Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Масалиев: Жумабековду төрагалыктан чакыртып алууну сунуштадым


Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин төрагасы Дастан Жумабековду кызматтан чакыртып алуу маселесин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясына сунуштаганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

«Мен фракцияга аны кызматтан чакыртып алууну сунуштадым, ал талкууланып жатат. Колдоо табат деп үмүт кылам… Мен ушундай кадамга барышыбыз керек деп ойлойм. Жок дегенде бир нерсе кылалы», - деп эл өкүлү жазды.

Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин дарегине сындар айтылып жатканын белгилеп, бул жетекчиден дагы көз каранды экенин билдирген. Эл өкүлү төрага Дастан Жумабеков бул кызматка даяр эмес келген деп эсептейт.

Азырынча Масалиевдин пикирине парламент төрагасынын басма сөз кызматы жооп бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG