Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

"Чоочун киши" жетим калды


Зуура Сооронбаева (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Зуура Сооронбаева (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева 88 жаш курагында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү дүйшөмбү күнү Ысык-Көлдөгү өзү туулуп өскөн айылы Жолголотко коюлду.

Эл жазуучусу Зуура Сооронбаеваны акыркы сапарга узатуу тажыясы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы облустук музыкалык кыргыз драма театрында өттү.

Таанымал жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып, бейитине топурак салып кайткан драматург, Коомдук телерадиокорпорациянын директорунун орун басары Кайрат Иманалиев аза күтүү митингисине түмөндөгөн эл келгенин айтты:

- Бүгүн биз кыргыз адабиятынын чыгаан калемгерлеринин бири, Эл жазуучусу Зуура Сооронбаеваны акыркы сапарга узаттык. Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын имаратында саат ондо маркум менен коштошуу зыйнаты болуп, эл көп келди. Борбордон, облустун аймагынан Зуура эженин калемин сыйлаган окурмандары, Бишкектен келген калемдештери, тууган-туушкандары чогулуп, эженин жаркын элесин эскерген митинг болду. Митингде Зуура Сооронбаеванын чыгармачылыгын, өмүр жолун эскеришти. Аза күтүү митингисинен кийин өзү туулуп-өскөн Жолголот айылына сөөгү коюлду.

Жазуучу Зуура Сооронбаева 1946-жылы “Ысык-Көл правдасы” гезитинде катчы болуп эмгек жолун баштаган. Ошол жылдары анын алгачкы ырлары гезит бетинде жарык көрөт.

Эл акыны Асан Жакшылыков калемдешин кыргыз аялдарынын арасынан алгачкылардан суурулуп чыккан чебер калемгер катары эсептейт:

- Зуура эже Кыргызстанда жазуучулардын экинчи мууну калыптанып жатканда адабият чөйрөсүнө келди. Биздин акын-жазуучу кыздарыбыздын төл башыларынын бири. Акын Нинакан Жүндүбаева эже менен замандаш. Бул эже адегенде чыгармачылыгын ырдан баштаган. Ыр жыйнактарын чыгарган. Адабиятта беллетристика дейбизби, мына ушул жанрда бир топ ийгиликтерге жетишти. “Астра гүлү”, “Чоочун киши” романы элдин сүймөнчүлүгүнө арзыды. Ал поэзияда, прозада, драматургияда дагы бир топ үзүрлүү иштеди.

Зуура Сооронбаеванын чыгармачылыгынан канаат алып, аны туурап кыргыздын бир топ кыз-келиндери такшалган акын, жазуучу, драматург болушканын Алыкул сыйлыгынын ээси, драматург Бурул Калчабаева белгилейт:

- Зуура Сооронбаеванын жогорку билими болгон эмес. Москва, Ленинградды кой, биздеги жогорку окуу жайын деле бүтпөптүр. Болгону гезитте корректор болуп эмгек жолун баштаптыр. Кудай-таала талант берген чыгаан кыздардын бири болчу. Мындай маанилүү, маңыздуу иштеш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бул адам айылдагы болгон окуяны, уккан-көргөнүн, каармандарынын баскан турганын боюна сиңирип, иштеп чыгып, калем аркылуу элге берген адам. Чынында сөздүн чебери эле.

Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева 1924-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жолголот айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Анын “Достук” поэмасы, “Астра гүлү”, “Акчач аял”, “Жетимдер”, “Күзгү гүлдөр”, “Жапайы розалар”, “Тоолор билет” повесттери, “Чоочун адам” романы кыргыз окурмандарынын сүймөнчүлүгүнө арзыган чыгармаларга айланган. Ал эми “Эркек колукту”, “Сынган мазар”, “Өрттүү таң” жана башка драмалары республикадагы театрларда коюлган.

XS
SM
MD
LG