Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Бир жылдыз өчтү


Шарапат Турдакунованын жаш кези (үй-бүлөлүк архивден)
Шарапат Турдакунованын жаш кези (үй-бүлөлүк архивден)

Белгилүү диктор, жазуучу, драматург Шарапат Турдакунова 66 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды.

ЭлТР коомдук телерадио компаниясына чейин өсүп жеткен Ош облустук телеканалынын алгачкы диктору, «Алтын дарбаза», «Толкундар», «Ак куулар сени сагынат», «Үмүтүмдүн каркырасы» аттуу көркөм чыгармалардын автору Шарапат Турдакунованын сөөгү 19-сентябрда өзү туулуп-өскөн Балыкчы шаарына коюлду.

Оштун тунгуч диктору

Ал торгой эле. Мукам үнү эфирге бөтөнчө көрк берип, кооздоп турчу. Кайран талант! Бу жалганга бир келди да, бир кетти...

Кыска өмүрдө аз күлүп, көп ыйлады. Ата-энеден, сүйгөн жардан эрте ажырады. Кадам сайын бут тосууга кабылды. Тагдыр аны каалагандай калчап турду. Бирок майтара алган жок...

Таланттуу эле. Чыгармалары бир башкача дирилдеп, жан дүйнөнү агартып турчу...

Шарапат Турдакунованын көзү тирүүсүндө окуган ырды бул жерден угуңуз (Аудио Кыргыз радиосунун архивинен алынды):



Кесиптеши Бактыбек Мамытовдун айтымында, Шарапат Турдакунова өзүнө гана таандык, кайталангыс стили бар диктор болгон.

- Азыркы дикторлор арасында Шарапаттын ыкмаларын колдонуп жүргөндөр бар. Айрыкча Ош телесинде кандайдыр бир изи калгандай сезиле берет. Шарапатта башка дикторлорго окшобогон асыл сапаттар арбын болчу. Жакшы инсандан айрылдык.

Шарапат Турдакунова дикторлук кесипке радио аркылуу келген. Өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Кыргыз телевидениесинин Оштогу бөлүмү ачылат. Анын өз алдынча ирденип кетишине Шарапат Турдакунованын салымы зор экенин тунгуч диктор Тамара Жаманбаева баса белгиледи:

- Шарапат Турдакунова Ош телесинин биринчи диктору болгон. Бир топ жыл иштеди. Жаза да билчү. Жазуучулар союзунун мүчөсү эле. Кийин бул жакка келди. Шарапат кыргыз телесине, кыргыз радиосуна албан эмгек жумшады десем жаңылышпайм. Тилекке каршы, дүйнөдөн эрте узады...

Биз талантты баалабадык

Ош телесинде иштеп турганда Шарапат Турдакунованын жанары жанды. Жамы журтка таанылды. Бирок ийгилиги ичи тарларга жакпады. Ар кандай жалаа жаап, КГБ баш болуп артынан түшкөнүн публицист, бир кездеги кесиптеши Кален Сыдыкова өкүнүч менен эскерет.

- Чачына аппарат катып алып, аны менен Кытайга сигнал берип жатыптыр деген сөз чыккан. КГБ текшерип, эч нерсе таба алган эмес. Көрө албастардын чыгарган сөзү экен да эми. Сыягы ордун алуу үчүн ушуга барышса керек.

Оштон келгенден кийин Шарапат Турдакунова мамлекеттик теледе, радиодо бир нече жыл иштеди. Турмуш ага кайра-кайра сокку урганы менен сынган жок. Кайра курчуп, бир нече чыгармаларды жаратты. Кален Сыдыкова алардын көбү өз турмушунан алынып жазылганын айтат:

- “Жашыл жамынган көчө”, “Аргасыз сапар”, “Өгөй” деген чыгармаларында өз турмушун бергенге аракет кылган. Бул кишиде актерлук талант да бар эле. Жаш күнүндө Москвадагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайга өтүп, бирок жол киреси жок бара албай калган экен. Кийин балдарга арналган радио драмаларда козу болобу, чымчык болобу көбүн өзү аткарып жүрдү.

Бала кыял жан эле

Шарапат Турдакунова Коомдук каналдын жетекчисинин орун басары, драматург Кайрат Иманалиев менен өмүрүнүн акыркы жылдары чогуу иштешип калган. Акыркы жылдары саламаттыгы начарлап, жумуштан кетүүгө мажбур болгон экен.

- Бала кыял, ак көңүл, жакшылыкка жан дили менен сүйүнүп, жамандыкка жан дили менен бушайман болгон ачык киши эле. Кийин ден соолугуна байланыштуу жумуштан кетти. Иштей берсе деле болмок, бирок калган өмүрүмдү чыгармачылыкка бурам деди. Жаңы роман жазып атам деп калчу. Бир келгенде ушуларды койсоң деп пьесаларын таштап кеткен.

Кыргыз эли таланттуу бир кызын ажалга жулдурду. Шум өлүмгө айла барбы? Кабырга сөгүлүп, бир ишенип, бир ишенбей турабыз. Кайран талант! Артында керемет үнү калды. Алар барда Шарапат Турдакунова жүрөктөрдө жашай берет.

XS
SM
MD
LG