыштырмалуу өтө жай. Ушул жагын чечип берсе аябай жакшы болот эле.

Жарандыгын алмаштыргандар көбөйдү

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Сеит Убукеев “Азаттыктагы” маегинде казакстандагы салык системасындагы өзгөрүүлөр тууралуу тынбай түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтып берди. Ошондой эле коңшу Өзбекстан жана Тажикстандан айырмаланып, кыргыз жарандары үчүн айрым бир жеңилдиктер бар экенин белгиледи:

- Казакстандын базарындагы ар бир соодагер кассалык аппарат алышы керек болот. Муну кайсы бир убакта бизде, Кыргызстанда да киргизүүгө аракет кылышпады беле. Ар бир дүкөндө, ар бир күркөдө, контейнерде аппарат болушу керек. Мен казак салыкчылары менен сүйлөшкөндө өтө чоң акча бюджетке түшпөй, арам жол аркылуу кетип жаткандыктан ушундай чара киргизип жатканын айтып беришти. Ошондой эле ар бир ишкер ИПНди, же башкача айтканда жеке ишкер күбөлүгүн алышы керек. Казакстан Кыргызстандын жарандары үчүн бир аз жеңилдик берди. Орусиянын, Беларустун жана Кыргызстандын жарандарында ушундай күбөлүк болсо, Казакстандын аймагында иштей алат. Ошондуктан биздин жарандар мыйзамдуу түрдө бул жакта иштегенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул күбөлүктү алыш үчүн туруктуу жашоого уруксат алышы керек.

Казакстандагы кыргыз маданий борборунун өкүлү Турат Аманбаев туруктуу жашоого уруксатты бардыгы эле ала албай турганын кеп салды:

- Кыргызстандын каттоосунан чыгып, колунан келгендер бул жактын жарандыгын алууга умтулуп жатат. Колунан келбегени эмне болсо да көрөбүз деп отурушат. Негизи Казакстанда четтен келгендерге соода кылууга буга чейин эле тыюу салынган. Миграция полициясы көзөмөлдөчү. Кармалгандарга айып пул салынып, депортацияланчы. Эми азыр салыкчылар кошулду. Эгер алар мыйзамсыз соода кылып жаткан чет өлкөлүк жаранды кармаса, айып пул салып, депортациялап гана тим болбостон, товарын кошо алып коюуга укугу болот.

Алматыда Башкы консулдукта ушул тушта 10 миңден ашык адам катталуу экен. Ар кайсы булактарда Казакстанда жүргөн кыргыз мигранттар 60 миңге чейин чамалары айтылат. Башкы консулдун маалыматы боюнча жылына орто эсеп менен 1-1,5 миңдей кыргызстандык казак жарандыгын алат. Эми кырдаалга жараша бул сан дагы көбөйчүдөй.

XS
SM
MD
LG