Дарыгерлер жетекчисине каршы чыгышты
Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 60ка жакын кызматкери Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар бейтапкананын жетекчиси Айдарбек Шакировду жемкорлук боюнча айыптап, аны кызматтан алуу талабын коюшту. Ушул эле күнү түштөн кийин №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун Шакировдун кызматтан алынышына каршы болгон 20 чакты киши министрликтин алдына акцияга чыгышты. Жетекчи Айдарбек Шакиров болсо өзүнө айтылган дооматтарды четке кагып, жалган-жалаа экенин "Азаттыкка" билдирди.
Чыгарылыштар
-
Июнь 08, 2026Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды
-
Май 27, 2026Бишкек: Курман айт намазына миңдеген киши чогулду
-
Май 24, 2026"Сарык болдук, оорудук". Таза сууга зар болгондор
-
Май 11, 2026Бакиевдер курган фабрика, апрелчилердин арыз-муңу
-
Май 01, 2026Паспорт алуунун акысы көтөрүлдү