Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:55

Көкбөрү: “Бакубат Талас” утту


Президенттин кубогунан көрүнүш.

24-августтан бери Бишкекте өтүп жаткан президенттин кубогу үчүн оюн жыйынтыкталып, Таластын “Бакубат” командасы менен көлдүн “Толкун” тайпасы финалда ат салышты.

Президенттин кубогу үчүн мелдеш Көчмөндөр оюндарынын алдында болгондуктан ага жогорку лигадагы командалар катышкан жок. Себеби бул лигадагы көпчүлүк оюнчулар Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасын түзгөндүктөн, Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатышат.

Андыктан быйылкы турнирдин өзгөчөлүгү "Калган командалардын арасында ким күчтүү?" деген суроого жооп издөөдө болуп, мелдеш өз кызыгын жоготкон жок.

“Бакубат Талас” жаңы чемпион

Оюндун алгачкы мүнөтүнөн баштап, Таластын улакчылары чабуулга умтулуп, алгачкы улакты салганга жетишти. Аны Астаркул Табышев "Барс" деген аты менен барып салды. Натыйжада бул оюндагы жалгыз улак болуп кала берди. Командалар оюндун аягына чейин башка упай алышкан жок.

Анткен менен оюндун жүрүшүндөгү кызыктуу учурлар күйөрмандарды зериктирбестен, финалдык мелдеште элдин бүйүрүн кызытып турду. ​

Талас улакчыларынын капитаны Райымберди Жакшыбай уулу оюндан кийин “Азаттыкка” билдиргендей, алты күндөн бери өтүп жаткан турнирде Ысык-Көлдүн улакчылары эң күчтүү оюн көрсөтүштү.

Райымберди Жакшыбай уулу.
Райымберди Жакшыбай уулу.

- Ооба, финалдык оюн чындап эле эң оор оюн болду, - деди ал. - Биз акыркы бир айдан ашык убакыттан бери катуу даярданганбыз. Албетте, биринчи орунду алабыз деген максат менен келгенбиз. Кудайым жардам берип, тилегенибизге жеттик. Өкүнүчтүүсү - бир балабыз катуу жараат алып калды. Оюнчубуз Эламан Руслан уулу тай казанга катуу кулап түштү. Азыр ооруканага барып андан кабар алабыз.

“Толкун” оюн сайын бышып келатат

Ысык-Көлдүн улакчылары финалга чейин жеткени көпчүлүк үчүн эле эмес, команданын өзү үчүн да күтүүсүз болду. Команданын туруктуу машыккан жери жок болсо да, турнирдин алдында кыска мөөнөттө команданы курап, оюн сайын жаңы деңгээлди көрсөтүүдө.

Ушундан улам көлдүк улакчылар экинчи орун алып калганына өкүнүчүнөн сүйүнүчү көп болду. “Толкундун” оюнчусу Жанболот Кайдыбаев:

- Биз турнирге бир жума калганда гана чогулдук, - деди. - Тыңгылыктуу машыгуудан өтпөй калдык. Ошондуктан экинчи орунга өкүнгөн жокпуз. Бизге салыштырмалуу атаандашыбыз эки айга чукул машыгуу, даярдыктан өттү. Биз болсо "финалга чыкпайбыз го" деп ойлогонбуз, себеби аттарыбыз да жакшы таптала элек болчу.

"Толкун" (көк) - "Бакубат Талас" (жашыл).
"Толкун" (көк) - "Бакубат Талас" (жашыл).

“Толкун” командасы - республикалык деңгээлде Ысык-Көлдүн намысын коргоп жаткан жалгыз команда. Ал буга чейин 9-майдагы Жеңиш майрамына карата өткөн турнирде биринчи лигадагы командалар арасында финалга чейин жетип барып, утулган. Бир жылда эки жолу финалды көргөн “Толкун” кийинки турнирге аттарын жакшылап таптап, башкача даярдык менен чыгууга камынууда.

Белгилей кете турган жагдай, деңгээлине жараша оюнчулары улуттук курама команданын катарына кирген "Биримдик", "Достук", "Ынтымак" командалары жогорку лига, калган командалар биринчи лига болуп шарттуу түрдө аталып жүрөт.

Ал эми президенттин кубогунун жеңүүчүсү “Бакубат Талас” кубоктон тышкары 500 миң сом акчалай сыйлык, 2-орунду алган “Толкун” 200 миң сом, 3-орунга арзыган “Сары-Өзөн Рассвет” 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Ошондой эле "мыкты улакчы" Астаркул Табышов ("Бакубат Талас"), "мыкты чабуулчу" Эламан Нурболот уулу ("Сары-Өзөн Рассвет"), "мыкты коргоочу" Тилек Айып уулу ("Толкун"), "мыкты дулдул ат Суусамыр" ("Сары-Өзөн Рассвет"), "мыкты күлүк ат Тачка” ("Бакай-Ата Шыралжын"), "мыкты жекеме-жекенин аты Аватар” ("Бакубат Талас") аталып, ар бири 20 миң сом акчалай сыйлык алышты. "Мыкты" наамына ээ болгондор жана 4-орундан баштап 12-орунду ээлеген командалардын ар бирине 20 миң сомдон берилди.

Президенттин кубогуна арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 17-августта башталган. Ага 12 команда катышты.

Көкбөрү: Баш байгени "Бакубат Талас" алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

Финалдын дагы бир өзгөчөлүгү - оюн бүткөн соң Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы оюн талаасына аттанып чыкканы болду. Көчмөндөр оюндарынын башталышына үч күн калганына карабай, Манас Ниязов, Сейитбек Анарбек уулу, Рустам Тыналиев, Улан Насакеев жана башка белгилүү улакчылардан турган курама команда жалпы элдин батасын алып, Чолпон-Атага жол тартты.

Кыргызстандын улакчыларын оюнга узаткандардын арасында жогорку бийлик өкүлдөрү, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана башкалар болсо, батаны муфтий Максат ажы Токтомушев берди.

Кыргызстанды көкбөрү боюнча курама командасы.
Кыргызстанды көкбөрү боюнча курама командасы.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин уланат. Ага 57 мамлекеттен келген 1946 спортчу катышып, улуттук спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Оюндарда жалпы 594 медаль ойнотулат. Анын 174ү алтын. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир жолу Кыргызстанда өтүп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG