Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Алматыдагы кыргыз мигранттарында арман көп


Алматыдагы кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү базарларда иштейт. (Сүрөттө: Алматыдагы Аксай базары)
Алматыдагы кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү базарларда иштейт. (Сүрөттө: Алматыдагы Аксай базары)

Казакстандагы кыргыз мигранттары соода кылууга таптакыр мүмкүн болбой калганын айтып даттанышууда. Mаселени чечүүгө кыргыз бийлиги аракет кылганы менен майнап чыкпай жатат.

Казакстанда эмгектенген кыргызстандык эмгек мигранттары соңку убакта иштөөгө, соода-сатык кылууга тоскоолдуктар күчөгөнүн айтып келишет. Расмий маалымат боюнча, Казакстанда болжол менен 50 миңдей кыргызстандык мигрант эмгектенет. Расмий эмес маалыматтарда Казакстанда жүз миңден ашуун кыргызстандыктар иштеп жатканы айтылууда.

Умсунткан уруксат кагаз

Биз менен маектешкен кыргыз мигранттары Казакстанда чет өлкөлүктөргө соода кылууга уруксат берилбей, мигранттар мыйзамсыз иштегенге аргасыз болуп жатканын, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мигранттарды кармап кубалап, убактылуу камоочу жайларга камаган учурлары көбөйгөнүн белгилешти.

Алматыдагы Алтын Ордо базары.


Алматыда базарда соода кылган Алтынбек Турдумаматов Казакстандын миграция полициялары жүдөтүп, кыйнап жибергенин, бул маселени кыргыз өкмөтү кийлигишип чечпей жатканын айтат:

- Бизге мурдагыдай иштөөгө уруксат кагазын берсе жакшы болоор эле. Болбосо бизге кул болгон адамдардай мамиле кылып жатышат. Казак полициялары а түгүл боюнда бар аялдарды, апаларды сүйрөп камашат. Базардагы товарлары чачылган боюнча калып калып жатат. Камап кеткен учурда бала-чакасы үйүндө кароосуз калууда.

Талант аттуу жигит да Алматыда соода кылат. Анын айтымында, мигранттар көйгөйлөрүн айтып бир нече жолу кыргыз бийлигине арыз менен кайрылышкан. Бирок жооп болгон эмес:

- Казакстанда иштеген мигранттардын бардыгында бирдей көйгөй. Эң негизгиси эле убактылуу каттоого туруу кыйын маселе бойдон калууда. Полиция кармаса дароо айып салат. Жок эле дегенде бир жолку кармалганда 100 долларыңды шыпырып алышат. Ошол маселени бир жактуу кылып чечип берсе жакшы болот эле. Бул жеке эле мен үчүн, же тууганым үчүн эмес, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жакшы болот эле. Бул маселе боюнча Кыргызстандын миграция, калкы ишке орноштуруу министрлигине бир нече ирет кайрылдык. Кат жазган элек. Алигиче жооп жок.




Бишкекте жүздөн ашуун мигранттар бир жума мурун митингге чыгып, бийликке арыз-дартын айтып, маселени чечүүгө эки жума убакыт берген.

Алматыда соода кылып, үй-бүлөсүн эптеп багып жүргөн Алманбет Казакстанда мигранттардын балдарын мектепке кабыл албай койгонун да айтты. Ал мындан ары соода кылууга уруксат берилбесе Казакстандан миңдеген мигранттар кайтып келип, өлкөдө абал курчуп кетиши ыктымал деген пикирде:

- Бул маселенин чечилишин дагы эле үмүт менен күтүп жатабыз. Эгер чечилбесе анда баардыгыбыз кайтып келебиз. Биздин маселебизди чечип, соода кылууга уруксатты алып берсин. Бизге ошол эле керек. Биз мамлекеттен акча сурабайбыз.

Беш күндөн кийинки беймаза

Кыргызстандын эмгек жана миграция министри Алмасбек Абытов жакында эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолукканда бул маселелер дагы козголгонун “Азаттыкка” айтып, Казакстандын өкмөтү дагы бизнес мигранттары жөнүндө атайын мыйзам даярдап жатканын билдирди:

- Жакында эле Астанадагы эки өкмөт башчысынын расмий жолугушуусунда бул маселелер дагы талкууга алынды. Аларда миграция министрлиги жок. Ошондуктан соодагерлердин маселеси экономика министрлигине, мигранттардын көйгөйлөрү миграция боюнча полицияга тийешелүү болуп калат экен. Ошондуктан Казакстандагы биздин элчилик жана Алматыдагы консул менен сүйлөштүк. Казакстанда кыргыздардын соода кылуу маселеси жакын арада оң жагына чечилиши ыктымал. Казак полициясынан запкы жеп каржалган мигранттар бизге кат аркылуу кайрылып, факты чогултуп берүүсү да керек.

Көз карандысыз талодоочулар кыргыз бийлиги расмий Астана менен теңата сүйлөшө албайт, ошондуктан көп маселелер кыргыз тараптын пайдасына чечилбейт деп сындап келишет.

Жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дүйнөлүк каржы каатчылыктын айынан мигранттар маселеси ансыз да оорлой түшкөнүн белгилешет. Эл аралык кризис тобу четте жумуш кыскарып мекенине кайткан мигранттар көбөйгөнүн, акча которуу да азайганын маалымдаган. Ушундан улам аймакта эмгек базарлары реформалоого муктаж экенин айткан. Болбосо ишсиз мигранттар карайлап өз өлкөсүндө да жумуш таппай туруксуздук пайда болушу ыктамал экенин баса белгилеген.

Алматы шаарында кыргыз мигранттарынын укугун коргоп келген Кыргыз маданий борборунун тең төрагасы Алтынбек Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, Казакстандын күч органдары, миграция кызматтары учурда кыргызстандыктарды дыкат текшерип, айып салып, камоого алып жатат.

Алтынбек Сыдыков


-Учурда кыргыз жарандары Казакстанда беш гана күн жүрүүгө укуктуу. Беш күндөн кийин Казакстанга туруктуу бир дарекке каттоого туруу керек, же өлкөдөн чыгып кетишиң керек. Туруктуу бир дарекке катталыш үчүн Казакстанда өз үйүң, тууган-тааныштарыңдын үйү, же бир казак үй-бүлө менен келишип, аларга бир далай долларлардан берип, ошол каттоого турган үйдүн суусуна, газына, мусоруна, электр кубатына ай сайын кошо төлөп, бир үй-бүлө мүчөсү катары жашаш керек. Миграция баракчасы беш күн өткөн соң жараксыз деп табылгандыктан кыргыз мигранттарынын андан аркы тагдыры абдан кыйын. Туруктуу дарекке катталуу мүмкүнчүлүгү жок кыргыздар жергиликтүү аймактык полиция жана миграция полиция кызматкерлеринин жемине айланып, кордук көрүп жатабыз.

Депортациядан корккон, таап жеген нанынан ажырагысы келбеген кыргыздар акыркы акчасына чейин казак полиция кызматкерлерине кармата беришет. Беш күн өтүп миграция барагынын мөөнөтү бүткөн кыргыздардын Кыргызстанга келүүсү да бир топ кыйынчылыкты туудурат. Анткени жолдо канча пост болсо, ошончо жолу миграция постторуна акча берип өтүп жатабыз.



Кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрү тууралуу Алматы шаарынын миграция полициясынын жетекчиси Марат Кезенбаевге атайын кайрылганыбызда, ал расмий маалымат бере албасын айтты. Бирок кыргыз боордошторуна көз кырын салып, колдон келген жардамын берээрин убада кылды.

XS
SM
MD
LG