Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Коомдук канал: кош саясатпы же бош саясатпы?


Коомдук канал
Коомдук канал

Коомдук каналдагы чет элден каржыланган программалардын мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келер-келбестиги каралат.

Бул тууралуу парламенттин тиешелүү комитетинде Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Абды Сатаров билдирди. Телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков компанияда каржылык абал оордугун айтып, чет элдик берүүлөр үчүн төлөнгөн каражаттын эсебинен чыгымдар жабылып жатканын белгиледи. Байкоочу кеңештин айрым мүчөлөрү орусиялык телеканалдарды таратуу үчүн бюджеттен каражат бөлүнүп жатканын сындап чыгышты.

Маалыматтардын түрдүүлүгү

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету угулду. Анда негизинен Коомдук каналдагы “Азаттык”, BBC жана “Кытай терезеси” сыяктуу чет элден каржыланган телерадио программалардын келечеги талкууланды.

Байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров маалымат коопсуздугунун алкагында ал программалардын мазмунун карап чыгуу жагы сунушталганын билдирди:

Коомдук каналдын "Ала-тоо" программасы
Коомдук каналдын "Ала-тоо" программасы

- КТРКнын маалымат коопсуздугу боюнча маселени биз карап чыктык. Буга чейин жанагы чет элден каржыланган программалардын маселеси дагы айтылган болчу. Бул маселени карап көргөндө чынында эле бардыгыбызды ойлондурат, түйшөлтөт. Бирок биздин каналдын каржылык ал-абалын эске алып, карап көргөндө аталган программалар азырынча керек. Бирок ошол эле кезекте аталган программалардын мазмуну, контенти боюнча тиешелүү жетекчиликтер менен сүйлөшүлдү. Сүйлөшүү анын биздин мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келер-келбестиги боюнча болду.

Орусия неге төлөбөйт?

Байкоочу кеңештин отчетунда “Азаттык” менен BBCинин Борбор Азия жана дүйнө жаңылыктары “Ала-Тоо” маалымат блогунан чыгарылганы белгиленди. Бул жаатта улуттук контентке маани берүү жагы көтөрүлдү. Бирок байкоочу кеңештин башка бир мүчөлөрү маалымат мейкиндигиндеги улуттук кызыкчылыкты коргоонун башка бир өңүтүнө көңүл бурууга чакырды. Учурда кыргызстандык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен орусиялык телеканалдын пропагандасы акысыз жайылтылып жатканы айтылды. Орусиянын Биринчи телеканалын чагылдыруу үчүн Кыргызстандын бюджетинен жылына 50 миллион сом коротулат.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегин Кремл өзүнүн пропагандасын жайылтканы үчүн эмнеге Кыргызстанга каражат төлөбөйт деген маселени кабыргасынан койду:

- Биз жалаң өзүбүздүн контентти гана койобуз десек, анда аталган программалар башка телеканалдарга кетип, Коомдук канал каржы булагын колдон чыгарат. Ошондуктан аны жайында эле калтыруу керек. Бул жерде биз өзүбүздүн башка каржы булактарды туура пайдаланышыбыз керек. “Азаттык” менен BBC бизге төлөп жатат. Ал эми орусиялык Биринчи каналдын бир жактуу эфиринин таралыш акысын биздин салык төлөөчүлөр көтөрүүдө. Алар өздөрүнүн медиасынын таралуусун кааласа, бизге төлөөгө тийиш. Эмнеге биздин бюджеттен анын эфир толкундары үчүн төлөшүбүз керек.

Каржынын оош-кыйышы

Бирок бул суроого парламенттин тиешелүү комитетинде отурган депутаттардын бири дагы ылайыктуу жооп берген жок. Кыргызстанда таралган орусиялык маалымат гиганттарынын өлкөнүн маалымат коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу сөз болгон жок. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү кайрылып келип эле “Азаттык” менен BBC Коомдук каналдын эфири үчүн төлөгөн каражаттан канткенде баш тарта алат деген маселени көтөрүштү.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Тамара Жаманбаева каржылоонун үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо жагын көтөрдү:

- “Азаттык” менен BBCни жалдырап карабай, коомдук телерадио корпорация болгон соң биздин өзүбүздүн каржылык көз карандысыздыгыбыз болууга тийиш. Мамлекет жанагы бөлүнгөн каражатты үзгүлтүккө учуратпай, өз убагында төлөп берүүнү камсыздашы керек. Анан болбосо абоненттик төлөм киргизүүгө даярданууга тийишпиз. Мына ошондо гана биз чыныгы коомдук телеканал деген атка татыктуу болобуз.

Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

Ошол эле учурда Коомдук канал аталган программалар үчүн төлөнчү каражаттан баш тарта албастыгы айтылды. Анткени мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча менен телеканалдын өзү иштеп тапкан каражат анын чыгымдарын толук жаба албайт. Коомдук телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков аталган келишимдер үзүлсө компания айлык-маяна төлөй албай каларын айтты:

- Биздин каналга бюджеттен каралган акчанын көлөмү беш жылдан бери өзгөрүлө элек. Ошол эле кезде ири долбоорлорду ишке ашырууга чоң-чоң каражат керек. Бирок ошого карабастан биздин телеканал өзүнүн күчү менен аракет кылып, жанагы эл аралык уюмдардан каражат алабыз. Кыскасын айтканда кайырчы болуп бүттүк да. Өлкөнүн эң негизги телеканалы азыр мына ошол жогоруда аталган үч эл аралык компаниядан түшө турган каражатка көз каранды. Ал акча түшпөй калса, биз маяна бере албай, кыйналып калабыз.

КТРКга жылына бюджеттен 400 миллион сомго чукул каражат бөлүнөт. Бирок анын жарымына жакыны эле эфир толкунун таратуу чыгымдарына жумшалат. Байкоочу кеңештин отчету Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында талкууга алынат.

XS
SM
MD
LG