Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Мырзабаев: Ыраакы Чыгышка консулдук бөлүм керек


Орусияда эмгектенген мигрант
Орусияда эмгектенген мигрант

Хабаровск менен Приморье крайларындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бул крайларда кыргызстандыктар эмне менен алектенет? Кандай негизги проблемалар бар?

Кадырбек Мырзабаев: Негизинен жердештерибиз базарда жана курулушта иштейт, эл ташыган, жүк ташыган унаа айдашат. Өзүнүн бизнеси менен алектенгендер аябай эле аз.

Негизинен документке байланыштуу проблемалар көп. Мына, азыр эле мага бирөө телефон чалды. Аялы төрөгөн экен, баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок Орусиядан чыгарбай жатыптыр. Күбөлүктү болсо Новосибирсктеги консулдан же Москвадагы элчиликтен эле алса болот. Ушундай проблемалар көп.

Документтерин жоготуп жиберген учурлар көп болот. Өткөндө вагондо жашап жүргөндөр кайрылды, вагону күйүп кетип, документтери жок калган экен. Аларга ФМСтен справка алып берип жөнөттүк. Айрымдарынын патентинин мөөнөтү бүтүп калат, алар да административдик жаза алып жатат.

“Азаттык”: Ушундай маселелерди чечүүнүн, мигранттардын түйшүктөрүн жеңилдетүүнүн кандай жолдорун көрүп жатасыз?

Кадырбек Мырзабаев: Эң ириде документтерин ушул жерден бүтүрүп бере тургандай кылып Ыраакы Чыгышка консулдук бөлүм ачуу керек. Болбосо мындай проблемалар чыга берет. Азыр Новосибирскке, Москвага жөнөтүп, документи келгиче бир кыйла күтүп, кыскасы консулдук бөлүм ачылмайынча кыйналгандар азайбайт.

“Азаттык”: Жергиликтүү элдин кыргызстандык мигранттарга мамилеси кандай, кодулашпайбы?

Кадырбек Мырзабаев: Жергиликтүүлөр негизинен жерибейт. Москва, Петербурдун тургундарына окшоп жаман көрүшпөйт. Жергиликтүү элдин мамилеси жакшы. Бирок "бир кумалак бир карын майды чиритет" деп коёт эмеспи, мигранттар арасында кылмыш кылгандар, ичип көчөдө жүргөндөр кездешет, ошолорду көрүп кыжырдангандар бар, бирок аз.

“Азаттык”: Бул жакта өз ара ынтымагыңыздар кандай?

Кадырбек Мырзабаев: Жакшы деп айтсам болот. Тез-тез чогулуп турабыз. Кыргызстандын эгемендигин чогуу белгиледик. Ага кыргыздар эле эмес, кыргызстандык бардык улут өкүлдөрү келди.

“Азаттык”: Аймакта канча кыргызстандык бар? Ардактуу консул катары алдыдагы иш-пландарыңызды атап бере аласызбы?

Кадырбек Мырзабаев: Хабаровск крайында расмий 4 миңге жакын, ал эми Приморьеде 7-8 миң кыргызстандык иштеп жүрөт. Ардактуу консулдун негизги милдети - Кыргызстан менен ошол аймактын маданий, туристтик байланышын өнүктүрүү, мекендештерге жардам берүү.

Хабаровск, 13-сентябрь, 2013-жыл
Хабаровск, 13-сентябрь, 2013-жыл
Өзүм болсо алдыма кыргызстандыктардын Орусиядагы кадыр-баркын көтөрөм деген милдет койгом. Мисалы, Хабаровскту суу каптаганда кыргыздар чогулуп, 62 тонна гумжардам түшүрдүк, топон сууну тазалаштык. Губернаторго "биз дагы башка кызматтарга даярбыз" деп кат жаздым. Жардам берип жүргөн жоокерлерге тамак бердик. Красноречка деген айылга иче турган суу алып барып бердик, техника жактан каралаштык. Бүгүн Кыргызстандын элчиси менен губернатордун орун басары жолукканда, бизге көрсөткөн жардам үчүн ыраазычылык айтышты.

Өзүбүздүн маданий иш-чараларбызды өткөрүп турабыз. Шаардын туулган күнү болгондо улуттук кийимдерибизди кийип алып катыштык. Эми ушул айдын 20сында өтчү крайдын күнүнө да катышабыз, кыскасы мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдаланып, кадыр-баркыбызды көтөрөбүз.

“Азаттык”: Өзүңүз тууралуу да айта кетесизби? Бул жакта качантан бери жашайсыз, кайдан билим алгансыз, эмне менен алектенесиз?

Кадырбек Мырзабаев: 1984-жылы Чаткалдын Жаңы-Базар айылындагы мектепти бүткөм. 85-87-жылдары армияда болдум. 1988-жылдан бери Санкт-Петербургда окуп, жашап келдим. Ошол жакта Токой чарбачылыгы боюнча жогорку билим алдым. 2006-жылга чейин Питерде жашадым, токой чарба боюнча өзүмдүн бизнесим менен алектендим. 2006-жылы Хабаровскко көчүп келип, бизнесимди аркалап келем.

2-3 жыл мурун бул жакта кыргыздардын бир катар проблемалары чыгып, элчиликтин, башкы консулдуктун адамдары келгенде, "бул жактагы кыргыздарга жардам берип тур, сени ардактуу консул кылалы" деп суранышкан. Быйыл июнь айында мени ардактуу консул кылып дайындоого орус бийликтери макулдугун берди.

Жети жылдан бери бул жакта жашайм, кимдин ким экенин билем. Акчасын алалбай жүргөндөргө, дагы башка кыйынчылыктарга кабылгандарга каралашып, каза болгондордун сөөгүн жөнөтүү боюнча чыгымдарды көтөрүп, колдон келген жардамды берип жатам.
Хабаровск: консул кеңсеси ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

XS
SM
MD
LG