Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Эй, мекендеш, Мекен десең эгерде...


Роза Отунбаева уюштуруп аткан Мекендештер Форуму биздин “сүрсүп” бараткан саясий турмушубузга аз да болсо жаңылык киргизеби деген үмүт бар. Анын себеби чет жерлерде билим алып, окуп-чокуп, бизнес жасап, элдин сырын, жердин сырын алган, бутуна туруп, кадимкидей ирденип калган кыргызстандыктар азыр ондоп эмес, жүздөп саналат. “Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны” дегендей нечен азаматтар Америкадан тартып Австралияга чейин кетти, Орусияда кыргыздардын дүйнөдөгү эң зор диаспорасы түзүлүп калды. Кудайга шүгүр, алды миллионер, арты катардагы ишчи. Бир кезде түрктөр деле Германияга гастарбайтер болуп барып, эптеп жүрүп бутуна туруп кетишти эле, азыр 4 миллионго жакын түрк диаспорасынан Бундестагга депутаттар чыкты, арасында миллионер эмес, миллиардерлер, артисттер жана жазуучулар бар. Башында малакай, бутунда чокой түрктөргө заманбап шаар курганды, бизнес жасаганды, европалыктарча кийинип-ичингенди үйрөтүштү. Башкача айтканда, Кемал Ататүрк түзгөн Түркия Республикасынын локомотиви, бекем таянычтарынын бири болуп калды.

Чет элдеги кыргыздарды баш коштуруу, Ата Мекенине катташтыруу аракети бир эмес, эки жолку өткөрүлгөн Курултайда башталган. Бирок Кыргызстанда туулуп-өсүп, биздин жердин суусун ичип, тузун татыган мекендештерди баш коштуруу, улутуна, жынысына, жашына карабай туулуп-өскөн Мекени менен байланыштыруу, ал процесске расмий түрдө старт берүү эбак бышып жетилген маселе эле. Мына август айынын башында ошол иштин башы башталганы турат. Андай болсо, иштин башы илгери дейли!..

Бирок Форум өткөрүүнүн өзүнчө чоң проблемалары бар. Баарыдан мурун сүйлөшө турган сөз, кеңеше турган маселе керек. Маселелер чачтан көп дечи, ошондуктан маселелердин да эң маанилүүсүн, Кыргызстан үчүн керектүүсүн, актуалдуусун тандап, мекендештердин талкуусуна коюу керек.

Менин сунушум: биринчиден, Форумдун татынакай күн тартиби, программасы болуш керек, экинчиден, ал күн тартибин эмитен Интернетке жарыялаш керек. Каалоочулар керектүү сайттан ачып, ар бир пункту боюнча пикирин, оюн, сунушун эмитен айта бериш керек. Уюштуруу тобу ал ишти аткарып атат, бирок сунуш иретинде төмөнкүдөй маселелерди ортого алып чыгыш керек деп эсептейм.

Эң биринчиси, Кыргызстандын социалдык-саясий келечеги деген маселе.

Экинчиси, бүт дүйнөгө тарап кеткен мекендештерди өз ара байланыштыра турган Глобалдык социалдык түйүндү түзүү маселеси (Глобальная Паутина Единства, ГПЕ).

Үчүнчүсү, кыргызстандык деген ким? деген маселе. Муну мен орусча минтип туюндурдум: “Культурный Кодекс Кыргызстанца” ( свободная дискуссия на тему национального престижа, культурной самоидентификации, создания глобального имиджа страны и т.д.)

Төртүнчүсү, Кыргызстандын болочок экономикалык модели деген маселе. 90-жылдардагы реформалардан кийин жарытылуу эч нерсе жасалган жок, бир топ мыйзамдарыбыз чийки, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу маселеси да ойдогудай чечиле элек.

Акырында, Мекендештер Форумунун кыска Кайрылуусун кабыл алып койсо да жаман болбойт. “Ат оонаган жерде түк калат” дегендей, сүйлөшүп отуруп эле изи жок тарап кеткен анча туура болбой калат. Мен муну бул сыяктуу көптөгөн форумдарды, курултайларды уюштурган киши катары айтып жатканым.

Ушулардын баарын ортого коюп, ар ким каалагандай пикирин билдирип, Форумду мээни толуктай турган, ойду байытып, алган саясий жана экономикалык багытыбызды коррекция кыла турган Форум кылыш керек.

Форумга президентибиз Алмаз Атамбаев келе турганы - кубанта турган жаңылык. Эгер мекендештер атайын Кыргызстанга келип, ага мамлекет жарытылуу көңүл бурбай койсо, пикирлерин тыңшабаса осол иш боло турганы айдан-ачык маселе.

Ошондуктан, урматтуу Мекендештер, азыртан пикириңерди, сунушуңарды билдиргиле. Кыргызчабы, орусчабы, англисчеби - тартынбай ой айткыла. Керек болсо макала түрүндө, изилдөө түрүндө ой-пикир кошкула, себеби кийин ошолордун баарын китеп кылып чыгарууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Дагы бир сунуш - Форумду он-лайн режиминде өткөрсөк сонун болмок. Скайп деген бар, Интернет деген бар, Форумдун администратору Бишкек менен бүд дүйнөнү бириктирип турмак. Иштин башы илгери болсун, мекендештер!
XS
SM
MD
LG