Бишкек-Торугарт унаа жолунун Эки Оттук (40 боз үй) аймагында 20га жакын үй-бүлө жол жээгинде кымыз сатышат. Булардын айрымдары гана кымыз саткан жерине желе тартып, бээ саап сатышса, көбүнчөсү алып сатарлар. Кымыз жаңы чыкканда литринин баасы 100 сомдон, жайдын орто ченинде 50 сомго чейин түшөт. Кан жолдун боюнда кымыз сентябрь айынын башына чейин сатылат.
Нарында кымыз сезону башталды

1
Бээлер ар бир эки саат сайын саалат.

2
Бир сааганда бир бээден бир литрден ашык сүт чыгат.

3
Кымыз ышталган сабада ачытылат.

4

5
Ууз кымызды сатып алуучулар арбын.

6

7
Бир күндө жакшы болгондо 50 литрге чейин, аз болгондо 5-10 литр кымыз сатылат.

8
Кардарлар бир чыны кымызды бекер иче алышат.

9

10
Кээ бир кардарлар куюп берген кымызды ичип, акчасын төлөбөй кеткен учурлар да кездешет.

11

12

13

14

15