Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Кыргыз мигранттарынын укугу кандай корголот?


Алматыдагы кыргыз мигранттары (Архивдеги сүрөттөн)
Алматыдагы кыргыз мигранттары (Архивдеги сүрөттөн)

Бул тема Кыргызстандын ичинде да, сыртында да бүйүр кызытып жаткандыктан, мындан ары улантууну чечтик. Жакын арада “Азаттыктын” атайын мигранттар үчүн чакан сайтын ачуу тилегибиз бар.

Талкууга келип түшкөн каттарга караганда, биздин сайтка жазган сыртта жүргөн кыргыздар көбүнчө бөтөн жерде укуктары корголбой, басынып жашаарын кеп кылышат. Айтмакчы, Кыргызстан тышкы иштер министрлиги элчиликтерге, консулдук кызматтарга айтылган дооматтарды иликтеп жатканын кабарлашты.

Эми теманы андан ары улантып, чет жердеги ар кандай тагдырлар, элчилер, жарандык лидерлер, диаспора башчылары менен маектер, “арай көз чарай” талкуулар дагы өткөрүлмөкчү. Бул маселеге ынтызар, көкүрөгүн көктөгөн ойлору барлардан ой-пикир, сунуштарды күтөбүз.

XS
SM
MD
LG