Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:36
Кумтөр кени түнкүсүн.
Кумтөр кени түнкүсүн.

Жогорку Кеңеш Кумтөр келишимин колдоду

Кумтөр алтын кенин иштетүүдө биргелешкен ишкана түзүү боюнча долбоорду 60 депутат колдоп, 35и каршы чыкты. Добуш берүүгө 95 депутат катышты.

02:54 6.2.2014
Парламентте Кумтөр боюнча түзүлгөн макулдашуу комиссиясы бир пикирге келген жок.
Кумтөр маселеси боюнча бир пикирге келүү максатында парламентте макулдашуу комиссиясы шаршембиде түзүлгөн.

"Кумтөр" кенин иштетүү боюнча Кыргыз Республикасына оптималдуу варианты катары "Республика" фракциясы төмөндөгүлөрдү сунуштоодо:

1. Биргелешкен ишкана түзбөстөн, «Центерра Голд Инк.» ишканасындагы Кыргыз Республикасынын азыркы 33% акциясын 50% акцияга жеткирүү;
2. Эгерде биргелешкен ишкана түзүлсө, акцияларды бөлүштүрүү - Кыргыз Республикасына 67%, «Центерра Голд Инк.» ишканасына 33% болсун;
3. «Центерра Голд Инк.» ишканасы жогоруда айтылган варианттарды кабыл албаса, бардык келишимдерди бир жактуу кылып денонсация кылуу жана «Кумтөр» кенин улутташтыруу.

Ал эми "Ата Мекен" фракциясы парламенттин токтомунун долбоорун сунуштады. Анда:

1. “Кумтөр” кенин андан ары иштетүү боюнча кызматташуу жөнүндө сунуш менен дүйнөдө белгилүү тоо-кен жана алтын казып алуучу компанияларга кайрылуу кабыл алынсын:

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:

- “Кумтөр” долбоорун улутташтыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- “Кумтөр” долбоорун улутташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүү;

- Жогоруда көрсөтүлгөн кайрылууну “Кумтөр” кенин андан ары иштетүү боюнча кызматташуу жөнүндө сунуш менен дүйнөнүн дурус кадыр-баркы бар бардык потенциалдуу кызыкдар тоо-кен жана алтын казып алуучу компанияларына жеткирүү, - деген сунуштар камтылган.

Ушундан кийин Кумтөр маселеси боюнча бир пикирге келүү максатында парламентте макулдашуу комиссиясы түзүлдү. Анын курамына парламент жана өкмөт жетекчилиги менен кошо фракция лидерлери жана өкмөт мүчөлөрү кирди. Комиссия бүгүн саат экиге чейин иштеп, бир жыйынтыкка келиши керек.

Айрым депутаттар азырынча өкмөттүн отставкасы тууралуу маселени көтөрүү туура эмес десе, кээ бирлери Кумтөр боюнча парламенттин талабын аткара албай жаткан өкмөттү кетирип, анын ордуна жаңысын түзүү керек деген пикирде.
11:51 6.2.2014
Макулдашуу тобу эки вариант сунуштоодо

Кумтөр боюнча орток пикирге келүү үчүн кечээ түзүлгөн макулдашуу тобу депутаттарга эки вариант сунуштаганы жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, добуш берүүгө эки түрдүү токтом долбоорлору коюлат. Макулдашуу комиссиясынын курамына өкмөт мүчөлөрү жана фракция лидерлери кирген болчу.
11:53 6.2.2014
Кумтөр боюнча орток пикир табыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00
11:56 6.2.2014
Дыйканбаев: Премьерди кетирүүгө Кумтөрдөн башка да себеп бар

Азыркы өкмөт башчыны кызматтан алууга бир гана Кумтөр маселеси себеп эмес. Мындай пикирин "Азаттыкка" "Республика" фракциясынан депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, келерки аптада депутаттардын талкуусуна 2010-жылдын июн окуясынан кийинки Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын иши боюнча маселе коюлат.

Кечээтен бери парламентте Кумтөр маселеси боюнча талкуу уланууда. "Республика" фракциясы Жогорку Кеңештин талабын аткарбаганы үчүн азыркы өкмөт отставкага кетсин деп кол топтоодо.

Дыйканбаев: Премьерди кетирүүгө Кумтөрдөн башка да себеп бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG