Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Улуттук наркты коргогон акция өттү


Улуттук наркты колдогон акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Улуттук баалуулуктарды, адеп-ахлакты жана маданиятты сактоого чакырган жарандык активисттер 9-декабрда Бишкекте "Белгилүү маршрут" деген аталышта акция уюштурушту.

Бооруна "Улут укуктан бийик турат", "Эрден чыксаң да элден чыкпа", "Чечинбе, уят" деген ураандар жазылган автобустагы элечекчен айымдар менен айрым аксакалдар тобунун жүрүшү Бишкектеги улуттук драма театрдан башталды. Айрым көрүнүктүү ишмерлер Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы улуттук музейдеги чырга себеп болгон акыркы көргөзмөнү айыпташты.

Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков улуттук баалуулуктар менен үрп-адатка сый-урмат болушу керектигин айтты:

- Дүйнөдө ар кандай көз караштагы адамдар бар. Бирок ар бир элдин улуттук баалуулугун сыйлаш керек. Жылаңачтанууну "дүйнөлүк маданият" деген адамдар да кыргыз элинин улуттук маданиятына жана үрп-адатына сый мамиле жасашы керек. Биз да алардын жакшы жактарын алып, сыйлашыбыз керек. Ошондуктан биз баалап, аздектеген улутутк маданиятыбызды башка элдер да сыйлаганга көнүшү керек.

Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

Улуттук музейдеги аялдарга карата зомбулукка каршы уюштурулган көргөзмөдөгү айрым эпизоддорду улуттук үрп-адатка сыйбаган ашкере көрүнүш катары сыпаттагандар болду. Журналист Канышай Мамыркулова муну идеологиялык диверсия катары баалады:

- Даниялык аял дардайып келип, идеологиялык "бомбасын" жардырып кетти. Биз болсо "чуу" түшүп отуруп калдык. Көркөм өнөр музейиндеги көргөзмө "өз максатына жетти" деп кубануу туура эмес. Биздин Кыргызстан ар бир жарандын, ар бир адамдын укугун сыйлаган өлкө. Бирок аялдардын аялуу жеринин сүрөтүн илип алып, аны "бийик искусство" түшүнүгү катары кароо маданиятка жатпайт.

Акциянын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева музейдеги соңку көрүнүштү адепсиздикти жайылтуучу фактор деп атады:

- Коомго жат көрүнүштү элге таңуулап, "менин денем, өзүм билем" деген нерсе башталып, аны кеңири жайылтып жатышат. Коомдо адеп-ахлак жогору турушу кажет. Биз биринчи кезекте үй-бүлө институтун жогору коюп, улут катары сакталып калышыбыз абзел. Себеби биз ансыз деле аз улутпуз.

Көз караштардын кагылышы

Акцияга маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкулов да катышып, сөз сүйлөдү. Министр музейден чыккан чатак коомдун түрдүү катмарындагы адамдардын көз караштарынын кагылышуусуна алып келгенин белгилеп, ааламдашуунун шартында улуттук маданиятты сактоо менен дүйнөлүк маданиятка жуурулушуу маселеси бар экенин айтты:

Азамат Жаманкулов
Азамат Жаманкулов

- Биз кыргыз болгон соң кыргыз маданияты үчүн күйүп-бышып, аны сакташыбыз зарыл. Бирок ошол эле кезде "дүйнөлүк маданиятка ачылуу керекпи же жокпу" деген суроо туулуп жатат. Мында улуттук маданиятты эле коргоп туруп алсак, анда "дүйнөлүк маданияттан четте калабыз, караңгы эл болуп калабыз" деген да көз караштар бар. Бирок ал андай эмес. Биз улуттук маданиятты коргоо менен бирге эле дүйнөлүк маданиятка да аралашсак болот.

"Белгилүү маршрут" деген аталыштагы акциянын алкагында жүргүзүлгөн автожүрүш учурунда автобустун бооруна тагылган "Улут укуктан бийик турат" деген ураан айрым укук коргоочулардын көзүнө урунду.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул жерде "улут" жана "укук" деген түшүнүктөрдү бири-бирине каршы коюп, коомдук аң-сезимге таасир этүү аракети бар деп эсептейт:

- Улутту укукка, укукту улутка каршы койгондун өзү туура эмес. Укук деген ар бир адам төрөлгөндө кошо берилет. Адамдардын бардыгынын укугу ошондуктан бирдей, тең болушу керек дейбиз. Бул - фундаменталдык укук. Ал эми улуттук кызыкчылык, анын каада-салты болот. Булар бири-бири менен эриш-аркак болгон түшүнүктөр. Укук ошол улуттук деңгээлде корголушу кажет. Ар бир адам "укук" деген эмне экенин өзүнүн жеке укугу бузулганда гана түшүнөт.

Ал эми "Бай элим" компаниясынын башкы директору Рысгүл Акимжанова социалдык тармактарда акциядагы "Укуктан улут жогору" деген ураанды айыптаган билдирүү жазды. Ал мындай чакырыктын түпкүлүгү укуктун, мыйзамдуулуктун маанисин кетирип, коомдогу карама-каршылыкты жарата турган көрүнүш катары кабыл алды.

- Жок, эч качан адамдын укугунан эч нерсе жогору эмес. Бирок мен бул жерде башка нерсени көрүп жатам. Улутту азыр улук коюп жатышат. Эртең динди жогору коюп, баарынан улук деп айтышат. Анан эркек-аял, ал-бул деп кете беришет. Бөлүнгөндүн башаты мына ошол улут. Булар от менен ойноп жатышат. Бизде улут аралык чатактар болгон. Алар атайылап кеңири ойлонгусу келбей жатабы, же атайын эле чыракка май тамызып жатышабы, билбейм.

Баалуулугу башкача муун

Ошол эле кезде акциянын айрым катышуучулары коомдун моралдык негиздерине жана улуттук баалуулуктарга урулган сокку адеп-ахлактын төмөндөшүнө алып келип жатканын айтышты.

Алып баруучу Гүлшан Молдоева канчалык үгүт-насаат айтылганы менен жаш муундун учурдагы баалуулугу такыр башкача болуп баратканын айтты:

- Жаштар мындай агымдарга тез кошулуп, анын бардыгын аябай жеңил кабыл алышат экен. Биздин түшүнүк менен алардын дүйнө таанымын, көз караштарын салыштырып болбойт. Биздин ата-энелердин таалим-тарбиясы такыр башка болчу. Биз аларды укчубуз. Мына ошолордун гана таалим-тарбиясы менен чоңойгонбуз. Азыркы жаштар андай таалим-тарбияны четке кагып, ар кандай маалыматтарды интернеттен алып, ага таасирленип, көз караштары такыр башкача калыптанып баратат.

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде өткөн көргөзмө коомдо катуу талкууланган. Анда аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүрөттөр жана экспонаттар коюлган. Алардын бири - денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түшкөн. Анын айынан музейдин директору Мира Жангарачева өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG