Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Нарында сапатсыз курулган мечит көп


Нарындагы мечит.
Нарындагы мечит.

Нарын облусундагы казыяттын билдиришинче, Теңир-Тоо аймагында 118 мечит болсо, анын дээрлик жарымынан көбү каттоодон өткөн эмес. Себеби, курулушу талапка жооп бербейт, айрымдары уруксат берилбеген жерге курулган.

Нарын шаарындагы чоң мечиттерди бири болуп саналган “Билал бин Рабах” мечити сегиз жыл мурда араб өлкөсүнөн келген демөөрчүлөр тарабынан курулган. Мечит ошондон бери каттоосуз эле ишмердигин улантып келет. Катталбай калган себеби - курулуп жаткан мезгилде тийиштүү органдардын көзөмөлүнөн өткөн эмес, демөөрчүлөр салып бергенден кийин эле кетип калышкан.

Аталган мечиттин имамы Майрамбек Султаналиев бүгүнкү күнгө чейин мечитти расмий каттоодон өткөрө албай убара:

- Биз каттоодон өтө элекпиз, азыр аракет кылып жатабыз, документтерибиз толук эмес. Долбоору бар, калганы жок болуп жатат. Анын үстүнө май куюучу жайга чукул болуп калыптыр ошон үчүн дагы кармалууда. Негизи ошол кездеги салынган мечиттердин көбүнүн документи туура эмес.

Эгемендик алган жылдардан бери айылдарда мечиттер жаандан кийинки козу карындай жайнаган. Нарындагы мечит, намазканалардын көпчүлүгүн араб өлкөлөрүнөн келген демөөрчүлөр куруп беришкен. Бирок мечит курууну ниет кылгандардын бири дагы өкмөттүк мекемеге кайрылган эмес. Ошол кезде өкмөт тарабынан эмнеге көзөмөл болбой калганын Нарын облусундагы Экология жана техникалык инспекция башкармалыгынын башчысы Жаныбек Турдукеев мындайча түшүндүрдү:

- Салынып жаткан учурда мамлекет тараптан көзөмөл болушу керек эле. Биздин башкармалык 2012-жылдан бери иштеп жатат. Буга чейин башка орган көзөмөл кылчу эле да. Бирок ошол кезде көзөмөл болбой калып, мечиттер чак-чалакей салынып калган. Көпчүлүгүнүн долбоору, уруксат документи жок.

Айтор, бул курулушту көзөмөлдөөчү орган акыркы жылдардагы реформа менен улам жоюлуп, кайра түзүлүп же башка башкармалыкка кошулуп отуруп, ошол кездеги курулган мечиттерге көзөмөл болбой калган. Эми минтип ара жолдо калган мечиттер толтура, себеби, каттоого алалы деген күндө деле көпчүлүгүнүн курулушу талапка жооп бербейт. Ар ким каалагандай салып, айрым айылда жөн гана топурак менен тургузулгандары да бар. Турдукеев бул көйгөй өкмөттүн деңгээлинде гана чечилет деди:

- Эми бул көп жумуш, экспертиза барып анан анализин кылыш керек. Көптөгөн органга кайрылып, документ топтоо керек. Анын баары акча. Муну бул жактагы казыят менен биргеликте өкмөттүн деңгээлинде гана чечүү зарыл.

Нарында азыр мечиттердин каттоодон өткөнү, өтпөгөнү деле ишин жүгүзүп келет. Дин иштери боюнча долбоор менен иштеп жаткан “Нур жол бер” коомдук уюмунун жетекчиси Сүйүн Жумалиева кулап калуу коркунучунда турган мечиттер жабылбаганын билдирди:

- Коркунуч бар, Ийри-Суудагы мечитин үстү түшүп жатат деп да укканбыз. Милиция да барып, тактап келген. Эми анын артынан түшүп, көзөмөл кылган эч ким жок. Анан бир нерсе болсо ким жоопкерчиликти алат? Архитектура биз көргөн эмеспиз деп кутулат. Бул абал ошол мечит салынып жатканда молдолордун сабатсыз болгонунан кабар берет.

Нарын облустук казыятынан болсо жакында бардык мечиттерди мыйзамдаштырабыз, тиешелүү документтерди толуктап жатабыз деп билдиришти. Азыркы учурда деле ар кайсы айылдан чыккан акчалуу жигиттердин өз жеринде мечит салып берүү адаты кала элек. Мындан 10-15 жылдай мурда арабдар салып берген мечиттердин көбү азыр кайрадан оңдоп-түзөөгө муктаж. Ошол эле маалда облуста бир дагы жаңы бала бакчанын пайдубалы түптөлө элек.

Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында түшкү намаздан кийин Жалал-Абаддын Сузак районундагы “Имам Аззам” мечитинин экинчи кабаты урап түшүп, 59 адам жабыр тарткан. Алардын бешөө райондук, экөө облустук ооруканага жеткирилген. Райондогу тиешелүү органдар кырсыкка мечиттин өзүмбилемдик менен салынышы себеп болгонун айтышкан. Ошондон бери республикадагы мечиттердин архитектуралык абалы коомчулук көңүлүн бурууда.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG