Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Казакстан Бишкекте кармалган укук коргоочуну сурап жатат


Кыргызстандын башкы прокуратурасынын алдына казак укук коргоочусу Осадченкону колдоп чыккандардын пикети. Бишкек, 3-август, 2012.
Кыргызстандын башкы прокуратурасынын алдына казак укук коргоочусу Осадченкону колдоп чыккандардын пикети. Бишкек, 3-август, 2012.

Казакстан убактылуу абакта кармалып турган жараны Александр Осадченкону өткөрүп берүү талабы менен Кыргызстанга кайрылды.

Казакстандык укук коргоочу Александр Осадченко болсо кыргыз бийликтеринен саясий качкын макамын берүүнү суранууда.

Казакстандын талабы

Казакстандын башкы прокуратурасы Александр Осадченкону өткөрүп берүү талабы менен Кыргызстандын башкы прокуратурасына кайрылганын бул мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Канатбек Султанов билдирди:

-Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасына Казакстандын башкы прокуратурасынан талап келип түштү. Анда Александр Осадченкону далилдерди бурмалаганы жана алдамчылык иштерди кылууга аракеттенгени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында өткөрүп берүү керектиги айтылат.

Ал эми 6-августта Александр Осадченконун атынан Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине саясий качкын макамын берүүнү сураган арыз келип түшкөн. Буга чейин ал ушундай эле арыз менен президенттин наамына да кайрылган болчу.

Аталган министрликтин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Базаркүл Керимбаеванын айтымында, укук коргоочунун абакта жатканы эске алынып, анын арызы тез арада каралышы мүмкүн.

- Казакстандын жараны дүйшөмбү күнү кайрылды. Биз эми ал өтүнүчтү каттайбыз. Каттагандан кийин өзүбүздүн тиешелүү иштерибиз бар, ошолорду өткөрүшүбүз керек. Андан кийин бул адам боюнча чечим чыгарабыз. Мыйзам боюнча өтүнүчтү алты ай, бир жыл аралыгында карайбыз. Бирок бул адамдыкы өзгөчө жагдай болуп жаткандыктан, аны батырак караганга аракет кылабыз.

Башы прокуратура укук коргоочуну Казакстанга өткөрүп берүү жагы анын качкын макамын суроо өтүнүчү чечилгенден кийин гана карала турганын билдирүүдө.

Бишкек шаардык соту болсо 7-августта Осадченкону абакта кармоо мөөнөтүн 10-сентябрга чейин узартты. Ал ушу тапта Бишкек шаарындагы №1 убактылуу тергөө абагында кармалып турат.

Казакстанда укук коргоочуга коркунуч барбы?

Осадченкого Казакстанда кылмыш иши ал Кыргызстанга май айында келгенден кийин козголгон экен. Анын өкүлү Ксения Филимонова ал мекениндеги укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн гана куугунтукталып, кысымга алынып жатат деп эсептейт:

- Казак тергөөчүлөр өздөрү Александр Осадченкону кылмыш иши козголгонго чейин кетип калган деп жатат. Мисалы, мен азыр Бишкекте жүргөндө мага кылмыш ишин козгоп койсо кандай болот? Мен азыр Башкы прокуратурага кайрылып, Казакстанда анын өмүрүнө коркунуч жараларын айтып жатам.

Осадченко укук коргоочулук иш менен Караганды облусунда гана алектенип келген. Аны жергиликтүү укук коргоочу катары билишет.

Канткен менен бул окуя казак президенти Нурсултан Назарбаевдин ушул айдагы Бишкекке болчу иш сапарынын алдына туш келүүдө. Александр Осадченконун тагдыры эки өлкө мамилесине карап чечилеби, же адам укуктарын сактоо менен бүтүм чыгабы? Бул суроого акыйкатчы Турсунбек Акун мындай дейт:

- Биздин өлкө демократиялык жолго түшүп, ошондон улам алардын келип жатканын туура түшүнүш керек. Назарбаев менен дагы ортодо экономикалык, каржы-бизнес байланыштарыбыз, келишимдерибиз бар. Бул маселе эми президентке, премьер-министрге, мамлекет жетекчилеринин мамилесине жараша болот.

Александр Осадченко 10-июнда Бишкекте казакстандык белгисиз из кубарлар тарабынан кармалганы, алар укук коргоочуну Казакстанга жашыруун алып кетүүгө аракеттенишип, бирок ага окуянын күбөлөрү кийлигишип, милицияга кабарлашканы буга чейин айтылган. Ошондон кийин ал камакка алынып, сот аны кармоо чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG