Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Убукеев: Бөтөн жерде нан табуу оңой эмес


Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Сейит Убукеев миграция маселелери боюнча “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Казакстан келерки жылы 1-январдан тарта чет өлкөлүк мигранттардын иштешине чектөө киргизип жатат. Анын шарттары тууралуу кененирээк айтып бересизби?

Убукеев: Казакстан 1-январдан тарта ишкерлерге жаңы салык төлөм киргизип жатат. Бул норма 2009-жылы эле кабыл алынган жаңы Салык кодексинде көрсөтүлгөн. Казак өкмөтү өз жарандары көнгүчө үч айлык тыныгуу жарыялаган. Мына эмдиги жылдан тарта ал кодекс толук иштей баштайт.

Жаңы өзгөрүүлөр биринчи кезекте өздөрүнүн жарандарына жана бул өлкөдө иштеп жүргөн четтен келген жарандарга тиешелүү. Мурун ишкерлер салык катары кайсы бир сумманы төлөп коюп иштей бергенге укугу бар болчу. Эми Казакстандын базарындагы ар бир соодагер кассалык аппарат алышы керек болот. Муну кайсы бир убакта бизде, Кыргызстанда да киргизүүгө аракет кылышпады беле. Ар бир дүкөндө, ар бир күркөдө, контейнерде аппарат болушу керек.

Мен казак салыкчылары менен сүйлөшкөндө өтө чоң акча бюджетке түшпөй, арам жол аркылуу кетип жаткандыктан ушундай чара киргизип жатканын айтып беришти.

Ошондой эле ар бир ишкер ИПНди, же башкача айтканда жеке ишкер күбөлүгүн алышы керек. Казакстан Кыргызстандын жарандары үчүн бир аз жеңилдик берди. Орусиянын, Беларустун жарандары сыяктуу эле Кыргызстандын жарандарында ушундай күбөлүк болсо, Казакстандын аймагында иштей алат. Ошондуктан биздин жарандар мыйзамдуу түрдө бул жакта иштегенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок бул күбөлүктү алыш үчүн туруктуу жашоого уруксат алышы керек.

Казак салык кызматынын эскертмесинде мунун баары так даана жазылган. Биз азыр жарандарыбызга январга чейин туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн документтерди тапшыргыла деп кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Биздин бир кызматкерибиз кыргыз диаспораларынын лидерлерине жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Тараз, Шымкент шаарларына барганы жатат. Мыйзамдуу иштегенге мындан башка жол жок.

Анткени бул жаңы норма менен кошо өтө катуу жазалар киргизилип жатат. Мисалы, соодагер Казакстандын базарларынын биринде ишкердик күбөлүгү жок иштеп жаткан болсо, анда 2200 доллар айып пул салынат жана товарларынын баары конфискацияланат. Соодагер мындай учурда сызга отуруп калат. Ошондуктан биз эми норманын сакталышы катуу көзөмөлдөнөт, тобокел кылбагыла, мыйзам менен ойнобогула деп түшүндүрүп жатабыз.

Азыр байкашымча, ондогон биздин жарандар консулдук каттоого туруп жатат. Демек алар бул жаңы өзгөрүүлөрдү түшүнүп жатат.

Азаттык”: Консулдук каттоодо канча адам турат?

Убукеев: Алматыдагы Башкы консулдукта каттоодо 10 миңден ашуун адам турат. Бирок маал-маалы менен казак тараптан ушунча адам Казакстандын жарандыгын алды деген маалымат алып турабыз. Анан биз аларды каттоодон чыгарабыз. Ошондуктан бул сан ары-бери өзгөрүп турат.

Казакстандагы кыргыз жарандарынын саны сезонго жараша өзгөрүп турат. Биз караган аймактарда жарандарыбыз тамекиде, дагы башка айыл чарба тармактарда иштешет. Марттан ноябрга чейин иштешет. Анан кайта Кыргызстанга кетип, жазында кайра келишет.

Бирок мигранттардын басымдуу бөлүгү жылдап бул жакта болушат. Алардын 80дей пайызы соода менен алектенет. Казакстандын бардык аймагында иштеп жаткан кыргызстандыктардын саны 40-60 миңге жетет. Алардын көбү Алматы, Казакстан жана Жамбыл облустарында иштейт.

“Азаттык”: Орто эсеп менен жыл сайын канча адам Казастандын жарандыгын алат?

Убукеев: Бир жылда болжол менен 1-1,5 миңдей адам Казакстандын жарандыгын алат. Эгер Кыргызстанда социалдык чыңалуу, туруксуздук пайда болсо дароо жарандык алгандардын саны көбөйө түшөт. Кыргызстанда жашоо жакшы болсо, башка жактан баш калка издебейт эле. Башка жерде деле нан таап жеген оңой эмес.

Бизде үч дипломат иштейт. Кыргызстандын жарандарын укугун коргоого бардык аракеттерибизди көрүп жатабыз. Бирок баарына эле жардам бере албай калабыз. Ошондуктан биз азыр ардактуу консул институттарын жандандырып жатабыз. Мындай консул Тараз шаарында бар. Азыр биз Шымкентте да ачууну караштырып жатабыз.

Негизги маселе - эки өлкөнүн жарандарынын ишкерлиги боюнча макулдашууну ратификациялоо. Биз муну биздин мыйзам чыгаруу органдарына, аткаруу бийлигине жеткирдик. Азыр бул жаатта биз менен тыгыз иштеп жатышат. Мен бул жерден биздин мигранттар үчүн үч кырдуу маселени көрүп жатам. Бул макулдашуу биздин жарандарга Казакстандын аймагында ишкерлик кылууга уруксат берет. Ошол эле учурда казактарга да ушундай мүмкүнчүлүк ачылат. Биздин бир катар депутаттар бул жакка келип кеткен.

“Азаттык”: Учурда казак түрмөлөрүндө канча кыргызстандык жаран кармалып жатат? Негизи кандай кылмыш менен кармалат?

Убукеев: Соңку маалымат боюнча, Кыргызстандын 180дей жараны казак түрмөлөрүндө жатат. Айрымдарына сот өкүмү чыккан, кээ бирлериники тергөө аяктай элек, ошондой эле эки өлкөнүн прокуратуралары экстрадициялоо маселеси боюнча сүйлөшүп жаткандар бар.

Алар соттолгон Кылмыш жаза кодексиндеги беренелер боюнча карай турган болсок көпчүлүгү мыйзамсыз маңзат ташууга байланыштуу отурат. Кыргызстан да, Казакстан да тилекке каршы Ооганстандан оор маңзат ташылган транзиттик өлкө болуп эсептелет. Биздин жарандар кылмыш топтордун курмандыгы болуп калып жатат. Мен ошондуктан түрмөдө өткөргөн күндөр, талкаланган тагдырлар маңзат менен пайда табуу үчүн түккө арзыбайт деп айтып кетет элем.

“Азаттык”: Мигранттар арасында эмгек, сексуалдык кулчулукка кабылган учурлар маал-маал менен жарыяланып турат. Азыркы тенденцияны айтып бересизби? Кулчулуктун курмандыгы болгондор азайып жатабы, же тескерисинче көбөйдүбү?

Убукеев: Эмгек кулчулугу, сексуалдык кулчулук проблемасы дагы деле бар. Бирок бактыга жараша өтө катаң кез өтүп кетти. 2012-жылы бизде ушундай 15 факт катталды. Кайрылуулар мындан да көп болгон. Бирок териштире келгенде бир тобу такталган жок. Бирок күч колдонуп, акчасын бербей жалдап иштетип жүргөн учурлар болот.

Сексуалдык кулчулукка кабылган учурлар да болуп жатат. Мисалы, 2 жумадай мурун Кыргызстандагы Акыйкатчынын аппаратынан Алматыдагы мейманканалардын биринде биздин бойго жете элек кызды кармап жатышканын угуп, аны куткардык.

Ал кызды бул жакка алдап алып келишкен экен. Учурда бул иш боюнча Алматыдагы тартип коргоо органдарынын уюшма кылмыш топтор боюнча бөлүмү иликтеп жатат. Бул Казакстандын ИИМи буга өзгөчө көңүл бөлүп, иликтеп жатат дегенди билдирет. Кыргызстандын тартип коргоо органдары да чогуу кызматташып жатат. Анткени бул жерде Бишкектен башталып, Алматыга жеткен кылмыш схемасы бар экенин байкадык. Биз кылмышкерлер кармалып жаза алышын катуу көзөмөлдөп жатабыз. Аягына чыгарганга аракет кылабыз.

“Азаттык”: Алматыда мейманканаларда 30дай кыргызстандык кыз сойкулук менен алектенет деп айттыңыз эле. Алардын тагдыры эмне болду?

Убукеев: Ооба, мен муну июнь айында парламентте айттым эле. Биз ал кезде
биздин жарандар аралашкан кылмыш жолун бууш үчүн жарандардан, тартип коргоо органдардан маалымат чогултуп, иш алып барып жатканбыз. Мен айткан маалымат коомго тарап кетип, аны мындай кылмыш менен алектенгендер да угуп калып, кесепети тийип калды. Оперативдүү маалыматты алдын ала жарыялап жиберип ката кетирип алдык. Бирок жаман айтпай жакшы жок дегендей, андан кийин казак тартип коргоо органдары ар кандай рейддерди жүргүзө баштады. Анын негизинде биздин айрым жарандар аныкталып, Кыргызстанга кайтарылды.

“Азаттык”: Учурда Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарын албай калды. Муну саясат менен байланыштыргандар да болууда.

Убукеев: Бул маселе баарыбызды тынчсыздандырып турат. Бул чындап эле экономикалык маселе, ошондуктан муну таптакыр саясатташтырбоо керек. Азыркы күндө Казакстандын экономикасы Бажы биримдигинин талаптарына жараша иштеп жатат. Ушундан улам Казакстандын өнөктөштөрүнүн алдында бир топ милдеттери бар. Биздин продукт казактардын талаптарына жооп бербегендиктен ушундай чечимге келишти. Ошондуктан маселени цивилизациялуу жол менен чечип, продукциябызды эл аралык базардын талаптарына ылайыкташтыруу керек. Бул жерде эч кандай саясат жок.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG