Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Оксана Малеванаяны Тбилиси кабыл алды


Оксана Малеваная Подольская деген ысым жазылган жалган паспорт менен жүргөн. Грузиянын омбудсмени Георгий Тугушинин кийлигишүүсү менен Малеванаяны Тбилиси кабыл алып, баш паанек суроо боюнча процедураны баштоого мүмкүнчүлүк берилгени кабарланды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеваная Киевден Тбилисиге учуп кетти. Бул маалыматты "Азаттыкка" украиналык укук коргоочу Дмитрий Гройсман бышыктады.

Укук коргоочунун айтымында, атасы жана жашы жете элек уулу менен Казакстандан Киевге учуп барган Малеваная Борисполь аэропортунда качкын макамы жөнүндө арыз берүүгө аракеттенген. Бирок ага андай мүмкүнчүлүк берилбей, Украинанын аймагына киргизүүдөн баш тартышкан.

"Менин билишимче, ал Алматыдан учуп барган", - деди Гройсман.

Окуя болгон жерде бул ишке аралашкан украиналык адвокат Татьяна Монтяндын айтканына караганда, Малеваная Подольская деген ысым жазылган жалган паспорт менен жүргөн:

“Ал паспорту жалган деп өзү айткан. Өзүнүн чыныгы ысымын атады, жасалма паспорт колдонууга эмне себептен мажбур экенин түшүндүрдү. Чек арачылар анын арызын алууга милдеттүү эле”.

Гройсман Грузиянын омбудсмени Георгий Тугушинин кийлигишүүсү менен Малеванаяны Тбилисиде кабыл алышканын, баш паанек суроо боюнча процедураны баштоого мүмкүнчүлүк берилгенин маалымдады.

“Баш паанек сураган кыргызстандык жаран учакта баратканда эле Тугуши мырза анын эл аралык мыйзамдарда көрсөтүлгөн укуктары бузулбашы үчүн көп аракет көрдү. Грузиянын ички иштер министри менен биргелешип Малеванная айымга качкын макамын алуу процедурасын баштоо мүмкүнчүлүгүнүн берилишин камсыз кылды”, - деди Гройсман.

Апрел окуясы боюнча кылмыш ишинде Малеваная Бакиевдин "интеллектуалдык көмөкчүсү" деп аталган. Ал 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолорду басуу боюнча жыйында чукул кырдаал киргизүү тууралуу сунушту айткан делип келет. Бирок былтыр сентябрда сотто көрсөтмө берип жатып, Малеванаянын орун басары болуп турган Максим Каганер "Малеваная өлкөдөгү коопсуздук маселелери боюнча чечимдерге таасир бере алчу эмес" деп айтканы кабарланган.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги нааразылык акциясында токсонго жакын адамдын өлтүрүлүшү боюнча 28 адам соттолууда. Алардын арасында Оксана Малеваная да бар. Бирок Курманбек Бакиев жана анын эң жакын адамдары сыяктуу эле Малеваная да издөөдө.

XS
SM
MD
LG