25-март күнү Орусиянын Самара облусунда жашаган кыргыздар Ноорузга карата сулуулар сынагын өткөрүштү. Иш-чараны уюштурууну колго алган “Манас-Ата” кыргыз диаспорасы жана “Замандаш” ассоциациясы болду. Кыргызстандан барган куудулдар Тынар Курбаналиев менен Борончу Кудайбергенов сынакты алып барып, алыстагы жердештерибизге күлкү тартуулоого да жетишти. Самара облусунда беш миңге чукул мекендештерибиз жашайт. “Манас-Атанын” лидери Акыл Кудуевдин жеке архивинен алынган сүрөттөр. (Даярдаган Карамат Токтобаева, Азаттык)
Самарадагы сулуулар

1
Кыздар көрүүчүлөргө кыргыз бийин тартуулоодо

2
“Самаранын сулуусу” - Нурбек кызы Надирабегим

3
Куудулдар Борончу менен Тынар сынактын алып баруучулары

4
Экинчи орунду жеңип алган Абдразакова Элнура

5
Майрамдык жарманке

6
Сынакта 3-орунду жеңген Ислам кызы Нурпери 17 жашта

7
Калыстар тобунун мүчөлөрү: Сабыр, Жумакадыр, Курсант, Нурбек, Максат, Болот, Айбек

8
Сынактын катышуучусу Шабданбек кызы Айгерим 18 жашта

9
Сынактын жеңүүчүсүнө 500 долларлык белек, 2-орунга 300 долларлык косметика жана 3-орунду алган сулууга 150 доллар ыйгарылды. Катышуучуларга дагы атайын белектер тапшырылды.

10
Самарада өткөн "Ала Тоо перисин" тандоого сегиз жүзгө жакын көрүүчү келди. Самара облусунда беш миңге чукул кыргызстандыктар жашайт.