Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Карточкаларды какшыткан кибер уурулар


Эки жигиттен турган кибер топ 5 млн. сомдон ашуун акча уурдоого үлгүргөн.
Эки жигиттен турган кибер топ 5 млн. сомдон ашуун акча уурдоого үлгүргөн.

Акыркы жылдары Кыргызстанда жеке компаниялардан тышкары мамлекеттик кызматкерлер, пенсионерлер акчасын электрондук карта менен банкоматтан алып калышты. Бул заманбап жашоо көрсөткүчү, экинчиден акчаны коопсуз колдонуу аракети.

Бирок октябрдын башында дал ошол карточкалардан да акча уурдаган топ Бишкекте кармалды.

22-23 жаштардагы эки жигиттен турган топ 5 млн. сомдон ашуун акча уурдоого үлгүргөн. Аларды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мүлк уурулугуна каршы күрөшүү бөлүмү колго түшүргөн. Бөлүмдүн ага кызматкери Кубанычбек Баймурзаев аталган топтун уурулугун далилдөө үчүн айлап аңдышканын айтты:

- Эки жаран Украинага кетти, атайын техниканы окуп келет экен деген маалымат түштү. Ал маалыматтын үстүнөн үч ай иштедик. Топтун чогулушун күтүп отурдук. Түздөн-түз компьютерди жакшы билген В. аттуу жигитти Орусияга учар алдында кармадык. Ал аркылуу мурда Украинага барып, чогуу окуп-үйрөнүп жүргөн Р. аттуу досун кошо кармадык. Аларды кармаганда жанынан уурулук шаймандары табылды.

Кибер уурулук дүйнөдө, жакынкы эле Орусияда кенен жайылган. Анын түрү көп. Кыргызстандагы уурулар бир жолун тандашкан. Бул үчүн скиммер аттуу аппарат колдонулат. Ал банкоматтагы карточка сала турган жерге бекитилип, карточканын арткы бетиндеги узун кара тилке - магниттик талаадагы маалыматтарды сканерлеп алып турат. Сканерленген маалымат атайын программа жардамы менен окулуп, башка актай карточкаларга атайын картриждер аркылуу көчүрүлүп турган.

Адистер банкоматтан акча алып жатканда сак болууну эскертишет
Адистер банкоматтан акча алып жатканда сак болууну эскертишет

Эми аны банкоматка салып акча алыш үчүн сыр сөздү (пароль) билүү керек эле. Сыр сөз болсо жашыруун камеранын жардамы менен алынган. Кармалган кибер уурулардын жанынан ушул буюмдар чыккан. Баймурзаев оперативдик маалыматка таянып, кибер уурулардын башка өлкөлөрдө шериктери барына токтолду:

- Алардын башы Украинада. Ал жактагы Лена аттуу кыздан баарын үйрөнүшкөн экен. Кыргызстанда эмне операция кылып, банкоматтагы карточкалардан кандай маалыматтарды алса, анын баарын Украинага жөнөтүшчү. Ал кыз барган маалыматтарды чечмелеп, кайра буларга салган. Булар ал маалыматтарды, тагыраагы акчаны жаңы, актай карточкага картриждер аркылуу которушкан. Анан жашыруун камера менен алган сыр сөздү терип эле банкоматтардан акча уурдашкан. Лена деген кыз маалыматтарды чечмелеп бергени үчүн кирешенин жарымын алып турган экен.

Кибер уурулук Кыргызстанда 2011-жылы байкалган. Бирок милиция алар чет өлкөдөн келип кеткен уурулар болгондуктан кармоо кыйын болгонун айтууда. Ал эми жергиликтүү топтун биринчи ирет кармалышы.

Кибер топ биринчи ирет кармалганы менен, технология өнүккөн доордо башкалары деле чыгышы кеп эмес. Демек аларга каршы туруу үчүн коопсуздук эрежелерине көңүл буруу зарыл. Уурулар аппараттарын кардар байкабай тургандай чапташат, бирок жакшылап баам салса билип калууга болот дешет алар.

Кыргызстандагы ири банктардын бири “Демир банктын” карта операциялары жана тейлөө бөлүмүнүн башчысы Эмил Ахматовдун кеңеши мындай:

- Алгач банкоматка келгенде эле баарына көз жүгүртүп коюу керек. Өзгөчө карточка салына турган жерге көңүл буруу зарыл. Ал жерде кандайдыр бир ашыкча бир нерсе болсо шектенүү керек. Карточка сала турган жерде жашыл жарык күйүп-өчүп турганын эске алуу абзел. Же айрым деталдарды кармалап, тартып да көрүү керек. Анткени, уурулар атайын клей менен жабыштыргандыктан тартканда эле чыгып кетет. Ал эми пин-кодду бир кол менен терип жатканда экинчи кол менен жаап алуу абзел. Бул жашыруун камерадан сактайт. Ал клавиатура үстүнө атайын башка клавиатура жабыштырышы да мүмкүн. Демек ашыкча баскычтар бар-жогун сыйпалап, текшерүү керек.

Электрондук уурулар колдонгон шаймандар
Электрондук уурулар колдонгон шаймандар

Болбосо телефонуңузга банкоматтан акча алынганы тууралуу СМС маалымат келсе, өзүңүз акча албаган болсоңуз, дароо банкка байланышып, эскертиңиз. Ушундай жөнөкөй коргонуу эрежелери бир нече миңдеген акчаңызды коргоого жол ачышы ыктымал.

Ошол эле учурда банк көрө турган да чаралар аз эмес. Алардын бири -карточкадагы магниттик тилкени андан алда канча коопсуз делген чипке алмаштыруу. Программачы Александр Кобзев кыргызстандык банктар мына ушул маселени чечпесе, карапайым кардарлар дүйнөнү каптаган кибер уурулардын олжосу болуп калышы ажеп эместигин эскертет:

- Кандайдыр бир операция жүргүзгөндө карточкадагы магниттик тилке дайыма бир кодду пайдаланат. Бул анын скиммер аппаратынын алдындагы алсыздыгы. Чип болсо ар бир операция сайын кодду алмаштырып турат. Магниттик тилкеден чипке өтүү кыйын. Биринчиден, Кыргызстандагы төлөм терминалдары магнитти гана окуй алат. Экинчиден, чипке өтүү кыргызстандык банктарга оорчулук жаратат. Анткени ал чоң акча. Бирок бул маселени чечип, кошумча коопсуздукту камсыздабаса кибер уурулар Кыргызстанга тез эле бастырып келиши ыктымал. Алар бул жактан карталардын маалыматтарын алып кетип, айталы, Казакстан же башка коңшу өлкөлөргө чыгып, ал жактагы банкоматтардан ээн-эркин акчаны чечип алышы мүмкүн.

Кибер уурулуктун бир нече түрү бар дебедикпи. Анын бири - кафе-ресторанда же башка тейлөөчү жайда карточка менен эсеп жүргүзүүдөгү уурулук. Андагы кызматкерлердин биринин балким ниети бузук болушу ажеп эмес.

Карточка менен төлөм жүргүзүүдө абайлаңыз

Кеңешбек аттуу жаран эл аралык компаниялардын биринде иштеп, он беш жылдан ашуун убакыттан бери электрондук карточка колдонот. Өткөн жылы карточкасынан 54 миң сом акчасын жоготкон. Текшере келгенде анын картасындагы акчасы компьютердик оюндар үчүн төлөнгөнү аныкталган:

Банкоматтан акчаны уурдатпоо үчүн банк карточкаларына чиптерди коюу зарылдыгын адистер айтып келишет.
Банкоматтан акчаны уурдатпоо үчүн банк карточкаларына чиптерди коюу зарылдыгын адистер айтып келишет.

- Кредиттик картам менен чет өлкөлөргө чыкканда иштетип жүргөм. Анан бир күнү бир таанышымды ооз ачарга чакырып, кафеге барып, төлөгөнгө келгенде эле акча жок болуп чыкты. Ошонун эртеси эле банкка арыз жаздым. Меникин колдонуп, бирөө үч ирет интернет оюндарына акча төлөптүр.

Кеңешбек мырза чет өлкөлөргө көп чыгат. Ошондуктан карточкасындагы маалыматты кайдан уурдатканын билбейт. Болгону кафеге киргенде же банкоматка салганда алдырып коюшум мүмкүн деп шектенет. Анын маселесин Кыргызстандагы жергиликтүү банк ары же бери чече элек. Жабырлануучу ошондон бери накталай төлөм жүргүзүүгө өтүптүр.

- Чоң атанын ыкмасына өттүм да. Карточкага акча түштү дегенде баарын чечип алып, үйгө сактамайга. Төлөгөндө да накталай акча берем эми.

Бирок заманбап жашоодон артта калбай, маселени сактануу чаралары менен чечүү зарылдыгын адистер эскертүүдө.

- Төлөп жатканда карточканы эч качан колго берип, ары алып кетүүсүнө жол бербөө керек. Төлөм кабыл алган аппаратты алып кел деп же көз алдыңызда өткөрүүнү талап кылыңыз. Электрондук акчаны уурдаган аппараттар кичинекей эле болот. Байкатпай маалыматтарыңызды уурдап коет, – дейт Эмил Ахматов.

Карточкадан скиммер аркылуу акча уурдалганда жоголгон акчаны банк төлөп бериши шарт.

Ал эми кардар айыптуу болуп калчу кибер уурулуктун түрү да бар. Андайда, уурулар банктан чалып атабыз деп түрдүү шылтоо менен кредиттик картанын номерин, ал тургай сыр сөзүн да алганга аракет кылышат. Эгер ал маалыматтарды берип, натыйжада уурулук катталса, ууруга кардар өз макулдугу менен акча берген болуп эсептелип, каражаты кайтарылбайт. Мындай жагдайда сөзсүз банкка кайрылып, кеңеш суроо зарыл.

XS
SM
MD
LG