Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Москва: кыргыздар Турганбаевге даттанышты


Орусиянын ири шаарларында кыргызстандык ишкерлерге салык салып, акчасын тоноп турган кылмыш топтору бар экенин ИИМ буга чейин да айтып келген.
Орусиянын ири шаарларында кыргызстандык ишкерлерге салык салып, акчасын тоноп турган кылмыш топтору бар экенин ИИМ буга чейин да айтып келген.

Москвада атайын жыйынга чогулган кыргыз диаспораларынын башчылары ички иштер министри Мелис Турганбаевден Орусиядагы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөштү күчөтүүнү өтүнүштү.

Москвага барган ички иштер министри Мелис Турганбаев буга чейин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында иштеп келген подполковник Аскат Алиевди ИИМдин Орусиядагы өкүлү кылып дайындады.

Орусиядагы элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, министр менен жолугушкан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Алиев Орусияда ишмердигин жүргүзүп жаткан кыргызстандык кылмыш топтору менен жигердүү күрөшөт деген үмүтүн билдиришкен:

- Жолугушууда уюшкан кылмыштуулук боюнча көбүрөөк сөз болду. Диаспора өкүлдөрү Кыргызстанда кылмышкерлер менен күрөш башталганда эле алар Орусияга келишип, бул жактагы ишкерлерди кыйнап жатышканын айтышты. ИИМдин жаңы өкүлүнө колубуздан келишинче жардам көрсөтөбүз дешти. Турганбаев Орусиядагы кырдаалдан кабардар экенин билдирип, ошон үчүн ИИМдин бирден бир күчтүү кадрын Орусияга дайындаганын айтты.

Мелис Турганбаев
Мелис Турганбаев

Эки жылга жакын ИИМдин Москвадагы өкүлү катары Ибрагим Асанов иштеп келген эле. Бирок расмий өкүлчүлүк тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда келишим ушул кезге чейин жок. Министр Турганбаев орус кесиптеши Владимир Колокольцев менен 11-ноябрга белгиленген жолугушууда ушул маселени көтөрөрүн диаспора өкүлдөрүнө убада кылды.

Кыргызды кыргыз тоноп...

Орусиянын ири шаарларында кыргызстандык ишкерлерге салык салып, акчасын тоноп турган кылмыш топтору бар экенин ИИМ буга чейин да айтып келген. Бир ирет министрликтин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиевдин жетеги астында Орусиядагы кыргыздардан коркутуу жолу менен салык чогултуп жүргөн 13 адам кармалып, Кыргызстанга алып келинген эле. Рафик Мамбеталиев:

- Орусиядагы кыргыздарды уурдап чыгып, тоноп жүргөн 13 кыргызстандыкты кармаганбыз. Алар кыргыздарды коркутуп-үркүтүп, акчасын тартып алып жүрүшкөн. Кыргыздарды кыргыздар тоногон фактыларды ачканбыз.

Москвадагы кыргыздар
Москвадагы кыргыздар

Буга чейин Орусияда кайсы бир топтор кыргыз ишкерлерине барып, “Батукаевден салам” деп айтуу менен айына 300 миң рубль салык төлөшүн талап кылышууда деген маалымат тарап, бирок алар болгону Батукаевдин атын жамынган кылмыш топтору экени айтылган.

“Замандаш” бирикмесинин Орусия боюнча координатору Азамат Рахманов Орусияда эмгектенген ишкерлерден каражат өндүрүүнү көздөгөн кыргызстандык кылмыш топтору бар экенин, бирок алардын көбү күч органдарына маалымат берүүдөн коркушаарын айтат:

- Акча сурап, бир аз чабалдарын коркутуп акча алгандар бар деп угуп эле жүрөбүз. Бул жактан күч органдары барганда баарыбыз жардам берели, кылмышкерлерди ачыктайлы, кимдер салык алышат десек эч ким маалымат беришпейт. Балким коркушат, балким башка себеби бар.

Бакиев бийлиги учурунда кеңири тамыр жайган кылмыш топтору ишкерлерден, жада калса кафе-ресторан, мейманканалардан бери салык чогултканы сынга алынып келген. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин бийликке келген башкаруучу партиялар кылмыш топтору менен күрөшкө өзгөчө маани беришерин убада кылышкан эле. Бирок камакка алынган ири кылмышкерлер көп өтпөй түрмөдөн акталып чыгышы бийликтерге элдин ишенимин жоготкондой болду окшойт.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG