Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Мариани: Кыргызстан мигранттарына кам көрүүдө


Тьерри Мариани
Тьерри Мариани

Бишкекте Борбор Азиядагы миграция маселесине арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Анда мигранттардын, качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо маселеси талкууланууда.

Иш-чараны Жогорку Кеңеш менен Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясы бирге уюштурууда. Кеңештин миграция боюнча комитетинин төрагасы, франциялык парламентарий Тьерри Мариани "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Жыйында Борбор Азиядагы миграцияга байланышкан кандай көйгөйлөр жөнүндө кеп козголду?

Тьерри Мариани: Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын - ПАСЕнин тиешелүү комитети миграция маселелери менен алектенет. Ушул тапта Жер ортолук деңиз аркылуу агылган мигранттардын тагдыры күн тартибинде өзгөчө курч турат. Ошол эле маалда Чыгыш Европада Азиядан келген мигранттардын толкуну тууралуу унутпаш керек.

Кыргызстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөр үчүн миграция – бул маанилүү маселе. Региондо ошондой эле эмгек мигранттарын кабыл алган Орусия менен Казакстан да орун алган. Мындай жыйын биринчи ирет өткөрүлүп отурат.

Өзүңүздөр билгендей, Европа кеңеши Борбор Азияны камтыбайт. Кеңешке географиялык жактан Европага таандык 47 мамлекет кирет. Бирок Кыргызстанга “Демократия үчүн өнөктөш“ деген макам ыйгарылган. Себеби Борбор Азия регионундагы өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстан гана Батыш демократияларына жакындай алды.

Биз миграция проблемаларын талкуулаган жумушчу жыйын өткөрүү менен катар өлкө 20 жылдын ичинде демократия жолунда жетишкен ири ийгиликтерди кубаттагыбыз келди.

"Азаттык": Ал эми мигранттардын, качкындардын, жер которгон адамдардын проблемаларын чечүүдө, сиздин байкооңузда, Кыргызстанда алга жылуулар бар бекен?

Тьерри Мариани: Миграция боюнча жыйынга жети министр жана чет өлкөлөрдөгү мигранттардын башын бириктирген диаспоралардын өкүлдөрү катышты. Регион үчүн муну сейрек көрүнүш катары сыпаттайт элем. Мисалы, Орусиядагы жарым миллиондой мигранттын же Казакстанда эмгектенгендердин өкүлдөрү кыргызстандыктар ал жерде кандай проблемаларга туш болуп жатышканын айтып беришти. Алар пенсия, социалдык камсыздоо, каза болгондордун сөөктөрүн мекенине жеткирүү маселелерин козгошту.

Мен диаспоралар менен министрлердин ортосундагы тикелей диалогду өзгөчө белгилейт элем. Сын сөздөр да айтылды, бирок мен аны конструктивдүү сын деп атайт элем. Мындай көрүнүш да алкышка арзыйт деп ойлойм.

Чет жактарда жүргөн эмгек мигранттары менен байланыштарды үзбөй, аларды колдоого көп аракет жумшалып жатат. Себеби алар салган акча Кыргызстандын жалпы кирешесинин маанилүү бөлүгүн түзөт.

"Азаттык": Мигранттардын проблемаларын чечүүгө ПАСЕ же сиздердин комитет кандай жардам бере алат?

Тьери Марриани: Парламенттик ассамблеяга Орусия да кирет. Биз ассамблеяда мигранттардын укуктарынын урматталышы үчүн күрөшүп келебиз.

Орусияда иштеген кыргызстандык же, айталы Италияда эмгектенген косоволук, Франциядагы африкалык жаран болобу, бардыгы белгилүү бир укуктарга ээ болуш керек, мамлекеттин алардын алдында бир топ милдеттенмелери бар. Атап айтканда, социалдык коргоо, демократиялык процесстерге катышуу укугун камсыздоо үчүн мигранттар келген өлкөлөр менен иш-аракеттерди координациялап туруу зарыл. Мисалы, Орусиядагы кыргыз диаспорасы шайлоодо добуш берүүгө жакшыраак мүмкүнчүлүк түзүү тууралуу маселени козгоду.

Албетте, Кыргызстанда бул жаатта дагы көп иштер жасалыш керек. Бирок бул жыйын көргөзгөндөй, өкмөт миграция тармагында чындап бар аракетин жумшоодо жана туура жолдо баратат деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG