Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Жети-Өгүздө өзгөчө абал жарыяланды


Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда өзгөчө абал жарыяланды.

Мындай чара жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылуу, абалды жөнгө салуу жана коомдук тартипти орнотуу максатында кабыл алынды.

Өзгөчө абал тартиби бир сааттан кийин күчүнө кирет жана 10-июнга чейин уланат. Кечки саат тогуздан таңкы алтыга чейин коменданттык саат тартиби киргизилип турат.

Районго комендант болуп ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев дайындалды.

Бүгүн Барскоон айылында үч миңдей митингчи жана миңге жакын тартип коргоо кызматкеринин ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече адам жараат алган эле.

"Азаттыктын" кабарчысы Мария Колесникова билдиргендей, милициянын күчөтүлгөн топтору нааразылык акциясына чыккандарга кулак тундурчу граната жана көздөн жаш агызуучу газ колдонсо, митингчилер колдоруна таш алып коргонгон.

Кабарчыбыздын акыркы маалыматы боюнча, Жети-Өгүздүн акими Жаныбек Дүйшөмбиев бошотулду. Акимди митингчилер өз унаасына салып Тамга айылына алып бараткан.

Ал арада Жети-Өгүздөгү кечээки окуялар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге баш прокурор Аида Салянова билдирди. Башкы прокурордун айтымында, иш Кылмыш кодексинин "имарат, курулуштарды басып алуу", "бейбаштык", "өз билемдик кылуу" деген үч беренесинин негизинде козголду. Ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасы козгоп, облустук милицияга тергөөгө жөнөттү.

Митингчилер подстанцияны кечээ кечинде өчүрүп салган. Объектти кайтарып турган тартип коргоо органдары аларга туруштук бере алган эмес. Кабарчыбыздын айтымында, электрди өчүргөн 100дөй адамды азыр милиция ошол подстанциянын аймагынан чыгарбай кармап турат.

Кумтөр ишканасы тарабынан Жети-Өгүздөгү бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырууну жана канадалык инвестор менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылган митингчилер ушул дүйшөмбүдөн тарта Барскоон - Кумтөр унаа жолун бууп турган. (RK)

XS
SM
MD
LG