Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Кожошев: Жок жерден жоопко тартылган мигранттар бар


Чет өлкөдө абакта жаткан кыргызстандыктардын чоо-жайы тууралуу Акыйкатчынын орун басары Муктар Кожошев “Азаттыкка” ой бөлүштү.

- Чет өлкөлөрдө жүздөгөн кыргызстандыктар түрмөгө түшүп жатканы айтылып келет. Сиздерде маалымат барбы, кыргыз жарандары көбүнесе кандай жагдайларда кылмышкер аталып, түрмөгө отуруп калып жатат?

- Тышкы иштер министрлигинин 2011-жылкы маалыматы боюнча, Кыргызстандын 2 миңден ашуун жараны ар кайсы өлкөлөрдө камакта отурат. Булардын ичинен кээ бирлери болор-болбос иштери үчүн жоопко тартылып калган учурлар болот. Мисалы, 2011-жылы 18 жаран жардам бергиле деп кайрылган. Быйылкы жылы төрт жарым айдын ичинде эле 24 жаран кайрылып жатат. Алардын ичинен Ош облусунун Кара-Кулжа районунан бир тургун Кыргызстанда жүргөндө ээнбаштык беренеси боюнча айыпталып, Орусияга качып кеткен экен.

Бул жактагы туугандары доогер тарап менен бир бүтүмгө келишип, эч кандай кылмыш жок деген бүтүм чыккан. Бирок ошого карабастан ички иштер органдары тарабынан издөө салынып калып, Орусияда кармалып, ушул күнгө чейин камакта жатат. Натыйжада кылмышкерлерди алмашуу боюнча эки өлкө ортосундагы келишимдерди Кыргызстандын консулдуктары колдон келишинче колдонушу керек.

- Жыйырмадай адам кайрылды деп айтып кеттиңиз. Алардын канчасына жардам көрсөтүлдү?

- Алардын ичинен үчөөнө жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болду. Өткөндө Токтогул районунун бир тургуну кайрылган. Аны да алып келгенге жардам бердик. Тышкы иштер министрлигинин жер-жерлердеги консулдуктары киришсе, калгандарын чыгарууга мүмкүнчүлүк болот. Бизде камалган боюнча калып жатышат. Анан диаспоралар жакшы иштебей жатат. Жер-жерлердеги диаспоралар иштеп, камалган адамдардын саны боюнча консулдуктарга кайрылышса, аларды убагында жөнөтүү иштери уюштурулмак. Иш тез жүрсө кээ бир беренелер боюнча бошотуп жибергенге чейин болот.

- Кылмыш кылып түрмөгө түшкөндөн кийин аларды куткаруунун гана жолун издебей, маселени алдын алууга болобу?

- Биринчиден, биздин мигранттар арасында түшүндүрүү иштеринин өз деңгээлинде жүргүзүлбөгөнү. Чет өлкөгө жаш балдар, жаш кыздар барып жатышат. Бул жерде болсо аларды ата-энелери, жакындары көзөмөлдөйт эле. Башка жакка барганда алар өзү менен өзү болуп калып жатат. Арасында эптеп эле акча табуу үчүн кылмыш жолуна баргандар да бар.

XS
SM
MD
LG